Зеленский жана Трамптын өкүлдөрү Киевдеги жолугушууда тынчтык боюнча "жаңы идеялар" бар экенин билдиришти

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Жаред Кушнер жана Стивен Уиткофф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуудан кийинки маалымат жыйында алар согушту токтотуунун жолдору боюнча кандайдыр бир "жаңы идеяларды" алып келгенин билдиришти. Бирок ал идеялар так эмне экенин ачыкташкан жок.
Кушнер менен Уиткоффтун Киевге сапары согуш башталгандан бери алгачкы жолу болду. Ага чейин Уиткофф Орусиянын президенти Владимир Путин менен сегиз жолу жолуккан. Алардын үчөөнө АКШ президентинин күйөө баласы Кушнер да катышкан.
Быйыл жайында АКШ Вашингтондун Украинада тынчтык орнотуу боюнча буга чейинки сунуштары, анын ичинде Путин менен Трамптын Анкориждеги жолугушуусунда айтылган идеялар ишке ашпай калганын билдирген. Эми жаңы сунуштар керек экени айтылган.
Азыркы сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары мындай идеялар чындап эле пайда болгонун айтышууда, бирок алардын мазмунун ачыкташкан жок.
"Бир нече жаңы идея болду, биз аларды талкууладык. Азырынча аларды терең талдап, майда-чүйдөсүнө чейин түшүнүп, кандай кадамдар жасалышы мүмкүн экенин жана бул бизди тынчтыкка жакындатабы-жокпу аныктоого мүмкүнчүлүк бериңиздер. Андан кийин коомчулук менен сүйлөшөбүз", - деди Зеленский Киевде өткөн маалымат жыйынында.
Уиткофф тараптар үч тараптуу форматтагы жаңы жолугушууга даярданып жатканын билдирди. Ага Украина, АКШ жана Орусиянын делегациялары катышат. Акыркы бир жыл ичинде мындай форматта бир нече саммит өткөн. Бирок АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталгандан кийин февралда бул сүйлөшүүлөр токтотулган.
"Менин оюмча, Москвада биз олуттуу жылышка жетиштик. Биз жаңы идеяларды уктук", - деди Уиткофф. - "Президент Зеленский үч тараптуу жолугушуу тууралуу айтканын уктук. Ал жолугушуу жакын арада жарыяланат деп үмүттөнөбүз. Москвада талкуулаган жана бул жакка, Киевге алып келген көптөгөн ар кандай ынанымдуу идеялар болду".
"Эки тарап тең компромисске барышы керек. Алардын ортосундагы пикир келишпестиктер азайышы зарыл. Бизде тараптарды ушул чекке жеткирүүгө мүмкүндүк бере турган негизги элементтер бар деп ойлойбуз", - деп кошумчалады Трамптын атайын өкүлү.
Кеп кайсы идеялар жөнүндө болуп жатат?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тараптардын буга чейинки билдирүүлөрүнө караганда, согуш аракеттерин токтотуудагы негизги тоскоолдук - Донбасска көзөмөл жүргүзүү маселеси болууда. Орусия Донецк жана Луганск облустарынын бардык аймагынан украин аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылууда. Луганск облусун Орусиянын армиясы дээрлик толугу менен басып алган. Киев болсо бул талапка макул эмес.
Путиндин Уиткофф жана Кушнер менен кезектеги жолугушуусунан кийин Орусия президентинин кеңешчиси Юрий Ушаков "Орусия Украинада алдына койгон максаттарына жетүүгө ниеттенгенин" билдирген. Анын айтымында, жөнгө салуу үчүн "жаңжалдын түпкү себептерин" жоюу зарыл.
Москва өкүлдөрү "түпкү себептер" дегенде адатта бир катар саясий талаптарды түшүнүшөт. Алардын арасында орус тилинин жана Орус православ чиркөөсүнүн макамы, ошондой эле Киевдин НАТОго кирүүгө умтулуусу бар.
Маалымат жыйынында Зеленскийден америкалыктардын жаңы сунуштарында Донбасс маселеси бар-жогу суралды.
