"Эч ким токтото албайт": Азербайжандагы күчөгөн куугунтук

- Author, Магеррам Зейналов
- Role, Би-Би-Си
- Published
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
Соңку беш жылда Азербайжанда саясий жүйө менен абакта отургандардын саны үч эсе көбөйдү. Бул сандарды Би-Би-Си укук коргоочулардын тизмесинин негизинде эсептеп чыкты. Карабак согушундагы жеңиштен кийин президент Илхам Алиев элдик баатыр деген даңкка бөлөнүп жатат, өлкөнүн ичинде анын эч бир атаандашы жок жана геосаясий кырдаал да анын пайдасына чечилүүдө. Бирок мунун баары репрессиялардын күчөшүнүн себептерин толук түшүндүрө албайт.
2024-жылдын 19-июлунда Шахин Абиловго Мамлекеттик коопсуздук кызматынан телефон чалышкан: ага уулу Игбал бир нече күн мурун конфискацияланган паспортун жана телефонун алуу үчүн Коопсуздук кызматынын жергиликтүү бөлүмүнө келиши керектигин айтышкан.
Чакырган жерге атасы, уулу жана агасы болуп барышкан эле. 34 жаштагы окумуштуу-этнограф Игбал имаратка кирип кеткен, ал эми бир нече мүнөттөн кийин дарбазадан чоң ылдамдыкта джип чыккан.
"Ошол замат тынчсыздана баштадык, - деп эскерет Шахин. – Сураштырсак, Игбалды алып кетишкенин айтышты. Мына ошол күнү биздин азабыбыз башталды".
Талыштардын коргоочусу
Этносу боюнча талыш жана азербайжан жараны Игбал Абилов дээрлик өмүр бою Беларуста жашап, Беларустун мамлекеттик университетинде сабак берчү.
Талыш маданиятынын изилдөөчүсү катары ал өлкөнүн түштүгүндө, Иран менен чектеш жерде жашаган талыш этностук азчылыгынын тили Азербайжанда ассимиляцияланып, жок болуп жатканы тууралуу сын макалаларды жазып келген.
Укук коргоочулар Игбал бул көйгөйлөр жөнүндө жазып жүрүп, бийликтин көзүнө түшүп калды деп эсептешет.
Шахиндин айтымында, уулу Игбал Азербайжанга жылына эки жолу каттап турчу. 2024-жылдын жайында Игбалдын тууганынын тоюна чогуу барганда да кооптуу белгилерди байкашкан эмес.
Бир жолу Масаллы шаарындагы үйүнө "атайын кызматтын кызматкерлери бастырып киришкен", - дейт Шахин. Игбал алар менен "сүйлөшүүгө" бөлүмгө барып, алты сааттан кийин бошотулган.
Бирок бир жумадан кийин аэропортто чек ара көзөмөлүнөн өтүп баратканда, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын айтышкан. Ошол эле жерден анын паспортун жана телефонун алып коюшкан.
"Бизди бул жагдай нес кылды, себеби бир жума мурун кызматкерлер ага эч кандай дооматы болбогонун айтышкан, Игбал да Беларуска билети бар экенин айткан", - деп эскерет атасы.
Чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу – бул саясий активисттерге, журналисттерге жана бийликти сындагандарга карата Азербайжанда кеңири колдонулган тажрыйба.
Камалгандар көбөйүп, мөөнөттөр узарууда
Игбал "мамлекетке чыккынчылык кылды", "чет элдик атайын кызматтар менен кызматташты" жана "улуттук, расалык, социалдык же диний кастыкты козутту" деп айыпталды.
Камакка алынгандан бир нече ай өткөндөн кийин Игбал саясий туткун катары таанылды.

