Украинадагы согуш: Путинге жаңы мобилизация керекпи?

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Илья Абишев
- Role, Би-Би-Синин аскердик баяндамачысы
- Published
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
Батыштын медиасында Владимир Путин Украинага каршы согуштук аракеттерди күчөтүүгө багыт алганы тууралуу макалалар барган сайын көбөйүүдө. Атап айтканда, согушка дагы 300 миңден жарым миллионго чейин жоокер керектиги айтылууда.
Ошол эле маалда бул макалалардын авторлору да, Украинанын президенти Владимир Зеленский да орус бийлиги муну мобилизациялоону жарыялабастан жасагысы келип жатканын ырасташууда. Дагы бир вариант бар: бул жолку мобилизациялоо формасы боюнча 2022-жылдын күзүнөн айырмаланат.
Кандай болгон күндө да, ушул тапта орус армиясына бир эле учурда абдан көп сандагы жоокерлерди тартуу жөнүндө сөз болуп жатат.
Фронтто кырдаал кандай?
2026-жылдын сентябрь айынын башына карата Орусия фронттун көпчүлүк тилкелеринде демилгени сактап калып, биринчи кезекте Донецк облусундагы Покровка, Константиновка жана Лиман багыттарында жана Харьков облусунун Купянск районунда чабуулдарын улантууда.
Көптөгөн башка аймактарда, атап айтканда, Гуляйполе районунда жана Запорожье облусунун батышында, Донецк, Запорожье жана Днепропетров облустарынын кесилишинде, Сума жана Харьков облустарынын чек арасына жакын жерлерде кармаш уланууда.
Украина негизги коргонуу чектерин сактап турат жана орусиялыктарды токтотуу үчүн дрондорду, артиллерияны жана контрчабуулдарды жигердүү колдонууда.
Акыркы айларда фронттун сызыгы бир аз гана өзгөрдү: эки тарап тең тактикалык ийгиликтерге да жетүүдө, айрым калктуу конуштарды же позицияларын да жоготуп жатат.
Ири операциялык жылыштар болбогондуктан, согушуп жаткан эки тарап тең жакынкы жана стратегиялык ооруктарга соккуларын күчөтүүдө. Украина беш жылдан бери туруктуу аба чабуулдарынын шартында жашап жатса, Орусиянын европалык жана борбордук бөлүгүнүн көпчүлүк тургундары жакындан баштап эле Украинанын ишканаларга, кампаларга жана логистикалык борборлорго абадан жасаган соккуларынын кесепеттерин толук сезе башташты.
Мобилизациялоо тууралуу эмнелер белгилүү?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Британиялык Economist журналы Кремлдин мобилизациялоого даярдыгынын эки негизги себебин атады: орус коомунда согушту колдогондордун саны азайып, элитанын нааразычылыгы көбөйүп жатканы бийликти тынчсыздандырууда. "Левада" борбору жакында эле жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, орусиялыктардын 57 пайызы өлкөдөгү саясий кырдаалга чыңалган деп, ал эми 13 пайызы кооптуу деп баа берген.
Басылманын Кремлдеги булактарынын маалыматына караганда, Владимир Путин бир нече жума ойлонуп отуруп, акыры Украина менен согушта жеңилбес жалгыз вариант катары согушту күчөтүү керектигин чечкен. Ошол эле маалда Путин согушту жок дегенде минималдуу максаттарга жетпестен, мисалы, Донбассты басып албастан бүтүрүү жеке өзүнө коркунуч келтирет деп эсептейт.
"Путиндин оюнда эмне бар экенин эч ким айта албайт. Бирок согушту күчөтүү үчүн да, согушту баштоо үчүн да себептерди ошол жерден издеш керектиги түшүнүктүү. Ал дайыма өз бийлигин сактап калуу максатын көздөп келген", - деп жазат Economist.
Мындай кырдаалда жаңы мобилизация толкунун баштабастан, орус армиясына дагы 300-400 миң адамды тартып, ички душмандарга каршы репрессияларды күчөтүү "логикалык кадамдай көрүнөт" деп эсептейт британ басылмасы.
Жакында Орусиянын бир катар облустарында өткөн машыгуулардын жүрүшүндө мобилизациялангандарды жайгаштыруу, тамактандыруу жана курал менен камсыздоо маселелери талкууланганын америкалык Wall Street Journal гезитинин булактары да билдиришти.
