Президент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды

Бир нече жаранга мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдары ыйгарылды

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана кесиптик жетишкендиктери үчүн бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарды. Тиешелүү жарлык Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата кабыл алынган.

"Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы беш адамга ыйгарылды. Алардын арасында Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору, композитор Муратбек Бегалиев, мугалим Бектур Исаков, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетов жана медицина тармагынын өкүлү Дуйша Кудаяров бар. Маркум ырчы, аткаруучу жана обончу Рысбай Абдыкадыровго да бул сыйлык ыйгарылды.

III даражадагы "Манас" ордени менен жети адам сыйланды. Алардын арасында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Медетбек Букуев , журналистика тармагындагы эмгеги үчүн К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу Тилектеш Ишемкулов да бар.

"Эрдик" ордени Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кезмет кызматынын башчысы, подполковник Максатбек Бусурманкуловго жана Суучулдар кызматынын терең суудагы куткаруучу-суучулдар бекетинин башчысы, лейтенант маркум Аскарбек Казыбековго ыйгарылды.

"Даңк" ордени менен алты адам, ал эми "Достук" ордени менен Өзбекстандын маданий ишмери, жазуучу жана журналист Ахмаджон Мелибоев сыйланды.

Ошондой эле бир катар адистерге мамлекеттик ардак наамдар берилди. Алардын арасында "Кыргыз Республикасынын эл мугалими", "Кыргыз Республикасынын эл врачы", "Кыргыз Республикасынын эл артисти", "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу", "Кыргыз Республикасынын эл акыны" жана "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү" наамдары бар.

"Кыргыз Республикасынын жаратманы" наамына мамлекеттик ишмер, айыл чарба тармагынын ардагери Таштанбек Акматов жана Улуу Британиядагы EnsiliTech биотехнологиялык стартапынын тең уюмдаштыруучусу, Бата университетинин химия профессору Асель Сартбаева татыды.

"Кыргыз Республикасынын сыймыгы" ардак наамы акын Анатай Өмүркановго жана Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Саламатхан Садыковага ыйгарылды.

Мындан тышкары, медицина, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, коопсуздук, спорт, курулуш жана башка тармактарда эмгектенген ондогон адистер "Ардак" медалы менен сыйланды.