Сүрөттүн булагы, SHAHIN ABILOV
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Саясий туткундардын тизмесин Азербайжандын Тынчтык жана демократия институту жылына бир нече жолу жарыялап келет. Би-Би-Синин эсеби боюнча, акыркы төрт жылда (2022-2025-жылдары) саясий жүйө боюнча соттолгондордун орточо мөөнөтү төрт жылдан алты жылга чейин жетет.
Эгемендик алгандан бери Азербайжан эч качан үлгүлүү демократия катары аталган эмес: азыркы президенттин атасы, өлкөнүн буга чейинки башчысы Гейдар Алиев маалында да саясий туткундар болгон.
Бирок 2023-жылы Илхам Алиевдин тушунда Азербайжан отуз жылдан бери Армениянын көзөмөлүндө болгон Тоолуу Карабакты биротоло кайтарып алгандан кийин камакка алынгандардын саны кескин өсө баштады. Саясий туткундардын саны бир жылдын ичинде – 2023-жылдын февралынан декабрына чейин 93төн 254кө чейин көбөйдү.
2025-жылы Азербайжан БУУнун бир нече агенттигин, Кызыл Чырым уюмунун кеңсесин жана чет элдик маалымат каражаттарынын бюросун, анын ичинде Би-Би-Синин Азербайжан кызматын өлкөдөн чыгарып жиберген. Баку ошондой эле Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечимдерин таануудан баш тартып келүүдө – президент муну Азербайжандын Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясында (ЕКПА) добуш берүү укугунан ажыратылышына жооп катары түшүндүрдү.
"Азербайжан демократия жана адам укуктары жаатында барган сайын Түркмөнстандын жолун жолдоп, жабык өлкөгө айланып баратат", - дейт Тынчтык жана демократия институтунун конфликтология жана миграция бөлүмүнүн башчысы Ариф Юнусов.
Анын айтымында, өлкөдөгү саясий туткундардын саны иш жүзүндө Институттун тизмесинде көрсөтүлгөндөн алда канча көп – көптөр өз иши тууралуу айткысы келбейт, ал эми 2023-жылдан бери алар жөнүндө маалымат алуу өтө оор болуп калды.
"Баары жашыруун болуп жатат, соттордун тексттери расмий түрдө сайтка жайгаштырылышы керек болсо да аларды алуу мүмкүн эмес. Судьялар тууралуу маалымат чогултуу да мүмкүн болбой калды, алардын сайтын адегенде жаап коюшкан, кийин ачканы менен, ал жакта толук жана керектүү маалымат жок, - деп түшүндүрөт Юнусов. – Ошондуктан биз камактагылардын адвокаттары жана туугандары аркылуу сот өкүмүн чоң кыйынчылык менен алып жатабыз".
Юрист жана саясий эмигрант Самед Рагимли да бул пикирге кошулат. Ал саясий жүйө боюнча камакта кармалгандардын саны көбөйгөн сайын аларга ырайымсыз мамиле жасалат деген тобокелдик да өсүп жатканын белгиледи: "Азербайжанда мурда эле камактагыларга же иши тергөөдө болгондорго жаман мамиле жасоо кадыресе көрүнүш болчу: көрсөтмө алыш керек болгондо же телефондун кодун ачууну талап кылганда, же жаман мамилеге даттангандарга кыйноо колдонулуп келген. Бүгүнкү күндө саясий туткундар көп болуп, бул темага эл аралык деңгээлде жетиштүү көңүл бурулбай жаткан чакта кыйноолорго шарт түзүлүп, бийлик бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жатат", - деди юрист.

Сүрөттүн булагы, SHAHIN ABILOV
Камакка алынгандан кийин Игбал ар кандай психологиялык басымга дуушар болгонун атасы айтып берди: "Алгачкы күндөрү ага керебетте отурууга жана жатууга да уруксат беришкен эмес, кээде ал бетон полдо уктап жүрдү. Бир жарым ай бою үй-бүлөсү менен сүйлөшө албай, жакындары азык-түлүк киргизе албай коюшту, себеби ал абакта жалгыз кармалды".
Эркин сөз айтуу адам өлтүрүүгө тете кылмыш болуп калды
Тынчтык жана демократия институтунун баяндамаларынан белгилүү болгондой, эреже катары, бийликти кулатууга аракет кылды же адам өлтүрдү деп айыпталгандарга 10 жылдан ашык жаза мөөнөтү берилет.
Акыркы жылдардагы эң чуулгандуу иштердин бири 2018-жылы Гянжадагы башаламандыкка байланыштуу процесстер болду. Башаламандык маалында эки полиция кызматкери каза болгон. "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган жана полицияга каршы зомбулук көрсөткөн" деп айыпталган тургундар 20 жылга чейин эркинен ажыратылышкан. Укук коргоочулардын айтымында, айыпталуучуларга кыйноо колдонулуп, алар күнөөнү мойнуна алууга мажбур болушкан.
Институттун отчетторуна ылайык, акыркы эки жылда зордук-зомбулуксуз кылмыштар үчүн да узак мөөнөттөр бериле баштады.

