АКШ Конгрессине өтүүчү аралык шайлоонун жыйынтыгынан эмнени күтүүгө болот?

Reuters
    • Author, Павел Феденко
    • Role, Би-Би-Си Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Эки жыл мурун Дональд Трамп АКШдагы президенттик шайлоодо ишенимдүү жеңишке жеткен. Ошол кезде шайлоочулардын көпчүлүгү ага добуш беришкен. Бирок азыр анын мындай деңгээлдеги колдоосу тууралуу айтуу кыйын. Америкалыктар башка саясий күчтөрдү да карап, альтернативдүү варианттарды издей баштады. Бул жагдай демократтарга Конгресстин бир палатасын, балким, эки палатасын тең көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Мындай өзгөрүү президенттин ишин дагы татаалдаштырышы мүмкүн.

Шейшемби күнү АКШда аралык шайлоо өтөт. Анда Өкүлдөр палатасынын бардык 435 мүчөсү, Сенаттын үчтөн бир бөлүгү, бир катар штаттардын губернаторлору жана мыйзам чыгаруу органдарынын мүчөлөрү, жергиликтүү деңгээлдеги башка кызмат адамдары шайланат.

Бул шайлоодо президент шайланбайт. Мындай жагдай шайлоого катышкандардын санын азайтат. Көп жылдык тажрыйба көрсөткөндөй, аралык шайлоолорго көбүнчө саясий көз карашы бекем жана шайлоого катышууга кызыкдар адамдар барышат. Алардын арасында, айрыкча, эки жыл мурунку президенттик шайлоодо жеңилгенден кийин кайрадан саясий жеңишке жетүүнү каалаган президенттин каршылаштары активдүү болушат.

Бул шайлоодо кайсы партиянын мүмкүнчүлүгү кандай? Эгер демократтар Өкүлдөр палатасы менен Сенаттагы көзөмөлдү колго алса, эмне өзгөрөт? Трампка карата кайрадан импичмент жарыялоо мүмкүнчүлүгү барбы?

Тарых кайталанат

АКШда президенттик шайлоо учурунда шайлоочулар кыйла активдүү катышат. Көпчүлүк шайлоочулар бардык кызматтарга бир эле партиянын өкүлдөрүнө добуш беришет. Ошондуктан президенттик шайлоодо жеңишке жеткен партия көп учурда Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүк орунга ээ болот. Мисалы, 2024-жылы республикачылар Сенатта да, Өкүлдөр палатасында да көпчүлүктү түзүшкөн. 2020-жылы Конгресстин эки палатасын тең демократтар көзөмөлдөгөн.

Бирок шайлоодон эки жыл өткөндөн кийин бийликтеги партия, адатта, Өкүлдөр палатасындагы орундарын жогото баштайт. Бул - АКШнын саясий тарыхында көптөн бери байкалып келе жаткан көрүнүш. Айрыкча партиянын артыкчылыгы башынан эле аз болсо, ал тургай палатадагы көпчүлүктөн ажырап калышы мүмкүн. Акыркы он жылда мындай көрүнүш бир нече жолу кайталанган. Бул 2018 жана 2022-жылдардагы акыркы эки аралык шайлоодо да байкалган.

Мындан 20 жылдан ашык убакыт мурун мындай көрүнүштөн эки өзгөчө учур болгон. 1998-жылы Билл Клинтон президент болуп турганда демократтар Өкүлдөр палатасындагы орундарын көбөйткөнү менен, көпчүлүктү түзө алышкан эмес. 2002-жылы Жорж Буш президент болуп турган учурда республикачылар палатадагы өз үстөмдүгүн дагы бекемдешкен.

Эки учурда тең президенттердин эл арасындагы колдоо деңгээли өтө жогору болгон. Саясат таануучулар президенттин популярдуулугу менен анын партиясынын аралык шайлоодогу жыйынтыгынын ортосундагы байланышты көптөн бери белгилеп келишет.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Мени да шайлоо бюллетенине киргизип койдуңар деп элестеткиле",- деп Трамп өз тарапташтарын шайлоого катышууга чакырган. Ал мындай билдирүүнү сентябрдын башында республикачылар уюштурган жыйында жасаган. Белгилей кетсек, мындай жыйындар адатта президенттик шайлоонун алдында өткөрүлөт. Ошондуктан Трамптын бул чакырыгы өзгөчө көңүл бурдурган.

Трамп саясатка аралашкандан бери өзү президенттикке талапкер болбогон шайлоолордо республикачылар жакшы жыйынтык көрсөтө албай келишкен. Албетте, мындай тажрыйбага таянып, жалпы жыйынтык чыгаруу кыйын. Бирок ошентсе да, 2018-жылдагы аралык шайлоодо республикачылар бардык көрсөткүчтөр боюнча жеңилүү ызасын тартышкан.

2022-жылы болсо, эл арасында кадыр-баркы деле анчейин эмес 79 жаштагы президент Жо Байден бийликте турганына жана бензиндин баасы кымбат болгонуна карабастан, республикачылар чоң жеңишке жетише алган эмес. Алар "кызыл толкун" болот деп күтүшкөн. Бирок жыйынтыгында Өкүлдөр палатасында болгону бир нече орунга гана ээ болушкан.

Быйыл Трамп 80 жашка толду. Ал эми ар кандай сурамжылоолордун орточо жыйынтыгы боюнча анын эл арасындагы колдоо рейтинги 36-37 пайыздын тегерегинде. Салыштырып айтсак, 2022-жылдын октябрында Жо Байдендин да, 2018-жылдын октябрында Дональд Трамптын да рейтинги мындан жогору болгон. The New York Times гезитинин аналитиги Нейт Кон белгилегендей, бул - бери дегенде XX кылымдын ортосунан бери аралык шайлоонун алдында катталган президенттин эң төмөнкү рейтинги.

Учурда АКШда бензиндин бир галлону (3,785 литр) орточо эсеп менен 4,25 доллар турат. 2022-жылдын октябрында анын баасы 3,80 доллар болгон. Кымбатчылык күйүүчү май менен эле чектелбейт. Азык-түлүктүн, электр энергиясынын жана күнүмдүк жашоодо зарыл болгон башка көптөгөн товарлар менен кызматтардын баасы да өсүүдө. Бул көрүнүш коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарында даана байкалууда.

АКШда аралык шайлоолордо тышкы саясат маселеси, эгерде анын кесепеттери америкалыктарга түздөн-түз таасир этпесе, адатта, негизги талкуу темасына айланбайт. Бул жолу Трамп күйүүчү майдын кымбатташын өзүнүн Иранга каршы аскердик аракеттери менен эмес, Орусиянын Украинага каршы согушу менен көбүрөөк байланыштырууга аракет кылды.

Reuters