Ван Инин сапары, кыргыз-кытай кызматташтыгы жана жер маселесинен чыккан талкуулар

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Садыр Жапаров Чолпон - Ата шаарында Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Анда мамлекет башчысы эки өлкөнүн кызматташтыгын, биргелешкен долбоорлорду талкуулап, чет элдик компаниялар Кыргызстанда мыйзамдарды жана жергиликтүү салттарды сактоого тийиш экенин белгиледи. Ван Инин сапары өлкөдө кытай жарандары жана чет элдик инвесторлорго байланыштуу коомдук талкуу күчөгөн учурга туш келди. Ал арада укук коргоо органдары мыйзамсыз митингге чакырган социалдык тармактын колдонуучусу кармалганын билдирди.
Президент Садыр Жапаров 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы, инфраструктуралык долбоорлор, транспорттук-логистикалык байланыштар, айыл чарба, маданий-гуманитардык кызматташтык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланганын президенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Президент Садыр Жапаров транспорт, инфраструктура, соода жана инвестиция тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү экенин белгиледи" деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы ошондой эле чет элдик компаниялар, анын ичинде кытайлык ишканалар Кыргызстандын мыйзамдарын сактоосу зарыл экенин белгилеген.
"Мамлекет башчысы Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды ырааттуу түзүп, зарыл болгон инвестициялык климатты камсыз кылып жатканына токтолду. Муну менен катар Президент бардык чет өлкөлүк компаниялар, анын ичинде кытайлык тараптын катышуусундагы ишканалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кынтыксыз сактоого, кыргыз элинин каада-салттарын жана маданиятын урматтоого, ошондой эле өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуулук жана ачык-айкындуулук принциптерине ылайык жүргүзүүгө тийиш экенин өзгөчө баса белгиледи" деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Өз кезегинде Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президентке Кытай лидери Си Цзиньпиндин саламын жеткирип, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору бааларын билдирди. Ал эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга Кытай даяр экенин белгилеген.
Ван И менен менен 25-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да сүйлөшүү өткөрдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жолугушууда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга күтүлүп жаткан мамлекеттик сапарына даярдык көрүү маселелери жана эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыттары талкууланды.
Ван И Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин сапары Кыргызстанда кытайлык жарандарга байланыштуу талкуулар күчөгөн учурга туш келди.
Анын үстүнө бул талкуулар Шанхай кызматташтык уюмунун самммити жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сапары да күтүлүп жатканы кезде болуп жатат.
Талдоочу Марс Сариевдин оюнча, талкуулардын ушул кезде күчөп кеткени бийлик үчүн күтүүсүз болду.
"Мен күтүүсүз болду деп ойлойм. Августта ШКУ башталат. Си Цзиньпин келет. 21 өлкөнүн делегациясы келет", - деди талдоочу.
Ал акыркы окуялардын геосасий оюндар жана президенттик шайлоо менен байланышы болушу мүмкүн деп божомолдойт:
"Кытай азыр Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салып жатат. Ал бүтсө геосаясат өзгөрөт да. Тышкы оюнчулар да бар. Аларга бул кырдаал жакпайт. Экинчиден, январда президенттик шайлоо да болот."
Ал эми экономист Кубан Чороев чоң державаларга байланыштуу талкуулар кыргыз коомунда дайыма болуп келгенин белгиледи.
"Кыргызстанда акыркы 30 жылда ар түрдүү пикирлер айтылган. Бир эле Кытай эмес, Түркия, Орусия жана башка мамлекеттер боюнча да көптөгөн талкуулар болуп келгенин билебиз. Кайсы бир убакта бул пикирлер курч деңгээлде болгон же кээде төмөн деңгээлде айтылып келген. Эгер коомдо ушундай талкуулар болуп турса, бийлик тараптан да, башка тараптан да, бардыгынан адекваттуу пикирлер жаралышы керек. Орток пикир дайыма жакшы пикир деп эсептелет. Бул экономикалык, инвестициялык маселе болгондуктан, албетте, коомдо талкууларды жаратат. Бул бийликке, өкмөткө кандайдыр бир жардам берет. Бийлик туура реакцияларды жасаса, аны коом да көрөт. , - дейт экономист.