Сүрөттүн булагы, facebook.com/bahruz.samad
2025-жылы "Азаттык" радиосунун Азербайжан кызматынын жана Abzas Media басылмасынын журналисттери экономикалык кылмыштар үчүн 7,5 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратылды. Ушул жылдын июль айында Toplum TV телеканалынын иликтөөчү журналисттери финансылык кылмыштар боюнча 12 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышты. Журналисттер бул айыптардын баарын четке кагып келишет.
Буга чейин Илхам Алиевдин 23 жылдык бийлигинде журналисттерге мындай узак мөөнөттөр берилген эмес. Эми журналисттер буга чейин козголоңго же чыккынчылыкка айыпталгандарга гана берилген мөөнөттөрдү алып жатышат. Мекенге чыккынчылык кылгандар 12 жылдан баштап өмүр бою эркинен ажыратылат. Ал эми "Тертер иши" боюнча соттолгон аскерлер жана Нардарандагы нааразычылык акциясына катышкандар дал ушундай мөөнөткө эркинен ажыратылышкан.
Өткөн жылдын май айында Игбал Абилов 18 жылга эркинен ажыратылды, бул саясий туткун үчүн акыркы беш жылда берилген эң узак мөөнөт.
Абиловдун соту жабык өттү – ага туугандары да кире алган эмес. Бийликчил маалымат каражаттары этнографты "Азербайжанга каршы тармак түздү" деп айыптаган макалаларды чыгарышты. Далилдердин ордуна Игбалды "уу сөздөрү жана негизсиз көз караштары" үчүн айыпташып, "Армениянын атайын кызматтарынын таасиринде калганын" айтышкан.
2025-жылдын апрелинде Илхам Алиев көз карандысыз басма сөздү жана өкмөттүк эмес уюмдарды мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылды деп, Батыштын бир катар ЖМКларын Азербайжанга каршы өнөктүк жүргүзүүдө деп айыптаган: анын айтымында, алар "Азербайжанда диктатура өкүм сүрүп, адам укуктары одоно бузулуп жатат, оппозиция – периште, өкмөт – шайтан" деп жазышкан.
Алиев кандай максатты көздөп жатат?
2020-жылдагы Экинчи Карабак согушу Бакунун реваншы болду, көптөгөн азербайжандар үчүн символдук мааниге ээ болгон чөлкөмдү кайтарып алгандан кийин президент согуштун башкы каарманына айланып, аброю болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Ал эл алдына хаки түстө кийимчен чыга баштады, кээде анын бүт үй-бүлөсү да ушундай кийимчен жүрөт.
Бийликчил ЖМКлар Алиевдин жаңы бейнесин кеңири жайылтып, өлкөдөгү көйгөйлөрдү көз жаздымында калтырышууда. Буга чейин көйгөйлүү темаларды эркин журналисттер гана көтөрүп, коррупция тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүп келишкен.
Мунайдан жана газдан түшкөн кирешеге карабастан, Азербайжанда орточо эмгек акысы чөлкөмдө эң төмөн болуп саналат, ал эми экономикасы Кавказдагы коңшулары Армения менен Грузияга караганда жай өсүүдө.

Сүрөттүн булагы, president.az
"Мамлекет социалдык-экономикалык абал начар экенин түшүнүп, репрессияларды алдын ала чара катары жүргүзүп жатат. Өлкөдө өсүш күтүлгөн жок жана бийликтин социалдык төлөмдөр менен калкты сатып алууга мүмкүнчүлүгү да жок", - дейт укук коргоочу Самед Рагимли.
Орусия Украинага согуш баштагандан бери Евробиримдик орусиялык газга альтернатива издөөгө мажбур болду: Евробиримдиктин аткаминерлери Бакуга тез-тез каттап, Алиевдин репрессияларына көз жумду мамиле жасап жаткандай.
"Азербайжан бийлиги эл аралык кырдаал саясий туткундардын санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берип жатканын түшүндү. Бүгүнкү АКШ адам укуктарына кызыкдар эмес, ал эми Украинадагы, Жакынкы Чыгыштагы согуштан улам башталган кризис шартында жана Европанын стратегиялык позициясы жоголуп бараткан кырдаалда авторитардык режимдер көзөмөлдөн чыга баштады", - деп эсептейт Рагимли.
Макаланы Зейнеп Мартбек кызы которду
































