"Супер-Эль-Ниньо": БУУ аптаптуу ысык жана жаңы табигый кырсыктар болорун эскертти

Сүрөттүн булагы, Florian Plaucheur/AFP via Getty Images
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнө "аба ырайынын өзгөчө кубулуштары күчөгөн кооптуу мезгилге" киргенин билдирди. Анын айтымында, буга "Эль-Ниньо" кубулушу жана анын таасири себеп болууда. Анын кесепеттери азыр дүйнөнүн бардык аймактарында сезилип жатат.
"Эль-Ниньо" — Тынч океандагы шамалдын багытынын өзгөрүшү менен байланышкан табигый циклдик кубулуш. Ал дүйнө жүзүндө абанын температурасынын жогорулашына алып келет.
Дүйнөлүк метеорология уюму (ДМУ) бул кубулушка байланыштуу акыркы маалыматтарын жарыялады. Анда азыр байкалып жаткан "Эль-Ниньо" акыркы 70 жылдан ашуун убакыттагы эң күчтүү кубулуштардын бири болушу мүмкүн экени айтылат. Окумуштуулардын божомолунда, ал кеминде 2027-жылдын февралына чейин созулушу мүмкүн.
"Эль-Ниньо" дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы аба ырайына ар кандай таасир этет. Айрым жерлерде кургакчылык күчөсө, башка аймактарда тайфун жана суу ташкындары көбөйөт. Метеорологдордун айтымында, мунун таасири глобалдык жылуулуктун жалпы күчөшүнө кошулат.
"Эль-Ниньонун таасири көз алдыбызда күчөп жатат. Илимий маалыматтар бизге күмөн саноого негиз калтырбайт: планетабыз буга чейин болуп көрбөгөн шартка туш болду жана ал улам ысып баратат", — деди Гутерриш.
Панама каналынын тайыздашы жана Индонезиядагы токой өрттөрү
ДМУнун метеорологдорунун айтымында, "Эль-Ниньонун" дүйнө жүзүндөгү аба ырайына тийгизген таасири 2027-жылы да сезилиши мүмкүн. Алардын белгилешинче, жакынкы бир нече айда дүйнөнүн көптөгөн аймактарында жаан-чачындын көлөмү жана мүнөзү олуттуу өзгөрүшү ыктымал.
Түштүк-Чыгыш Азиянын, Борбордук Американын жана Түштүк Американын түндүк бөлүгүнүн кеңири аймактарында адаттагыдан кургакчыл аба ырайы күтүлүүдө. Бул кургакчылык менен токой өртүнүн чыгуу коркунучун күчөтөт.
Панама каналынын тайыздаганынан улам, ал аркылуу өткөн кемелердин саны 10 пайыздан ашык кыскарат. Августтун аягында Панама каналынын администрациясы (ACP) 15-сентябрдан тартып канал аркылуу күнүнө 32 кеме гана өтө аларын эскертти. Август айында бул көрсөткүч 36 кеме болчу.
Панама каналы аркылуу жылына адатта 14 миңдей кеме өтөт. Канал дүйнөлүк соода үчүн маанилүү деңиз жолдорунун бири жана Панаманын негизги киреше булагы. Ал өлкөнүн бюджетине жылына болжол менен 3 миллиард доллар киреше алып келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индонезияда токой өрттөрүн өчүрүү иштери уланууда. Кургакчыл мезгилде өлкө боюнча өрттөн 107 миң гектардан ашык өсүмдүк өскөн аймак күйүп кетти.
Индонезиянын Борбордук Калимантан провинциясынын тургуну Би-Би-Сиге анын аймагында токой өрттөрү бир айдан ашык убакыттан бери уланып жатканын айтты.
"Түтүн кыйла коюуланып кетти. Сыртка чыкканда түтүндөн көзүбүз ачышат. Күйүктүн жыты да абдан катуу сезилет", — деди Дарвин Роми.
Бийлик өрттү өчүрүүгө жардам берүү үчүн учактардан атайын реагенттерди чачып, жаан жаадырууга аракет кылып жатканын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Түтүндөн улам миллиондогон жергиликтүү тургундар жабыркап жатат. Индонезиянын Саламаттык сактоо министрлиги июль–август айларында токой жана талаа өрттөрүнө байланыштуу дем алуу органдарынын ооруларынын 50 миң учуру катталганын билдирди. Алардын 12 миңи беш жашка чейинки балдарга тиешелүү.
"Баары жабык турганда да түтүн үйдүн ичине кирип келет", — деди Калимантан аралынын түштүгүндөгү Банджарабу шаарынын 19 жаштагы тургуну Ризма Нур Фатима Би-Би-Сиге. "Мен төрөлгөндөн бери ушундай шартта жашап келем. Жыл сайын эле бир көрүнүш кайталанат, буга дээрлик көнүп да калдык. Бирок быйыл абал мурдагыдан да начарлады".
Калимантандан 1300 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Филиппиндин Палаван провинциясында да жергиликтүү тургундар көзүнүн ачышып, мурду кычышып, тамагы кырылдап жатканын айтышууда.
