"Оозу жырылган, башы жанчылган". Баткенде 24 жаштагы келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө

Маркум Дилфуза Сайназарованын сүрөтү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маркум Дилфуза Сайназарованын сүрөтү
    • Author, Алмира Абидинова Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Баткен облусунда үч баланын энеси, 24 жаштагы Дилфуза Сайназарова каза болду. Анын жакындары келин күйөөсү жана кайын журту тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгенин айтышууда. Милиция анын өлүмүнө шектүү катары жолдошун кармады.

Үч баланын энеси, 24 жаштагы Дилфуза Сайназарованын жакындары ал үй-бүлөлүк зомбулуктан улам каза болгонун айтышууда. Алардын Би-Би-Сиге билдиришкенине караганда, окуя 31-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылында болгон. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө жолдошун жана кайын журтун күнөөлөп жатышат.

"Эки күн мурун ажырашам деп качып келди эле"

Маркумдун апасы Шарапат Сайназарова менен бир тууган агасы Максутаали Сайназаровдун айтымында, келин 18 жашында турмушка чыккан. Акыркы күндөрү келин жолдошу жана кайын журту тарабынан кордук көрүп жүргөнүн айтып келген. Ал медайым болуп иштеген, бирок жолдошу кызганып, жумуштан чыгууга мажбурлаганын жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, окуядан эки күн мурда келин ата-энесинин үйүнө качып келген. Ал мындан ары жолдошу менен жашагысы келбей турганын, ажырашууну кааларын айткан.

"Жолдошум менен жашагым келбей калды, апа. Ушунчалык коркуп калдым. Кайненем тынч жашатпай жатат, күйөөмө урдурат. Ажырашам", — деп келди эле кызым. Бирок эртеси күнү кайнатасы кызымдын артынан келип, уулу менен сүйлөшүп, келиниме мындан ары жаман мамиле жасатпай турганын айтып, жалынып-жалбарып атып алып кетти эле. Биз да үч баласы бар, элдешип кетсин деп ишенип бердик. Кызымды өлтүрүп коёт деп ойлогон эмесмин", — деди маркумдун энеси Шарапат Сайназарова.

Маркум Дилфуза Сайназарованын той күнү түшкөн сүрөтү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маркум Дилфуза Сайназарованын той күнү түшкөн сүрөтү

"Кызымдын сөөгүн талаадан таап келдик"

Маркумдун жакындарынын айтымында, келин кайын журту менен бир айылда жашачу. Энеси кызы менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө да кайненесинен коркуп, эркин сүйлөй албаганын белгиледи. Эненин айтымында, кызы каза болордон бир күн мурда ага телефондо тамак жасап, пирог бышырып, суу ташып жатканын айткан.

Эртеси күнү маркум Дилфуза Сайназарованын кайнатасы кыздын жакындарына телефон чалып, келиндин сөөгү талаада жатканын кабарлаган. Келиндин бир тууганы окуя болгон жерге барганда анын сөөгү муздап калганын көргөн.

"Уулум карындашын алып кеткени барганда кызымдын сөөгүн талаадан таап, унаага салып үйгө алып келди. Бети-башы шишип, жанчылып, оозу жырылып, маңдайы жарылып калган. Моюнунда муунтуунун издери бар экен. Биз дароо ооруканага алып бардык. Дарыгерлер кызыбыз өлүп калганын айтышты", — деди маркумдун энеси.

Жакындарынын божомолунда, келинди жолдошу үйдөн сүйрөп чыгып, талаага алып кеткен. Ошондой эле аны муунтуп, башына оор жаракат келтирген болушу мүмкүн деп эсептешет.

Маркумдун туугандарынын айтымында, келиндин жолдошун айылдан милиция кызматкерлери кармап кеткен.

Маркум Дилфуза Сайназарованын артында үч баласы калган. Кенже уулу эки жашта. Ортончусу төрт, чоң баласы беш жашта.

Окуя боюнча маркумдун жолдошу жана кайын журту менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Би-Би-Си экинчи тараптын да пикирин угууга даяр.

Милициянын маалыматы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Милициянын маалыматына караганда, 2026-жылдын 31-октябрында саат 11:20 чамасында Кызыл-Кыя шаардык ЖДПБга телефон аркылуу Караван айылынын тургуну, 2002-жылдын 25-январында туулган Д.С. каза болгон абалда ооруканага жеткирилгендиги тууралуу кабар түшкөн.

"Аталган маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин Маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун өлүмүнө жолдошу, 1995-жылдын 25-августунда туулган М.К.нын тиешеси бар экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБдин ТК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3, 7-пункттарында каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. 2026-жылдын 31-октябрында М.К. жактоочунун катышуусунда шектүү катары суралып, саат 16:12де Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген" деп айтылат милициянын маалыматында.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 18 миң 862 факты катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4585 учурга же 32,1 пайызга көп.

WPS (Аялдар, тынчтык жана коопсуздук индекси) деп аталган көрсөткүчкө ылайык, Кыргызстан 2021 жана 2023-жылдары эки ирет катары менен Борбор Азияда аялдар үчүн кооптуу өлкө катары таанылган.