PISA-2025: Кыргызстан 91 өлкөдөн 80-орунда. Бул эмнени билдирет?

- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Кыргызстан PISA – 2025 эл аралык сынагында 91 өлкөнүн ичинен 80 – орунду ээлеп, 16 жыл мурдагы көрсөткүчкө караганда 11 позицияга алдыга жылды. Бул тууралуу 8-сентябрда Братиславада өткөн аймактык конференцияда белгилүү болду. Ага катышкан агартуу министри Догдургүл Кендирбаева Кыргызстандын бул жылкы көрсөткүчтөрүн 16 жылдык тыныгуудан кийинки чоң ийгилик деп баалады. Адистер бул жыйынтыктан кийин өлкөнүн билим берүү тармагында маанилүү чечимдер кабыл алынышы керек деп эсептешет.
"Башкысы эң артта эмеспиз"
Агартуу министрлиги 8-сентябрда PISA-2025 изилдөөсү боюнча Братиславада өткөн эл аралык конференциянын жыйынтыгын онлайн көрсөтүп, журналисттерге маалымат берди. Братиславада конференцияга катышып жаткан министр Догдургүл Кендирбаева өлкөдө туруктуу өнүгүү бар деп билдирди.

Сүрөттүн булагы, Агартуу министрлиги
"Эң башкысы биз эң артта эмеспиз. 91 өлкө катышып, биз 80-орундабыз. Туруктуу динамикалык өнүгүү бар, бардык тараптан. Бул жактагы министрлер, жетекчилер айтып жатат, бул бүтүндөй күзгү,коомдун билимге, балага жасаган мамилесин толугу менен чагылдырат. ПИЗАга эч качан кенже курактагы балдарды өнүктүрмөйүнчө ийгиликтүү жетише албайбыз. Биз эң биринчи кезекте социалдык коомбуз, эч ким, эч качан ата-эне менен мугалимдин ролун, миссиясын өзгөртө албайт деп айтып келе жатабыз", - деди Кендирбаева.
Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова 8-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында изилдөөнүн анализинен жыйынтык чыгарылып, министрликтин түзүмдөрүнө тийиштүү тапшырмалар берилерин айтты.

"Биздин максатыбыз ушул өлкөлөрдүн ичинде канчанчы орунда эмес, биздин математикалык сабаттуулугубуз кандай болуп жатат, окурмандык сабаттуулугубуз кандай, табигый илимдер жактан сабаттуулугубуз кандай, биздин мугалимдер дүйнө жүзүндөгү мугалимдердей эле ошол технологияларды колдонуп жатабы, жемиштүү болуп жатабы, ошону билгизибиз келип жатат. Эми деталдуу анализ болот. Анан биздин ар бир түзүмдөр ошого жараша так тапшырмаларды алат", - деди агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова.
"Билим берүүдө өнүгүү бар, бирок..."
Кыргызстандык профессор, философия илимдердин доктору, учурда Нурсултан Назарбаев университетинде эмгектенип жаткан Дүйшөн Шаматов тесттин жыйынтыгынан кийин Кыргызстан бир нече маанилүү пункттарга көңүл бурушу керек деп эсептейт. Анын айтымында, бул тармакка мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп, китептер басылып чыгып жатканы жакшы көрүнүш, бирок бул жетишкендиктер менен катар, мугалимдерди даярдоочу институттардын окуу программасына да көңүл бурулушу керек.

"Билим берүүнүн сапатынын түздөн - түз индикатору, көрсөткүчү болуп мугалимдер саналат. Дагы деле мугалимдер. Азыркы жасалма интеллект доору же санариптештирүү доорунда мугалимдердин ролу алсыз болбостон, кайрадан күчөп барат. Демек бизге мыкты мугалимдер керек. Албетте, мугалимдерди кайра даярдоо боюнча азбы-көппү, жумуштар болот, курстар, семинарлар өткөзүлөт. Бирок биздин дагы бир оңдой турган жагыбыз - бул мугалимдерди даярдоочу окуу-жайлар. Ошол окуу-жайлардагы окуу стандарттары, мазмундары. Заманбап мугалимдерди даярдап жатабызбы? Ушуну кайра карап чыгышыбыз керек. Ошондой эле мугалимдик кесипти аркалайм деген таланттуу жаштарды дагы тарта билишибиз керек. Ал үчүн мындан дагы көбүрөөк мектептерге көңүл бурулушу керек", - деди Дүйшөн Шаматов.
Ошондой эле Шаматов PISA сынагынын сап башында турган өлкөлөрдүн өзгөчөлүгүнө белгилеп өттү. Анын талдоосунда, агартуу жагына көңүл бурган мамлекеттер тизмеде алдыда болгону кокустук эмес.
"PISA сынагы эмнени көргөздү? Бул сынак, талдап көрсөк, эң алдыңкы жыйынтык көргөзгөн мамлекеттер бул - Сингапур, Түштүк Корея, Жапония жана башкалар. Бул мамлекеттерде билим берүүгө бөлүнгөн каражат, ал жактагы мугалимдерге болгон урмат-сый жогору экенин жакшы билебиз. Ошолордун катарында мурдагы СССР курамына кирген Эстониянын турганы кокусунан эмес. Эстонияда илгертен билим берүүнүн сапаты жакшы болгон. Акыркы убактарда деле алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн катарында эле Эстониянын окуучулары өтө мыкты жыйынтыктарды көрсөтүшөт. Мен Канаданы, Финляндияны да атап өткүм келет. Бул өлкөлөр мугалимдерине, мектептерине абдан жакшы көңүл бурушат жана бул өлкөлөрдө айыл менен шаардагы билим берүүсүндө айырма жок. Канчалык ушул ажырым, айырма аз болсо, ошончолук жыйынтык да жакшы болот", - деди профессор Шаматов.