"Азыр башыбыз бир аз ооруй баштады. Адатта эч нерсеге аллергиясы жок бөлөмдө да аллергия пайда болду. Көзү менен тамагы биринчи болуп кыжырданган адам болсо менин жолдошум", — деди жергиликтүү тургун, дарыгер Прешес Баньяс-Мелад.
Филиппин Индонезиянын түндүгүндө жайгашкан. Индонезиянын батыш тарабында Малайзия жайгашкан. Ал жактан да абанын түтүнгө булганышынан улам астма жана конъюнктивитке чалдыккандардын саны көбөйгөнү тууралуу маалыматтар түшүүдө.
Кытайдагы тайфундар жана көчкүлөр
Индонезиядан миңдеген чакырым алыстыкта жайгашкан Кытайда да метеорологдор кыйратуучу аба ырайынын кубулуштары болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө. Болжолдорго караганда, 2026-жылдын аягына чейин өлкөдө жети тайфун болушу күтүлүүдө. Метеорологдор муну "супер-Эль-Ниньонун" кесепеттери менен байланыштырышууда.
Июль айынын өзүндө эле Кытайда "Бави", "Ноул" жана "Мейсак" аттуу үч тайфун болуп, анын кесепетинен ондогон адам каза болгон.
Ал эми августта катуу жаан жаап, шамалдын ылдамдыгы күчөгөн "Дельфин" тайфунунан улам бир миллиондон ашуун адам үйлөрүн таштап, коопсуз жайларга эвакуацияланууга аргасыз болгон.
Чыгыш Африканын айрым аймактарында, Бразилиянын түштүгүндө жана АКШнын түштүгүндө жаан-чачын адаттагыдан көп болот деп күтүлүүдө. Бул аймактарда суу ташкынынын коркунучун күчөтөт.
Алдыда "Эль-Ниньо" кубулушу күчөшү мүмкүн
Би-Би-Си дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн бийлик өкүлдөрү жана окумуштуулар менен сүйлөшүп, адамдардын каза болуу коркунучун азайтуу жана айлана-чөйрөгө келтирилчү зыянды төмөндөтүү үчүн дүйнө жүзүндө кандай чаралар көрүлүп жатканын тактады. Көптөгөн өлкөлөрдө аба ырайынын кескин өзгөрүшү тууралуу алдын ала эскертүү системалары күчөтүлдү. Айрым өлкөлөрдүн бийлиги калктын аялуу катмарына медициналык жардам көрсөтүүгө кам көрдү. Бирок азыркы "Эль-Ниньонун" күчү олуттуу кооптонууну жаратууда. Айрыкча калктын аялуу катмары үчүн бул чоң коркунуч туудурат.
БУУнун агенттиги болгон Дүйнөлүк метеорология уюму (ДМУ) "Эль-Нинього" байланыштуу аба ырайынын кескин өзгөрүшү тууралуу болжолдорун дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн калкына жеткирүү үчүн "кеңири масштабдагы" чараларды көргөнүн билдирди.
ДМУнун башкы катчысы Селеста Сауло: "Эль-Ниньо дүйнө жүзүндөгү калкка жана экономикага чоң сокку урушу мүмкүн", — деп эскертти.
"Эль-Ниньо" — шамалдын багытынын өзгөрүшү жана Тынч океандын экватордук бөлүгүндөгү суунун бетки катмарынын температурасынын өзгөрүп турушу менен байланышкан табигый климаттык кубулуш. "Эль-Ниньо" учурунда океандын бул бөлүгүндөгү жылуу суу чыгыш тарапка жылат.
Акыркы айларда Тынч океандын тропикалык алкагынын борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндө деңиз суусунун температурасы кескин жогорулады. Бул "Эль-Ниньонун" күчөп баратканынын ачык белгиси.
Тынч океанда "Эль-Ниньону" байкоо үчүн маанилүү болгон аймакта акыркы жумаларда суунун жогорку катмарларынын температурасы орточо көрсөткүчтөн кыйла жогору болуп, айырма 2°Cден ашты. Бул "Эль-Ниньо" кубулушу ушул сапар абдан күчтүү болушу ыктымал экенин көрсөтүп турат.
Бирок метеорологдордун айтымында, бул дагы эң жогорку чек эмес. "Эль-Ниньо" жакынкы айларда дагы күчөшү мүмкүн. Болжолдорго ылайык, анда океандын жогорку катмарындагы суунун айлык орточо температурасы кадимки көрсөткүчтөн 4°Cге чейин жогорулашы ыктымал.
Эгер мындай болсо, азыркы "Эль-Ниньо" кеминде акыркы 76 жылдагы, башкача айтканда 1950-жылдан берки эң күчтүү кубулуш болуп калат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Океандын терең катмарларындагы суунун температурасы андан да өзгөчө өзгөргөн. Айрым жерлерде ал орточо көрсөткүчтөн 8°Cден ашык жогорулап кеткен.
Дүйнөлүк океандын башка аймактарында да суунун температурасы жогорулап жатат. Алардын арасында Инд океаны, Атлантика океанынын тропикалык бөлүгү жана Австралиянын жээктери бар.
