Орусиянын реактивдүү дрону Днепрдеги темир жол бекетине жана электричкага сокку урду: 13 адам каза болуп, 10дон ашууну жаракат алды

Сүрөттүн булагы, State Emergency Service of Ukraine
Бейшемби күнү эртең менен Днепр шаарындагы темир жол бекетине жана электричкага Орусиянын учкучу жок учуучу аппаратынын сокку уруусунан 13 адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.
"Днепр шаарына душмандын сокку уруусунан 13 адам жаракат алды. Алардын төртөөнүн абалы оор. Алардын арасында 11 жаштагы бала, 40 жана 53 жаштагы эркектер, ошондой эле 26 жаштагы аял бар. Калган жаракат алгандардын абалы орточо оор деп бааланууда. Баары ооруканада. Дарыгерлер аларга керектүү жардам көрсөтүп жатышат", — деп жазды Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа Telegram баракчасына.
Буга чейин "Укрзалізниця" темир жол компаниясы социалдык тармактардагы баракчаларында реактивдүү учкучсуз аппараттын соккусу ошол учурда № 866 Днепр — Запорожье поезди турган перронго тийгенин билдирген.
"Кооптуулук жогору экени эскертилгенине карабастан, перрондо адамдар болгон", — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
"Укрзалізницянын" өкүлү Александр Шевченконун айтымында, сокку адамдарды эвакуациялоо жарыялангандан 13 мүнөт өткөндөн кийин урулган.
"Дайыма коркунучта жашоого көнүп калган фронтко жакын шаарларда да эвакуация тууралуу эскертүүгө кулак салуу маанилүү", — деп жазды ал.
Украинанын Улуттук полициясынын маалыматына караганда, учкучсуз аппарат темир жол бекетине болжол менен саат 11:00дө сокку урган.
"29-октябрда саат 11:00 чамасында душман транспорттук инфраструктура объектисинин аймагына сокку уруучу учкучсуз аппарат жөнөтүп, перрондо турган электричкага тийген. Кырсык болгон жерге полиция кызматкерлери, дарыгерлер жана куткаруучулар жөнөп кетишти", — деп билдирди полиция.

Сүрөттүн булагы, State Emergency Service of Ukraine

Сүрөттүн булагы, State Emergency Service of Ukraine
"Днепрдеги темир жол бекетине Орусиянын үрөй учурган соккусу болду. Орусиялыктар дрон менен катардагы шаар четиндеги электричка жана жүргүнчүлөрдү ташыган поезд турган перронго чабуул коюшту", — деп билдирди Украинанын президенти Владимир Зеленский. Ал каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Анын айтымында, Орусияга каршы эл аралык санкцияларды күчөтүү зарыл.
"Орусиянын айрым олигархтарына жана энергетика тармагына коюлган санкциялар алынгандан кийин, чыңалууну басаңдатуунун ордуна, Орусия элибизге каршы канча террордук сокку урду? Ошондуктан Украина Орусиянын чыңалууну күчөтүшүнө жооп катары АКШ менен Европаны адилеттүү жана чечкиндүү чараларды көрүүгө дайыма чакырып келет. Орусияга жана анын аскердик машинасына каршы санкциялар бул согуш уланып жатканда жумшартылбашы керек", — деп кошумчалады Зеленский.

Сүрөттүн булагы, National Police of Ukraine
Днепр шаарынын мэри Борис Филатов буга чейин "дрон жарандык электричкага тийгенин" билдирген. "Көп адам каза болду, көптөгөн адамдар жаракат алды", — деп жазган ал.
Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа алгач сокку "транспорттук инфраструктура объектисине" урулганын билдирген. Буга байланыштуу Филатов бийлик өкүлдөрүн мындай чабуулдар тууралуу ачык айтууга чакырды.
"Кесиптештер, суранам, "инфраструктура объектилери жабыркады", "чоо-жайы такталып жатат" деген акылга сыйбаган сөздөрдү жазууну токтоткула. Бул — геноциддик согуш. Окуяны өз аты менен атоого эркиңер жетсин, акылга сыйбаган "көрсөтмөлөргө" ылайык жазбагыла", — деп жазды Филатов.
Орусиянын бийлиги Днепрге жасалган сокку боюнча комментарий бере элек.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, бейшембиге караган түнү Орусия Украинага 112 учкучсуз аппарат учурган. Алардын 40ы реактивдүү дрон болгон.































