Флоридада Трамптын резиденциясына жакын жерде бизнес-учак кулап, тогуз адам каза болду

ва
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

АКШнын транспорт министри Шон Даффинин билдиришинче, жекшемби күнү Флорида штатындагы турак жайлардын биринде бизнес-учак кулап, борттогу тогуз адамдын баары каза болду.

Авиакырсык жергиликтүү убакыт боюнча12:50дө Крестхейвен шаарына жакын жерде болгон. Бул жер Палм-Бич аймагындагы президент Дональд Трамптын резиденциясы - Мар-а-Лаго имаратынан болжол менен 14 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кырсык болгон жерден тартылган кадрларда турак жай кварталындагы жолдо пайда болгон чуңкур, өрт чыккан жерлер жана айланага чачырап кеткен Learjet 60 учагынын сыныктары көрүнөт.

АКШнын Федералдык авиация башкармалыгынын (FAA) маалыматына караганда, учак Техас штатындагы Остин шаарынан учуп чыгып, Багам аралдарын көздөй багыт алган.

АКШнын транспорт министри Шон Даффи окуяны "үрөй учурган трагедия" деп атап, FAA кырсыктын себептерин иликтеп жаткан Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук кеңешке (NTSB) көмөк көрсөтүү үчүн адистер тобун жөнөтүп жатканын билдирди.

Палм-Бич округунун шерифинин кеңсеси кырсык алты тилкелүү Military Trail жолунда болгонун билдирди. Жолдун боюнда соода имараттары жана коомдук тамактануучу жайлар жайгашкан.

"Айдоочуларга бул аймактан алыс болуп, айланып өтүүчү жолдорду тандоо сунушталат", - деп айтылат шерифтин кеңсесинин билдирүүсүндө.

Азырынча учактын бортунда кимдер болгону, ошондой эле жерде жүргөн адамдардын арасынан жабыркагандар бар-жогу белгисиз.