Запорожье облусунда гуманитардык жардам таратуучу жайга сокку урулуп, кеминде 26 адам каза болду

Сокку
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Запорожье облусундагы Камышеваха шаар тибиндеги айылдагы гуманитардык жардам таратып жаткан мектепке абадан сокку урулуп, кеминде 26 адам каза болду. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. Украинанын президенти Володимир Зеленскийдин айтымында, сокку урулган учурда мектепте жергиликтүү тургундарга гуманитардык жардам таратылып жаткан.

Зеленский Telegram баракчасына жазган билдирүүсүндө, Камышевахада гуманитардык жардам таратуу үчүн пайдаланылып жаткан мектепке сокку урулганын айтты. Анын маалыматына караганда, ошол күнү эртең менен айылга бир нече жолу авиабомбалар ташталган. Биринчи соккудан кийин дагы тогуз авиабомба менен кайрадан сокку урулган. Чабуул адамдар баш калкалап жаткан жайга да жасалган.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын акыркы маалыматына ылайык, каза болгондордун саны кеминде 26 адамга жеткен. Алардын арасында эки куткаруучу жана төрт полиция кызматкери бар. Дагы беш адам жаракат алган, алардын экөө куткаруучулар.

State Emergency Service of Ukraine

Кызматтын Telegram каналында жазылгандай, куткаруучулар менен полиция кызматкерлери окуя болгон жерге келгенден кийин кайрадан аткылоо коркунучу жаралган. Ошондуктан өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери баш калкалоочу жайга жашынууга аргасыз болушкан. Дал ошол учурда экинчи сокку урулган.

"Спорт зал жана чарбалык имарат талкаланып, окуу жайдын имараты жабыркаган. Өрт-куткаруу кызматынын унаасы жок кылынган",- деп айтылат кызматтын билдирүүсүндө.

Буга чейин каза болгондордун саны 18 адам деп айтылып жаткан учурда Запорожье шаардык кеңешинин катчысы Регина Харченко 27 адам дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Запорожье облустук мамлекеттик администрациясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Михаил Семикин сокку поселоктун борборуна ФАБ-3000 башкарылуучу авиабомбалары менен урулганын билдирди. Анын айтымында, бул учурда адамдар гуманитардык жардам алып жатышкан.

Ал ошондой эле куткаруу иштерин дрондордун чабуул коркунучунан улам убактылуу токтотууга туура келип жатканын айтып, видео жарыялаган.

Зеленский Алешкидеги гуманитардык миссиядан кийин тынчтыкка жетүү мүмкүнчүлүгү бардай сезилген учур болгонун белгиледи. Бирок анын пикиринде, Орусия бул окуя аркылуу тескери белги берип жатат.

State Emergency Service of Ukraine