Австралиянын жээктеринде деңиз өсүмдүктөрү менен жаныбарларынын түрлөрү абдан көп болгондуктан, океандын температурасынын өзгөрүшү өлкө бийлигин өзгөчө тынчсыздандырууда.
Акыркы жылдары Австралияда климаттын өзгөрүшүнөн улам аба ырайынын өтө ысык мезгилдери көбөйдү.
"Эль-Ниньо — табигый кубулуш. Бирок ал, адатта, өтө ысык аба ырайын жаратат жана мындай ысык өз кезегинде жаратылыш кырсыктарына себеп болушу мүмкүн", — деди Австралиянын илимий агенттигинин башкы илимий кызматкери Аластер Хобдей Би-Би-Сиге.
Божомолдорго ылайык, быйыл океандан келген ысык аба толкундар анчалык күчтүү болбойт. Мындан улам Австралиянын түндүк-чыгыш жээгинде жайгашкан Улуу Тосмо рифи эң оор шарттардан аман калып, кораллдарга калыбына келүүгө көбүрөөк убакыт берилет.
"Бирок Австралиянын түштүк аймактары ысыктан жабыркап жатат", — дейт окумуштуу.
Мурда океандан келген ысык аба толкундары Австралиянын түштүк аймактарына, анын ичинде Тасмания аралына жеткенде, балыктар массалык түрдө кырылып, балырлар кескин көбөйүп, медузалардын саны да абдан өскөн. Анын кесепеттеринен улам, балыктар кырылып, пингвиндердин жемсиз калган.
Жакында Австралияда деңиздеги аба ырайынын өзгөрүшү тууралуу алдын ала эскертүү системалары ишке киргизилди. Бул балык чарбаларына өз убагында жардам көрсөтүүгө, деңиз жаныбарларынын айрым түрлөрүн коопсуз жайларга көчүрүүгө жана кораллдарды көзөмөлдөөнү күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бирок быйылкы "Эль-Ниньо" болуп көрбөгөндөй күчтүү болушу мүмкүн. Хобдей да кырдаалга абдан тынчсызданып жатканын мойнуна алды.

Сүрөттүн булагы, Monirul Bhuiyan/AFP via Getty Images
"Биз азыртадан эле кургакчылык менен суу ташкындарынан улам жерлердин талкаланып, ээн калганын көрүп жатабыз. "Эль-Ниньо" күчөгөн сайын анын кесепеттери дагы көбөйүшү ыктымал", — деди Селеста Сауло.
Мунун баары адамзаттын ишмердүүлүгүнөн улам климаттын ысышы күчөп жаткан шартта болуп жатат. Бул "Эль-Ниньонун" дүйнө жүзүндөгү аба ырайына тийгизген таасирин арттырып, анын кесепеттерин дагы кыйратуучу кылууда.
Айрыкча Перу аялуу абалда турат. Анткени бул өлкөнүн жээги Тынч океандын чыгыш бөлүгү менен чектешет жана "Эль-Ниньонун" таасири бул жерде күчтүүрөөк сезилет.
Өлкөнүн айрым аймактарында, ошондой эле Эквадордо жана Бразилиянын айрым жерлеринде буга чейин жаан-чачындын көлөмү көбөйгөн. Анын айынан шаарларда да капысынан суу ташкындап, жер көчкүлөр болгон.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн келип чыккан кыйратуучу кесепеттерин эскерткен Practical Action уюмунун климаттык туруктуулук багытынын жетекчиси Мигель Арестеги "Биз абдан тынчсызданып жатабыз. Бирок бул тынчсыздануу коркунучка алдырган абалга эмес, даярдыкка түрткү бериши керек", — деди.
Анын айтымында, Practical Action акыркы жылдары өнөктөштөрү менен биргеликте калктын аба ырайынын кооптуу өзгөрүшү тууралуу алдын ала эскертүү системаларына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иш алып барууда. Анын ичинде дарыялардагы суунун деңгээли, суу ташкынынын коркунучу жана аба ырайынын болжолдору тууралуу маалыматтарды бөлүшүү да бар.
Өткөн айдын аягында АКШ "Эль-Ниньо" күчөгөн маалда медициналык жардамга муктаждык жаралса, Перунун жээгине оорукана кемеси USNS Comfort жөнөтүлөрүн жарыялаган. Кеме медициналык жардам көрсөтүп, керектүү жабдуулар менен камсыз кылууга даяр болот.
Бирок Арестеги "Эль-Ниньо жөн жерден эле пайда боло калбайт" деп белгилейт. Анын терс кесепеттерин күчөтүп жаткан, чечүүгө кыйла көп убакыт талап кылынган ири системалык көйгөйлөр бар.
Анын айтымында, мындай көйгөйлөргө "коркунучтуу аймактарда жайгашкан турак жайлар, жетиштүү корголбогон суу менен камсыздоо жана канализация системалары, ошондой эле саламаттык сактоо тармагынын алсыздыгы" кирет.



























