Санкциялык тобокелдиктер: Кыргызстан дагы 40ка жакын компанияны текшерип жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, BBC Monitoring
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Евробиримдик Кыргызстандагы дагы бир коммерциялык банкка каршы жаңы санкцияларды киргизгенден кийин өлкөнүн Улуттук банкы кырдаалга "туруктуу мониторинг жүргүзүп жатканын" жана санкциялардын өлкөнүн каржы тутумуна тийгизчү таасирин азайтуу үчүн чараларды көрөрүн билдирди.
"Учурда банк сектору туруктуу, жетиштүү капиталдаштырылган жана ар кандай тышкы тобокелдиктерге жетиштүү ликвиддүүлүккө жана туруктуулукка ээ. Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп, кардарларга үзгүлтүксүз банктык кызматтарды көрсөтүп жатышат. Улуттук банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана "Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүүнү улантат жана зарыл болгон учурда санкциялардын өлкөнүн финансылык системасына мүмкүн болуучу таасирин азайтууга багытталган тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлөт" деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.
23-июлда Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 21-пакетин кабыл алган. Жаңыланган тизмеге Кыргызстандагы "ЭкоИсламик Банк" да киргизилди. Маалыматтарда банк Орусиянын эл аралык SWIFT төлөм системасынын аналогу менен байланышта.
Бирок EcoIslamicBank санкциялык тизмеге кирген жеке адамдарга же компанияларга кызмат көрсөтүүгө байланыштуу эч кандай операция жүргүзбөгөнүнө ишендирүүдө.
Банктын өкүлдөрү бул тууралуу 27-июлда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыков төрагалык кылган эл аралык санкцияларды сактоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга арналган жумушчу жыйында билдиришкен.
"ЭкоИсламик Банк" ички комплаенс-көзөмөл талаптарына жана финансылык мониторингдин эл аралык стандарттарына ылайык иш алып барат", - дешкен алар.
Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөт өкүлдөрү, Улуттук банк жана коммерциялык банктар катышкан жыйында ведомстволор аралык жумушчу топ 2026-жылдын июнь айынын аягынан бери санкциялык тобокелдиги жогору деп эсептелген 40ка жакын компанияны аныктаганы маалымдалган.
"Бул компанияларга карата текшерүүлөр жүрүп жатат. Алардын жыйынтыгына жараша Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат", - деди министрлик.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга аныкталган компанияларды бир жуманын ичинде толук текшерип бүтүрүү тапшырмасы берилген.
Маалыматка ылайык, ведомстволор аралык жумушчу топтун мурунку жыйынынан бери өткөн үч жуманын ичинде санкциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында Кыргызстанда катталган Shisan LLC, Rama Group LLC жана Nova Project LLC компанияларынын ишмердүүлүгү токтотулган. Ошондой эле бир криптовалюта компаниясынын лицензиясы жокко чыгарылган.
Жыйында сөз сүйлөгөн экономика жана коммерция министри, президенттин санкциялар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыков катышуучуларга Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин жана АКШнын Каржы министрлигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген.
"Кыргыз Республикасы тарабынан санкциялык режимдерди кыйгап өтүүгө жол бербөө механизмдерин өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга эл аралык өнөктөштөр оң баа берип жатканы белгиленди. Тактап айтканда, санкциялык тобокелдиктери жогору болушу мүмкүн болгон компанияларга карата текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө, ошондой эле компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан кошумча иликтөөнү талап кылган субъекттерди аныктоодо жетишилген прогресс белгиленди. Ошону менен катар конструктивдүү диалогду улантуунун жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара кызматташууну мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди",- деген ал.
Май айында Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиги жогору операцияларга тиешеси болушу мүмкүн делген 50 юридикалык жакты бир учурда жоюу тууралуу буйрук чыгарганы кабарланган. Маалыматка ылайык, компаниялардын тизмесин Экономика жана коммерция министрлиги эл аралык санкцияларды айланып өтүү аракеттери тууралуу маалыматтарды талдап чыккандан кийин сунуштаган.
Бул чара Кыргызстандын экономикасын коргоого жана Батыш өлкөлөрү киргизиши мүмкүн болгон экинчи даражадагы санкциялардын терс кесепеттерин алдын алууга багытталган деп айтылган.
Буга чейин Евробиримдик Орусияга станокторду, телекоммуникация жабдууларын, электрониканы жана төлөм инфраструктурасын кайра экспорттоп жатат деген шек менен Кыргызстандын бир катар компанияларына санкция киргизген.
Ошондой эле Евробиримдик "Толубай банк" менен "Евразия Сактык Банкы" банктарын санкциялык тизмесине кошкон. Ал эми "Керемет банк" АКШ тарабынан 2025-жылдын январында, Улуу Британия тарабынан 2025-жылдын февралында жана Евробиримдик тарабынан 2026-жылдын апрелинде санкцияга алынган.
Кыргызстан бул санкциялар өлкөнүн экономикалык өсүшүнө терс таасир этиши мүмкүн деген кооптонуу менен Евробиримдик менен аларды алып салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.
Июлдун башында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кыргыз компанияларына карата Батыштын санкцияларын алып салуу багытында жетиштүү аракет көрбөгөнү үчүн министрликтин кызматкерлерин сынга алган.
Ал бул тууралуу 2026-жылдын биринчи жарымындагы Тышкы иштер министрлигинин ишинин жыйынтыктарына арналган кеңешмеде айткан.
Май айында премьер-министр Адылбек Касымалиев кыргыз банктарына каршы киргизилген санкцияларды "адилетсиз" деп атап, Кыргызстан Орусияга Батыштын санкцияларын айланып өтүүгө жардам берип жатат деген дооматтарды четке каккан.
Ал эми президент Садыр Жапаров 2025-жылы Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө бул санкцияларды "негизсиз" деп атап, аларды Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү жана өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук жараткан басым катары мүнөздөгөн.
































