"Катка бильярд ойноп жүргөндө кол койгонбуз". Рыскулов, Ашыралиев сотко күбө катары чакырылды

күбөлөр
Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Бүгүн, 3-августта Бишкек шаардык сотунда "бийликти күч менен басып алууга" айыпталган сегиз саясатчынын соту уланууда. Күбө катары чакырылгандардын арасында Эл акыны Акбар Рыскулов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кемел Ашыралиев, Нарын облусунун мурдагы губернатору Шамшыбек Медетбеков бар.

"Күбө катары келдим. Бул кокустан болду. Бильярд ойнойбуз. Ошол жерден катты көрсөтүп калышты, кол коюп калдык. Катты окуганбыз. Катта экономикалык өнүгүү үчүн, туруктуулукту сактоо үчүн деген маани камтылган. Мен эч ким менен сүйлөшкөн эмесмин. Мага каттар, сыйлыктар боюнча көп кайрылышат. Колдоп коем. Муну деле ошондой деп ойлогом", - деди Акбар Рыскулов.

"Мен жумасына бир-эки жолу бильярд ойнойм. Бильярд ойноп жүрсөм бирөө мына бул жерде кол коюп жатышат деди. Эмне экен деп барып карасам, президентти аябай макташыптыр. Шайлоого барса болот деген жери бар экен. Аа, "каңкы-маңкы" сөздөрдөн кутулайын деп, ШКУну жаңы шайланып алып өткөрөюн деп жаткан экен дедим. Бакиев деле мөөнөтү бүтө электе кайра шайлоого барбады беле, Акаев деле төрт-беш жолу барбады беле. Имиштерден тазаланайын деп жаткан экен дегем. Кол коюп койдум. Мени эч ким колумдан тартып, кол кой деген жок, өзүм койдум. "75чилердин" баары мыкты адамдар. Жакшы ой менен кол коюп коюшкан. Эч ким бул кат кылмыш ишине айланып кетет деп ойлогон эмес. Жакшылык болсун дешкен", - деди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кемел Ашыралиев.

"75чилердин" иши

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан.

Ага ылайык, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылды. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырган. Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан.

11-февралдан бери камакта жаткан беш адам өкүм жарыяланган күнү сот залынан бошотулган.

Соттолгон сегиз адамдын баары тең райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Ошондой эле өкүмгө байланыштуу Башкы прокуратура да шаардык сотко апелляциялык арыз берген.

Быйыл 9-февралда мурдагы преьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.

Ошондон кийин, 10-февралда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кызматтан алынган.

Кийин кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Айыпталуучулар коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.

Бул иш өлкөдөгү соңку айлардагы эң талкууланган сот процесстеринин бири болуп калды.

Катка кол койгон 75 киши ким?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мамытов Миталип — Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик;

Осмонбетов Кубат — Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры, академик;

Жумагулов Аскарбек — Чүй облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти;

Калматов Тойгонбек — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты;

Чыңгышев Турсунбек — Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри;

Касиев Накен — Кыргыз Республикасынын экс-мамлекеттик катчысы, академик;

Нур уулу Досбол — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Кыргыз Республикасынын экс-мамлекеттик катчысы;

Ашыралиев Кемел — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, экс-губернатор;

Эрматов Аскербек — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты;

Исмаилов Эсен — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Кыргыз Республикасынын Эл артисти;

Осмоналиев Каныбек — Олимпиада чемпиону;

Рыскулов Акбар — Кыргыз Республикасынын Эл акыны;

Хакимов Зафар — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, экс-министр;

Токтоматов Нурмамбет — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген кызматкери, илимдин доктору;

Мамытов Токон — генерал-лейтенант, илимдин доктору;

Турсункулов Асан — Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү;

Сатыбалдиев Жантөрө — Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри;

Абылгазиев Мухаммедкалый — Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри;

Боронов Кубатбек — Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри;

Берикбаев Дөөлөтбек — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты;

Жунусов Ибрагим — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Кыргыз Республикасынын Эл артисти;

Керимкулов Медетбек — Бишкек шаарынын экс-мэри;

Мураталиев Байымбет — экс-губернатор;

Мамбетов Мукаш — "Ысык-Көл" коомдук уюмунун төрагасы;

Турапов Керим — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Кыргыз Республикасынын Эл артисти;

Каптагаев Эмилбек — экс-губернатор;

Акималиев Жуман — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери;

Калмаматов Ажыбай — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты;

Кошматов Бараталы — экс-губернатор;

Эсенаманов Замирбек — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, экс-министр;

Жусупов Калыгул — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген кызматкери;

Татыбеков Алымбек — илимдин доктору;

Жумабеков Болотбек — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген кызматкери, экс-мэр;

Асанов Карыпбек — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, экс-министр;

Үмөталиев Юсуп — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, илимдин доктору;

Чокиев Турдубек — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Композиторлор союзунун төрагасы;

Абдыгапаров Чыныбек — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген кызматкери;

Мамбеталиев Өзгөрүш — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген кызматкери;

Кеңешов Төлөбай — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу;

Турдалиев Эрнис — полковник;

Тагаев Абдыжапар — Кыргыз Республикасынын экс-вице-премьер-министри;

Болотбеков Бейшенбек — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, экс-губернатор;

Өмүпркулов Иса — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты;

Сооронбаев Токтогул — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген кызматкери;

Эгембердиев Өмүрбек — экс-министрдин орун басары;

Осмонов Турсуналы — коомдук ишмер, Ысык-Көл облусу;

Исмаилов Чынгыз — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген кызматкери;

Жээнбеков Мырзаибрагим — Ош облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы;

Орозбеков Муктар — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, илимдин доктору;

Бербаев Өмүрбек — губернатордун экс-орун басары;

Айдаров Замирбек — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу;

Дыйканбаев Курманбек — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты;

Бактыгулов Каданбай — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу;

Маматов Абдимуктар — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты;

Мамбетов Турдубек — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу;

Асанов Курсан — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, генерал-майор;

Узакбаев Эмилбек — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, экс-губернатор;

Медетбеков Шамшыбек — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, экс-губернатор;

Кадыркулов Качкынбай — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген кызматкери;

Талгарбеков Бекболот — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз Республикасынын экс-вице-премьер-министри;

Карашев Аалы — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Кыргыз Республикасынын экс-вице-премьер-министри;

Жумабаев Калил — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, илимдин доктору;

Искаков Асанкул — коомдук ишмер, Чүй облусу;

Бектеналиев Мукталы — экс-министрдин орун басары;

Касымалиев Ажыбек — экс-губернатор;

Юсупов Байыш — экс-губернатор;

Имашев Төрөбек — экс-вице-мэр;

Сыдыков Нурлан — илимдин доктору;

Уржанов Курманбек — экс-аким;

Дыйканов Максатбек — экс-министрдин орун басары;

Туманов Келдибек — ишкер, Жалал-Абад облусу;

Каниетов Бакыт — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу;

Темирбаев Курманбек — Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын экс-башкаруучусу;

Жусупов Ашырбай — коомдук ишмер, Баткен облусу;

Күлчороев Рыспек — юрист, Бишкек шаары.