"Донбасс маселеси - бул бир гана Донбасс маселеси эмес. Менимче, бул биздин ортобуздагы согуштун маселеси. Жашап калуу жана чарчатып-алсыратуу согушу. Ал эми бул аймактык маселе - Орусия тараптын максаты", - деп жооп берди Украинанын президенти.
Зеленский акыркы бир жылда Украинанын Куралдуу күчтөрү согуш талаасында өз позицияларын бекемдей алганын, мунун аркасында Киев тынчтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө аларын кошумчалады.
"Дипломатияга мүмкүнчүлүк берип жаткан жигиттерибиз азамат. Согуш талаасында Украинанын позициясы күчтүү болбосо, ультиматумдар гана болмок. Ал эми бүгүн дипломатияга мүмкүнчүлүк бар", - деди ал.
Ошол эле учурда британдык Financial Times сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнөн кабардар болгон адамдарга таянып, америкалыктар "февралда сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелгенден кийин өзгөргөн жагдайларды эске алуу менен кайра каралган буга чейинки документтердин жаңыртылган версияларын алып келгенин" жазды.
Басылманын маалыматына караганда, "эки өкүл көп деле жаңы идея алып келишкен эмес, болгону буга чейинки сунуштарды жандандырып, Киев менен Москванын ортосундагы пикир келишпестиктерди азайтууга аракет кылышкан".
Басылма негизги маселе дагы эле "Украинанын көзөмөлүндө калган Донбасс аймагы" экенин белгилейт.
Мындан тышкары, Financial Times гезитинин кабарчылары сүйлөшүүлөргө жакын булактарга таянып билдиргендей, тараптар согуш кышка чейин бүтпөйт деген пикирде. Ошол эле учурда Зеленский жана анын командасы жакынкы айларда кандайдыр бир жылыш болот деп үмүттөнүүдө. Сүйлөшүүлөрдө Орусиянын Украинанын инфраструктурасына жасаган соккуларына туруштук бериш үчүн кантип жардам берүү маселеси да талкууланган.
Америкалык Axios басылмасы да ушул тема боюнча өз булактарына таянып, Уиткофф менен Кушнер жолугушууда согушту кышка чейин токтотуу боюнча жылышка жетишүүнү каалашканын билдиргенин жазды.
Азырынча жалгыз натыйжа - соккулардын аз да болсо токтогону
Уиткофф менен Кушнердин Киевге сапары алдында Орусия Украинанын борборуна үч күн бою сокку урбай турганын убада кылган. Украина да АКШ президентинин өкүлдөрү Москвада болгон учурда Москвага сокку урбоого милдеттенген.
Акыркы жумаларда Орусия Киевге жасаган соккуларынын санын кескин көбөйттү. Анын ичинде баллистикалык ракеталар жана реактивдүү кыймылдаткычтар менен жабдылган "Шахед тибиндеги жаңы дрондор колдонулууда. Мындай чабуулдар көп учурда күнү бою токтобой, бир нече күн катары менен уланып келет.
Маалымат жыйынында Зеленский Уиткофф менен Кушнердин сапары Украинанын абадан коргонуу системасына жардам бергенин тамаша иретинде айтты.
"Бүгүн биз борбордо жашаган жарандарыбыз үчүн Patriot системаларынан да жакшы иштедик", - деди Украинанын президенти. - "Рахмат, тез-тез келип тургула. Ошондо элибиздин бир аз тынч жашашына мүмкүнчүлүк болот".
Ал ошондой эле АКШ өкүлдөрү менен жолугушууда америкалык Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ракеталардын жетишсиздиги маселесин талкуулаганын билдирди. Бул баллистикалык ракеталарды натыйжалуу атып түшүрө алган жалгыз системалар болуп саналат.
Украина ракетага каршы каражаттардын катуу жетишсиздигин билдирип келет. Бул өлкөнүн шаарларын Орусиянын соккуларына кыйла алсыз кылууда.
Зеленскийдин айтымында, жакынкы убакта Украина баллистикалык куралдарга каршы күрөшүү үчүн өзүнүн системасын түзөт. Ошондой эле Киев америкалык Patriot ракеталарын сатып алууга үмүттөнүүдө.





























