"Сот бүтөт, бирок жүрөгүмдүн ооруганы айыгабы? "Кош никеден жабыркаган келиндин күйөөсү камалды

Гүлзат Абакирова
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бир нече жылдан бери кош никеден жабыркап келе жатканын айтып жүргөн Гүлзат Абакированын жолдошу Нуржан Үсөнов кармалды. Бул тууралуу адвокат Адилет Мерканов билдирди.

Анын айтымында, Нуржан Үсөновго карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголду.

"Мыйзамга ылайык, аялынын уруксаты жок күйөөлөрү мүлкүн сата албайт. Бул болсо, өзүн бойдок катары көрсөтүп, документтерди бурмалап, мүлктөрүн саткан. Кийин кылмыш жасаганы билинип калганда, "силерге эки батир алып берем" деп, алдоо жол менен батирлерин камактан чыгарттырып, аларды да сатып жиберет. Бир нече жолу алдамчылык фактылары болгон. Бул эженин үстүнөн да буюртма иш козголуп, кийин ал иштер кыскарды. Жолдошу кармалды. Кечээ Октябрь райондук соту 20-ноябрь, тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камоо чечимин чыгарды", - деди Адилет Мерканов Би-Би-Сиге.

Гүлзат Абакирова Би-Би-Сиге сот иши бир күнү бүтөрүн, бирок таарыныч, тынчсыздануу деген оорудан айыгуу оор болорун айтууда.

"Мен жактоочуларга мүлк эле талашпастан, чындык издеп жатам деп айттым. Чындыгымды далилдейин дедим. Өзүмө да, үч балама да катуу сокку болду. Кош никеден жабыркаган аялдар билет менин абалымды. Азыр жан дүйнөм жабыркап турат. Жан дүйнөмдү кантип тазалайм деп ойлонуп жатам. Жүрөгүмдүн ооруганы айыгабы? Бул нерсе, тынчсыздануу мага сиңип калды. Айыгуунун дарысы барбы?"

Нуржан Үсөнов жергиликтүү блогерлерге берген маегинде балдарына каралашып келгенин, мурдагы аялы ага жалган жалаа жаап жүргөнүн билдирген.

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Баткен облусуна барып, эл менен жолуккан учурда Гүлзат Абакирова микрофон алып, арыз-муңун айтуу үчүн атайын Бишкектен келгенин, күйөөсү токол алып, көптөн бери мүлк талаштын запкысын жеп жатканын билдирген.

"2001-жылы Лейлектин тургуну Нуржан Үсөновго турмушка чыккам. Экөөбүз мыйзамдуу түрдө никеге турганбыз. 2019-жылга чейин жашадык. Ортодо үч балабыз бар. Ага чейин 2015-жылы бир аялга жашыруун үйлөнүптүр. Мындай жашоо бардык эле аялга жакпайт экен. Үйдө ыр-чыр токтобогондуктан, 2022-жылы ажырашуу жана мүлк бөлүшүү арызы менен Свердлов райондук сотуна кайрылгам. Нуржан Үсөнов кылмышын жашыруу үчүн ИИМге менин үстүмөн "нике күбөлүктү жасатып алды" деп арыз жазыптыр. Күбөлүктү мен 20 жашымда эле алгам", - деген Гүлзат Абакирова.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал жолдошу ажырашпастан, экинчи аял алып, расмий никеге турганын, бирок өзүндө да күбөлүк бар экенин билдирген.

Садыр Жапаров "эркектер бузулганын" айтып, ишти кайра кылдат текшерүү тапшырмасын берген:

"Милиция, прокурор, соттор, ушундай учурда адилеттүү болушуңар керек. Жолдошу үч баласын, аялын таштап үйлөнүп кеткени аз келгенсип, кайнисинин арыз жазганы кантип болсун? Ушул адилеттикпи? Калыс карап жардам бергиле. Мен өзүм дагы көз салып турам. Акчасына таянып алып баарын акча менен бүтүрөт тура. Экинчи аял алгандан кийин баарын таштап өзү чыгып кетпейби. Эркектер бузулду такыр. Жапонияда ажырашуу жокко эсе экен. Мыйзамы дагы катуу экен. Ажырашсаң дагы аялың менен балаңды өмүр бою багат экенсиң. Жоопкерчилик өмүр бою эркектин моюнунда болот экен".

Буга чейин Чүй облусунун мурдагы губернатору Мирбек Мияров да кош никеге айыпталган.

Өзүн Мирбек Мияровдун жарандык никедеги аялы катары тааныштырган Хабиби Уланова көп убакыттан бери укук коргоо органдарына даттанып, мурдагы чиновник уулун карабай жатканын айтып келет.

Мирбек Мияровго 2025-жылдын 1-декабрында Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси ( "Эки жана андан көп аял алуу") менен иш козгогон.

Быйыл июль айында сот Мияровдун иш-аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапкан.

"Үй-бүлө жөнүндө кодекске" ылайык, Кыргызстанда бир гана расмий никеге уруксат берилет. Мыйзамга ылайык, эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка жыгылат.