"75чилердин каты" боюнча сотто жарыш сөз башталат

Бишкек шаардык сотунда УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамдын иши боюнча жарыш сөз башталат. Бул тууралуу адвокат Акынбек Ногоев 7-сентябрда журналисттерге билдирди.
"Бүгүн түшкө чейин кылмыш ишинин материалдарын изилдедик. Андан кийин жактоо тараптан өтүнүчтөр келтирилди. Биринчиден, кошумча күбөлөргө карата соттук-психологиялык экспертизаны кайра өткөрүү боюнча өтүнүч келтирилди. Аны судья канааттандыруусуз калтырды. Андан сырткары, соттук-лингвистикалык экспертизаны кайрадан өткөрүү боюнча өтүнүч келтирдик. Ал боюнча да сот канаттандырган жок. Түштөн кийин жарыш сөз башталат", - деди адвокат Акынбек Ногоев.
7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "75чилердин катына" байланышкан кезектеги сот отуруму өтүп жатат.
Сот эрежелерине ылайык, жарыш сөздөн кийин айыпталуучуларга акыркы сөз берилет. Андан соң сот өкүм чыгарууга өтүшү керек.
Бишкек шаардык соту коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча апелляциялык арызды 10-августта карап баштаган. Сот жараяны жабык өтүп жатат.
Быйыл 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бул иш боюнча өкүм чыккан.
Ага ылайык, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылды. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырган. Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан.
Соттолгон сегиз адамдын баары тең райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Ошондой эле өкүмгө байланыштуу Башкы прокуратура да шаардык сотко апелляциялык арыз берген.
Быйыл 9-февралда мурдагы преьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.
Ошондон кийин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кызматтан алынган.
Кийин кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Айыпталуучулар коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.
Бул иш өлкөдөгү соңку айлардагы эң талкууланган сот процесстеринин бири болуп калды.






