Бийлик кытай темасына байланыштуу түшүндүрүү иштерин да күчөтүп жаткандай.
Соңку бир аптада президент Садыр Жапаров жерди арендага берүү, инвесторлор, чет элдик жумушчулар боюнча темаларына эки ирет кайрылды.
Ал эми 25-июлда Юстиция министри Аяз Баетов кыргыз-кытай темасы тууралуу Фейсбук баракчасына пост жазды.
"Жерлерди 49 жылга ижарага берүү боюнча: Бул мыйзам 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Ошол жылдардан бери жерлерди 49 жылга алып алышып, бирок эч нерсе салбай жөн эле кармап жаткандар бар экен. Чет өлкөлүктөр эле эмес, биздин өзүбүздүн жарандар да бар. Ошондуктан Президент бизге тапшырма койгон: "Биринчи дароо эле 49 жылга эмес, 10 жылга берели. Инвестиция салса 25 жылга узарталы. Келишимде көрсөтүлгөн сумманы толук салса анан 49 жылга узарталы. Ушул маселени карап көргүлө" деген. Азыр каралып жатат. Албетте жерлерибиз резина эмес. Мурдакы эле берилген жерлер жөнүндө кеп болуп жатат. Жаңы жерлер бериле турган болсо жогорудагы шарттар менен мамлекеттин гана пайдасына берилет", - деди министр.
Ошол эле кезде Аяз Баетов миграция жана тышкы карыз маселесине да токтолгон. Анын айтымында, Кыргызстанга кирип - чыккандардын саны боюнча Кытай жарандары 5-орунда турат.

Сүрөттүн булагы, Courtesy
"Тышкы карыз боюнча: Кытай Эл Республикасынан Алмазбек Атамбаевдин убагында 1 миллиард 796 миллион 853 мин 530 доллар карыз алынган. 2020-жылдан бери бир да доллар Кытайдан карыз алынган жок. Тескерисинче 419 миллион 840 мин 537 доллары кайтарылды. 1 миллиард 377 миллион 12 мин 993 доллар калды. Өз убагы менен төлөнүп келе жатат", - деген Баетов.
Быйылкы расмий маалыматтарда Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9,8 миллиард АКШ долларын түзгөнү маалымдалган. Анын 4,6 миллиарды ички, 5,2 миллиарды тышкы карыз. Тышкы карыздын көп бөлүгү - 1 млрд 500 млн доллар Кытайга төлөнө турган карыз.
Анткен менен Кыргызстан быйыл Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору үчүн Бээжинден карыз алууга ниеттенүүдө.
Азыркы бийлик карыздар пайдалуу гана долбоорлорго алынып жатканын, кооптонууга негиз жоктугун билдирип келет.
ИИМ: Митингге катышууга чакырган адам кармалды
25-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы социалдык тармактарда мыйзамсыз митингге чакырык жасаган деген шек менен бир адам кармалганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, милиция кызматкерлери социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө Threads платформасындагы аккаунтта чет өлкөлүк жарандар тууралуу терс мазмундагы билдирүүлөр үзгүлтүксүз жарыяланып, ошондой эле коомдук тартипти бузууга алып келиши мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттерге чакырыктар таратылган.
"Аталган аккаунт аркылуу чет элдик жарандарына карата терс мүнөздөгү маалыматтар системалуу түрдө таратылып, ошондой эле коомдук тартиптин бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон мыйзамга каршы аракеттерге чакырыктар жарыяланган. Тактап айтканда, 2026-жылдын 23-июлуна Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында өтүшү пландалган мыйзамсыз митингге катышууга ачык чакырыктар аныкталган" деп билдирди Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы.
Аккаунттун ээси катары 2003-жылы туулган О.А. аттуу жаран аныкталган.
Милициянын маалыматына ылайык, Биринчи Май райондук соту ага эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандап, №21 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктарга, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция жарандарды социалдык тармактарда мыйзамсыз аракеттерге чакырган материалдарды таратпоого чакырып, мындай аракеттер мыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келерин эскертти.
