"60 млн долларга бүттү" деген жалган сөз". Алагөзов "Бишкек-Арена" 386 млн. долларга курулганын билдирди

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын президентинин маалымат катчысы Аскат Алагөзов 51 миң көрүүчү бата турган "Бишкек-Арена" стадионунун курулушуна 386 млн. доллар каражат жумшалганын расмий билдирди. Ал буга чейин стадион 60 млн долларга курулганы тууралуу айтылган маалымат туура эмес экенин белгиледи. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
"Кечээ жакында "Бишкек-Арена" стадиону боюнча кыскача маалымат бердим эле. Мурда кызматкерлер, куруучулар жана тиешелүү адамдардын баары ШКУ менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп, күнү-түнү бошобой жүргөндүгүнө байланыштуу, толук маалыматты ала алган эмеспиз. Бүгүн толук маалымат колго тийди, ошону жарыя кылууну туура көрдүм. "Бишкек-Арена" стадиону 386 млн долларга курулуп бүтүптүр. "60 млн долларга бүттү" деген жалган сөз. Тээ башында стадион курулуп баштаганда 30-35 миң адам бата турган стадион куруу планы болгондо Камчыбек Ташиев болжол менен 60 млн доллардын тегерегинде салынып бүтөт деп айтканын эшиттик. Бирок бул суммага жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы менен башталган", - деп жазды Алагөзов.
Алагозов кийин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен долбоор өзгөртүлүп, стадионду соода жана көңүл ачуу жайлары бар көп функционалдуу комплекс кылып куруу чечими кабыл алынганын билдирди.
Президенттин маалымат катчысы берген маалымат боюнча, "Бишкек-Арена" комплексинин:
- жер тилкесинин аянты — 20 гектар;
- жалпы курулуш аянты — 194 248 чарчы метр;
- диаметри — 280 метр;
- бийиктиги — 70 метр;
- кабаттуулугу — сегиз кабат;
- көрүүчүлөр үчүн орундардын саны — 51 252;
- сметалык баасы — 386 млн доллар.
Комплексте 35 916 чарчы метрлик соода борбору, 48 дүкөн, 1 супермаркет, 18 соода күркөсү, 23 ресторан, 11 кафе жана төрт кинотеатр залы болору айтылды.
Мындан тышкары балдар үчүн оюн аянтчасы, спорт зал жана жалпы аянты 5 087 чарчы метр болгон террасалар каралган.
Алагөзовдун айтымында, стадиондун сыйымдуулугун 50 миңден ашырууга ФИФАнын эл аралык мелдештер өтүүчү ареналарга коюлган талаптары да себеп болгон.
Алагозов "Бишкек-Арена" менен башка өлкөлөрдөгү ири стадиондордун курулуш баасын салыштырды. Анын маалыматына ылайык:
- АКШдагы 65 миң орундуу Allegiant стадиону — 1,9 млрд доллар;
- Англиядагы 62 миң орундуу Tottenham Hotspur стадиону — 1,33 млрд доллар;
- Сингапурдагы 55 миң орундуу улуттук стадион — 1,31 млрд доллар;
- Орусиядагы 68 миң орундуу Krestovsky стадиону — болжол менен 1,1 млрд доллар;
- Кытайдагы 60 миң орундуу Chengdu Fenghuangshan стадиону — болжол менен 1 млрд доллар;
- Англиядагы 90 миң орундуу Wembley стадиону — болжол менен 1,5 млрд доллар;
- Австралиядагы 61 миң орундуу Optus стадиону — болжол менен 1,2 млрд доллар;
- Индонезиядагы 82 миң орундуу Jakarta International Stadium — болжол менен 600 млн доллар;
- Кытайдагы 50 миң орундуу Qingdao Youth Football Stadium — болжол менен 594 млн доллар;
- Сенегалдагы 50 миң орундуу Stade du Sénégal — болжол менен 420 млн доллар.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Алагөзов акыркы күндөрү коомдук сайттарда "Бишкек-Арена" 60 млн долларга курулганы, ал эми коңшу өлкөлөрдөгү стадиондор андан кыйла арзанга салынганы тууралуу пикирлер тараганын айтты.
"Тилекке каршы, акыркы күндөрү "Биздин стадион 60 млн долларга курулду, кошуна өлкөлөрдүкү баланчага курулуптур" деп, кошуна өлкөлөрдүн жетекчилеринин аброюна шек келтирген пикирлер чыга баштады. Ошондуктан урматтуу мекендештер, бул сумманы саясатташтырып, кошуна өлкөлөр менен мамилелерди курчутпайлы", - деген Алагозов.
Ошол эле учурда ал стадиондун курулушуна кеткен каражат боюнча текшерүү жүргүзүлөрүн билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров Эсеп палатасы баштаган бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүп, курулушту текшерүүнү тапшырган.
Комиссия курулуш материалдары толук колдонулган-колдонулбаганын, жумушчуларга эмгек акы толук төлөнгөн-төлөнбөгөнүн жана каражаттардын максаттуу пайдаланылганын текшерет.
Бишкекте 51 миң 252 көрүүчүгө ылайыкташкан "Бишкек-Арена" стадиону кыргыздын боз үйүнүн формасында салынган. Стадион жаңы гана колдонууга берилип, биринчи жолу 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү.
Борбор Азиядагы эң чоң "Бишкек-Арена" стадионунун курулушунун баасы буга чейин коомдук талкууга түшүп, анын наркы тууралуу ар кандай сандар, анын ичинде 60 млн долларга курулганы тууралуу маалыматтар айтылган. Айрыкча, казакстандык блогерлер жана активисттер Кыргызстан стадионду арзан салганын, ал эми Казакстанда бул сыяктуу курулуштар кыйла кымбат салынып жатканын жазып, өз бийликтерине суроо коюп жатышкан.
































