Вэнс: АКШ Ирандагы үйлөнүү үлпөтүнө ракета тийгени жөнүндө билдирүүнү иликтөөдө

Видеонун түшүндүрмөсү, Watch: JD Vance "extremely sceptical" over alleged strike on Iranian wedding
    • Author, Дэн Сейлз
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Ирандын түштүгүндөгү үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан жерге жасалган соккудан кеминде төрт адам, анын ичинде эки бала каза болгону тууралуу билдирүүлөрдү америкалык аскерлер иликтеп жатканын айтты.

Ирандагы Кызыл Жарым Ай коому ракетанын сыныктары шейшемби күнү Сирик аймагындагы үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан үйгө тийгенин билдирген. Буга байланыштуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи окуяны "аскердик кылмыш" деп атады.

Ошол эле күнү АКШ аскерлери Ирандын америкалык күчтөргө "кол салууга аракет кылганына" жооп иретинде ракеталык соккуларды жасаган. Ал эми АКШнын Борбордук командачылыгынын өкүлү америкалык аскерлер "эч качан карапайым калкты бутага албасын" билдирди.

Бейшемби күнү Вэнс үйлөнүү үлпөтүнө сокку урулганы тууралуу маалыматтарга "өтө күмөн санап" жатканын айтты. Ошол эле учурда ал АКШ бул окуяны иликтей турганын ырастады.

"Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары азыркыга чейин жаңжалдын жүрүшүн жетиштүү деңгээлде так чагылдырган жок. Ошондуктан бул маалыматка өтө күмөн санап жатам", — деди Вэнс Ак үйдө өткөн брифингде.

Бирок ал бул окуя иликтенип жатканын кошумчалды.

Болжолдуу соккуга жооп катары Иран Кувейттеги жана Бириккен Араб Эмираттарындагы америкалык аскердик базаларга жаңы соккуларды жасаган.

Ирандын Жарандык авиация башкармалыгынын маалыматына караганда, үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан жерге ракетанын сыныктары түшүп, 67 адам жаракат алган. Кеминде төрт адам каза болгон. Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кийинчерээк каза болгондордун бешинчиси, 22 жаштагы аял ооруканада көз жумганын билдиришти.

Жергиликтүү тургундар каза болгондордун төртөөнүн аты-жөнүн жарыялашты. Алар: 50 жаштагы Заркатун Тахери, 43 жаштагы Колсум Маллахи Наждня, 16 жаштагы Мохаммад Маллахи жана төрт жаштагы Амирали Карими.

A handout picture made available by the Iranian Red Crescent Society reportedly showing a view of the destroyed remains of a building which was hosting a wedding ceremony following a US airstrike, in the city of Sirak, Bandar Abbas province, southern Iran, 02 September 2026.

Сүрөттүн булагы, Iranian Red Crescent Society

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандагы Кызыл Жарым Ай коому тараткан сүрөттө үйлөнүү үлпөтү өткөн имараттын азыркы көрүнүшү болушу мүмкүн

BBC Verify шейшемби күнү Кухестактын жээгине жакын жерде тартылган бир видео жана эки сүрөттү текшерип, аларда байланыш мунарасынын талкаланганы көрүнөрүн аныктаган. Ал эми шейшемби жана шаршемби күндөрү тартылган башка видеолордо мунарадан болжол менен 130 метр түндүктө жайгашкан үйлөрдүн олуттуу жабыркаганы көрүнөт.

BBC Перс кызматынын Forensics тобунун эксперттери үйлөнүү үлпөтү өткөн үй байланыш мунарасынан болжол менен 112 метр алыстыкта жайгашканын аныкташкан.

Иран менен болгон согуштук аракеттер АКШ менен Израил бул өлкөгө каршы биргелешкен чабуулун 28-февралда баштагандан бери бери уланып жатат.