Орус бийлиги жаңы мобилизациялоо пландарын четке кагууда. "Бул болбогон кеп. Бул – Орусияга карата маалыматтык чабуул", - деди Бишкекте өткөн ШКУнун саммитинде Владимир Путин.

Сүрөттүн булагы, EPA
Эмне үчүн орус армиясына көп сандагы жоокерлер керек болууда?
Бир караганда жообу жөнөкөй: көп жылдардан бери согушуп жаткан ар бир армия, жок дегенде, жоготуулардын ордун толтуруу үчүн жаңы аскерлерге муктаж.
Бирок учурда кырдаал бир аз татаалыраак. Украинанын аймагында атайын аскердик операция катары пландалган согуштук аракеттер башталгандан бери орус армиясы бир гана жолу өздүк курамдын тартыштыгына туш болгон.
2022-жылдын жай мезгилинин этегинде, күздүн башында, миңдеген чакырымга созулган толук кандуу фронт сызыгы түзүлүп, орус армиясы баарын көзөмөлгө алышы үчүн саны өтө эле аз экени белгилүү болгон. Дал ошол маалда орус армиясы бир катар оор жоготууларга туш болуп, мунун натыйжасында Кремль жарым-жартылай мобилизациялоо тууралуу чечим кабыл алган.
Москванын расмий билдирүүсүнө ылайык, мобилизациялоонун биринчи толкунунда аракеттеги армияга 300 миңге жакын адам жөнөтүлгөн. Бул орусиялык командачылыкка боштуктарды толуктап, фронтту турукташтырууга жана демилгени өз колуна алууга мүмкүндүк берген.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мобилизацияланган канча жоокер каза болду?
Ошол эле маалда келишим түзгөн ыктыярчыларды кабыл алуу беш жылдан бери уланып, согушка катышкандардын саны көбөйгөн. Владимир Путин 2026-жылдын июнь айында фронтто 700 миңден ашуун адам бар экенин айткан, Украинанын командачылыгы да болжол менен ушундай санды келтирип, 730 миңге жакын аскер бар экенин ырастайт.
Эмне үчүн азыр жаңы мобилизациялоо сөзсүз болору жөнүндө кептер көбөйдү? Буга бир нече факторлордун айкалышы себеп болушу мүмкүн.
Украин аскерлеринин айтымында, учурда орус армиясынын жоготуулары көбөйүп, жаңы жоокерлердин агымы алардын ордун толтура албай калды. Көз карандысыз талдоочулар да ушундай пикирде.
"Узак мөөнөттүү келечекте алар чоң акчага аскерлерди жалдоо системасын уланта албай турганы түшүнүктүү болчу, - деди Даниянын Королдук коргонуу коллежинин аскердик талдоочусу Андерс Нильсен. – Ошол эле учурда Путин мобилизациялоонун жаңы толкунун ачык жарыялоодон коркот, мындан тышкары, ал убакыттан утарын, ал эми аскерлер менен бюрократтар мынчалык кооптуу эмес жана чыгымды аз талап кылган чечимди ойлоп табат деп ишенет".
Ыктыярчылардын агымы азайганы жана фронтто адамдар жетпей жатканы тууралуу орусиялык аскер кабарчылары да көп жазышууда. Орусиялык аскерлер фронтко оорукчан, анын ичинде психикалык оорулары бар, аракеч жана маңзатка көз каранды адамдар барган сайын көп келип жатканын айтышууда.
Буга кошумча Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-техникалык дарамети сан жана сапат жагынан өскөндүктөн Орусия жаңы чакырыктарга туш болууда. Бул жылы украин армиясы ооруктун тереңине жана фронт сызыгынан алыс жайгашкан маанилүү объектилерге көбүрөөк сокку уруп жатат.
Орусиянын кагаз бетинде жана иш жүзүндө мобилизациялык ресурсу кандай?
Теориялык жактан алганда, Орусияда миллиондогон аскерге милдеттүүлөр бар. 2022-жылдын сентябрында ошол кездеги коргоо министри Сергей Шойгу Орусиянын мобилизациялык ресурсу 25 миллионго жакын адамды түзөрүн айткан.
Албетте, бул жалпы сандар. Уюшкан аскердик резерв – качандыр бир аскердик кызматты өтөгөн жана запастагы адамдар азыраак.