2025-жылы аталган изилдөөгө өлкөнүн бардык аймактарындагы 195 мектептен 6 миңден ашык окуучу катышкан. Бишкектеги №67 мектептин окуучулары да бул сынакка кирген. Мектеп директору мугалимдер эми билимге гана эмес, ошол билимди окуучулардын жашоодо колдонуу көндүмдөрүнө ээ болуусуна көңүл буруларын айтты.
"Билимди мектеп берет, билимге сугарып жатабыз, берип жатабыз. Балдар кабыл алып жатат. Бирок ошону жашоодо кандай колдонуп жатат? Мындан ары ошол нерсеге басым жасап, балдардын алган билимин жашоодо колдоно алуусуна үйрөтүү негизги максатыбыз болуп калды", - деди мектеп директору Нургүл Жумалиева.
"16 жыл ичинде өнүгүү өтө жай жүргөн"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандын 2025-жылдагы орточо көрсөткүчү табигый-илимий сабаттуулук боюнча 363 балл, математикалык сабаттуулук боюнча 364 балл, ал эми окуу сабаттуулугу боюнча 344 баллды түздү. 2006-2009-жылдарга салыштырмалуу өсүш бар, 11 позицияга жогоруладык дешти министрликтен.
Белгилүү жеке ишкер, соңку жылдары коомдук иштерге активдүү катышып жүргөн Айбек Сарыгулов айтылып жактан өсүш 16 жылга бөлүнгөндө өтө жай жүргөнүн көрүүгө болот деп жазды. Ал өзүнүн Facebook баракчасына PISAдагы Кыргызстандын жыйынтыгы боюнча талдоосун жарыялады.
"11 позицияга көтөрүлдүк" дегенге этият мамиле керек. 2009-жылы PISAга 65 өлкө жана экономика катышкан. Кыргызстан акыркы орунда болгон. 2025-жылы катышуучулардын саны 91ге жетти. Ошондуктан 65 катышуучунун арасындагы акыркы орунду 91 катышуучунун арасындагы 80-орун менен түз салыштырып, "Кыргызстан 11 позицияга көтөрүлдү" деп айтуу толук туура болбойт. Анткени катышуучулардын курамы жана саны өзгөргөн. Андан тышкары, PISA дүйнөдөгү бардык мамлекеттерди камтыбайт. Демек, "Кыргызстан дүйнөдө 80-орунда" деп да айта албайбыз. Туурасы - Кыргызстан PISA-2025ке катышкан 91 өлкө жана экономиканын арасында төмөнкү топто калды. Биздин реалдуу өсүш рейтингден эмес, 2009-жылга салыштырмалуу баллдардын 30–33 пунктка жогорулашынан көрүнөт. Бирок бул өсүш 16 жылга бөлүнгөндө өтө жай жүргөнү да ачык көрүнөт. Ушундай темп менен өнүксөк, дүйнөнүн орточо деңгээлине жетүү үчүн дагы бир нече он жыл талап кылынышы мүмкүн", - деп жазды Айбек Сарыгулов.

Сүрөттүн булагы, social media
Сарыгулов ошондой эле министр Догдургүл Кендирбаеванын узак тыныгуудан кийин эл аралык изилдөөгө катышууга бел байлаганын кубаттады. Анын айтымында, системанын көйгөйлөрүн ачык көрсөтүп, талкууга алып чыгуу саясий эркти талап кылат.
Министрге "уятпы" же колдообу?
"Бул - бир министрдин эки-үч жылдык ишинин эмес, ондогон жылдар бою топтолгон маселелердин жыйынтыгы. Тескерисинче, Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында Кыргызстандын 16 жылдык тыныгуудан кийин PISAга кайтып келиши - колдоого татыктуу чечим. Начар жыйынтыктан коркуп, эл аралык баалоого катышпай коюу оңой. Андай учурда өлкө рейтингде көрүнбөйт, министрлик да сын укпайт. Бирок көйгөй чечилбейт. Кыргызстанды кайра эл аралык изилдөөлөргө киргизип, биздин күчтүү жана алсыз жактарыбызды өлчөөгө жол ачканы - анын эмгеги катары бааланышы керек" - деп жазды Сарыгулов.
Агартуу министрлиги PISA эл аралык изилдөөсүнүн деталдуу анализи колго тийген соң, тиешелүү иштер алып барыларын билдирди. Адистер аталган сынактын анализинин негизинде расмий иш-чаралар менен чектелбей, тармакты оңдой турган системалуу кадамдарга барышы керек деп айтууда.
Изилдөө үч жылда бир өткөрүлүп, ага 15 жаштагы окуучулар катышат. Бул жылы биринчи орунду Кытай, экинчи орунду Сингапур жана үчүнчүнү Макао (Кытай) ээледи. PISA окуучулардын билим деңгээлин эмес, алган билимин турмуштук кырдаалдарда колдоно алуу жөндөмүн баалайт.
Кыргызстан PISA изилдөөсүнө акыркы жолу 2006 жана 2009-жылдары катышкан. Анда катышкан өлкөлөрдүн ичинен акыркы орундарды алган.
