24-июлда акыркы кезде жер маселеси боюнча пикирин билдирип келген активист Азамат Баяманов да кармалганы тууралуу маалыматтар чыгып, бирок ал расмий ырастала элек. 24-июлда түштөн кийин Баямановдун Фейсбук баракчасына аны жума намаздан кийин белгисиз адамдар алып кетишкени тууралуу кыска билдирүү жарыяланган.
"Бүгүн жума намазы аяктагандан кийин мечиттин чыга беришинен спорт дене түзүлүштөгү белгисиз адамдар Азамат Баямановту унаага күчкө салып отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишти" деген билдирүү азыр да турат.
Укук коргоо органдары Азамат Баяманов тууралуу маалымат берише элек.
Акыркы күндөрү ал өкмөт сунуштаган мамлекеттик жерлерди чет өлкөлүк инвесторлорго 50 жылга чейин пайдаланууга берүү демилгесине каршы экенин билдирип, бул тууралуу бир нече видео кайрылуу жарыялаган.
Буга байланыштуу 22-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылганын айткан.
"УКМКнын сурагына кирип чыктым. Ал жерде бир нече саат кечээги видеокайрылуу боюнча суроолорго жооп бердим. Кызматкерлер сылык-сыпаа мамиле кылышты. Баары жакшы. Эң негизгиси, биз кайрылуу боюнча максатыбызга жеттик десек болот", – деген ал.
Жер маселеси боюнча коомдук талкуу күчөгөндөн кийин бул темада пикирин билдирген башка да блогерлер, активисттер күч түзүмдөрүнө чакырылып, сүйлөшүүгө кирип чыгышканын билдиришти.
Министрлер кабинети 14-июлда мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин чет өлкөлүк инвесторлорго 50 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгүн караган жобого өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Бул маалыматтан кийин коомдо кызуу талкуу пайда болгон.
Президент Садыр Жапаров соңку күндөрү бир нече жолу чет өлкөлүк жарандарга жер сатылбай турганын, аларга мыйзамда каралган мөөнөткө гана пайдаланууга берилерин билдирген.
Анын айтымында, чет өлкөлүк инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү Кыргызстанда буга чейин эле колдонулуп келген практика болуп саналат жана сунушталган өзгөртүүлөр инвесторлордун жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. Президент ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар жана компаниялар жерге менчик укугун ала албастыгын, жер мамлекеттин менчиги бойдон каларын белгилеген.
"Бишкектеги "Vefa Center", "Beta Stores" сыяктуу инвестициялык долбоорлор дагы дал ушундай узак мөөнөттүү ижара механизминин негизинде ишке ашкан. Алар бүгүн мамлекеттин мыйзамынан тышкары өз алдынча жашап жаткан жери жок. Тескерисинче, миңдеген жарандар иштеп, жүздөгөн ишкерлер бизнес жүргүзүп, мамлекетке туруктуу салык төлөп жатышат. Имаратын көтөрүп кетишкен жок. Көтөрүп кете да албайт. Эң башкысы, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар же чет элдик компаниялар жер тилкесине менчик укугун ала албайт. Жер кодексинин түз талабы ушундай. Алар белгилүү мөөнөткө ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат. Ошондуктан бүгүн бул маселени "жаңы мыйзам чыгып, эми жерди чет элдиктерге берип жатышат" деп көрсөтүү чындыкка дал келбейт", - деген Жапаров.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков болсо бул маселеге байланыштуу жалган маалымат таратып, коомдук кастыкты козутууга аракет кылгандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен.
Аны менен катар бийлик чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинен кытайлык мигранттардын катышуусундагы коомдук тартип бузуулар жана тил мыйзамдарынын талаптарын сактабоо учурларына байланыштуу чет элдиктерге түшүндүрүү иштерин күчөттү. Ошондой эле мыйзам бузгандарын жоопко тартып, айрымдарын депортация кылуу чечимдери да кабыл алды.
21-июлда Ички иштер министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, УКМК кызматкерлери Кыргызстандагы Кытай элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда чет элдик жарандар өлкөнүн мыйзамдарын, коомдук тартип жана жол эрежелерин так сактоо, маданиятын урматтоо керектиги талкууланды.
