Мобилдик ресурстун бир бөлүгүн советтик армияда кызмат өтөгөн адамдар, аскердик кафедралардын бүтүрүүчүлөрү, запастагы офицерлер, ар кандай себептер менен кызмат өтөбөгөн, бирок запаска алынган адамдар, ошондой эле аскерге милдеттүүлөрдүн башка категориялары, мисалы, дарыгерлер түзөт.
Ошентсе да, аскердик кызматка аздыр-көптүр жарактуу орусиялыктардын саны абдан көп.
Бирок миллиондогон адамдарды чукул мобилизациялоо оңой эмес.
Биринчиден, заманбап жоокер кымбат турат. "Re: Russia" аналитикалык долбоорунун баалоосу боюнча, согуш жүрүп жаткан аймакта бир аскер кызматкерине жылына кеминде 7-8 миллион рубль (80-90 миң доллар) кетет.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бул орточо көрсөткүч. Ага төмөнкүлөр кирет:
- 400 миң рубль өлчөмүндөгү бир жолку федералдык төлөмдөр;
- бир адамга айына 220-250 миң рубль же жылына 2,5-3 млн рубль өлчөмүндө ай сайын акчалай камсыздоо;
- келишимде каралган бонустар, жаракат алса төлөмдөр, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсациялар, пенсиялар, камсыздандыруулар ж.б.
700 миңге жакын аскер кызматкерине түз төлөмдөр жана социалдык чыгымдар жылына 5-5,5 триллион рубль болот, бул Орусиянын ИДПсынын 2 пайыздан ашыгын түзөт.
Экинчиден, дээрлик ар бир мобилизацияланган адам – бул экономикадан чыгарылышы керек болгон жумушчу.
Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында, расмий маалыматтар боюнча, Советтер Союзунун куралдуу күчтөрү аркылуу 30 миллиондон ашуун адам өткөн. Бул экономиканы аскердик максаттарга толук баш ийдирүүнүн эсебинен жетишилген эбегейсиз чоң көрсөткүч. Фронтко кеткен эркектердин ордуна ишканаларга аялдар жана өспүрүмдөр келген, керектөө жана социалдык чөйрө минимум болуп, жашоо деңгээли кескин төмөндөп кеткен.
Базар экономикасы өкүм сүргөн жана жумушчу күч жетпей жаткан Орусия өтө кыйналууда. Көптөгөн талдоочулар жүз миң эле адамды согушка алып кетсе, кадрдык тартыштык жаралып, инфляция болуп, бюджетке оор жүк түшөт деп эсептешет. Ал эми кыйла масштабдуу мобилизациялоо жарандык өндүрүштү, социалдык чыгымдарды кыскартып, жумушчулардын ордун жапырт түрдө мигранттар менен алмаштырып, экономикада аскердик артыкчылыктарга көңүл бурууну талап кылат.
Орус армиясына канча жаңы жоокер керек?

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Өлүм зонасында" жана ага жакын жерлерде жүргөн бөлүктөр баарынан көп жоготууларга дуушар болууда. Биринчи кезекте чабуулчу жөө аскерлер жана аларга ок-дарыларды, азык-түлүктөрдү, сууну, материалдарды жеткиргендер, ошондой эле фронттун башында техниканы жана байланышты камсыз кылгандар тобокел топко кирет.
Украинада согушуп жаткан орусиялык топтун жалпы саны 700-730 миң адамды түзөрүн, азыркы армияларда биринчи саптагы аскердик бөлүктөр өздүк курамдын болжол менен 20-30 пайызын түзөрүн эске алганда, чабуулдарды жүргүзүү жана аларды камсыздоо боюнча милдеттерди үзгүлтүксүз аткаргандардын саны 150-200 миңге жетет.
Көптөгөн аскердик эксперттер орус бийлиги мобилизациялоону жарыялаган күндө да, тез натыйжаны күтүүгө болбойт деген ишенимде.
Батыштын чалгын кызматтарынын маалыматы боюнча, жаңы мобилизациялоо тууралуу чечим кабыл алына элек жана Мамлекеттик Думага шайлоо аяктаганга чейин кабыл алынары да күмөн. Бирок, америкалык басылманын булактары Владимир Путиндин бүткүл Донбассты басып алууга болгон умтулуусу аны мындай кадамга барууга мажбур кылышы мүмкүн деп божомолдошот. (ZMa)



























