Түркияда ФЕТО уюмуна байланышы бар деп кармалган кыргызстандык бошотулду

Түркияда диний аалым Фетхулла Гүлендин уюмуна (ФЕТО кыймылы) байланышы бар деп кармалган кыргызстандык Эрмек Сабыржанов 9-сентябрда сот залынан бошотулду. Бул тууралуу анын жубайы Аделина Касымова Би-Би-Сиге билдирди.
Касымованын маалымдашынча, Сабыржановдун соту Измир шаарында өтүп, ага мекенине кайтууга уруксат берилди.
"Эрмектин өзү менен сүйлөштүм. Аны бошотушуптур. Депортация жана башка нерселери жок, таза бошотулду деп айтышыптыр. Эмки апта Кыргызстанга кайтат экен. Ага чейин тиешелүү процедуралардан өтүшү керек экен", - деди Касымова.
Би-Би-Си маалыматты Эрмек Сабыржановдун Түркиядагы адвокаты Эрдем Атмажадан да тастыктады:
"Акыркы чечим азырынча жарыялана элек, документтер дагы эле иштелип жатат. Бирок, ушул баскычта сот Эрмек Сабыржановду түрмөдөн бошотуп, анын өлкөсүнө кайтуусуна уруксат берди деп айта алабыз", - деди жактоочу.
Үстүбүздөгү жылдын 22-майында Эрмек Сабыржанов үй-бүлөсү менен Бишкектен Кипрге Анкара аркылуу эс алууга бара жатканда, аны аэропорттон кармап кетишкен. Маалыматтарда ал диний аалым Фетхулла Гүлендин ФЕТО кыймылына байланышы бар деп шектелип жатканы айтылган. ФЕТО 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен бери Түркияда террордук уюм деп саналат.
34 жаштагы кыргыз жараны Эрмек Сабыржановго коюлган айыптар анын Түркияда билим алган 2016-жылга чейинки мезгилине жана Озел Гедиз жеке университетинде (Özel Gediz Üniversitesi) окуган учуруна туура келерин, ошондуктан коюлган дооматтар негизсиз экенин анын жактоочусу Эрдем Атмажа буга чейин Би-Би-Сиге маалымдаган.
Сабыржановдун жакындары президентке кайрылып, аны камактан бошотуп, Кыргызстанга кайтып келишине жардам берүүсүн суранып келишкен.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Сабыржановдун жакындары менен байланышта экенин жана жана бул иш президенттин көзөмөлүндө турганын айтышкан.
Былтыр Фетхулла Гүлендин кыймылына байланыштуу Түркияда кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу да кармалган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин ага Кыргызстанга чыгып кетүүгө уруксат берилген.
































