Испания: Бийлик Мадриддин жанындагы өрттү өчүрүүгө күчү жетпей жатканын билдирди

Сүрөттүн булагы, Alberto Ortega/Europa Press via Getty Images
Испаниянын бийлиги Мадриддин айланасындагы токойдогу өрттү ооздуктоо оор болуп жатканын билдирди. Буга чейин өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, Мадрид автономиясынын башчысы Исабель Диас Аюсо бул өрттү "аймактын тарыхындагы эң ири кырсык" деп атаган. Ошол эле учурда Франция менен Испанияда жалпысынан 270 миңге жакын адам коопсуз жайларга көчүрүлдү.
Испания
Мадридге жакын жерде күч алып жаткан токой өртү азыр эң кооптуу баскычында экенин жана аны өчүрүүгө өрт өчүрүү кызматтарынын күчү жетпей жатканын жума күнү аймактык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Карлос Новильо билдирди.
Анын айтымында, жалын Мадриддин батыш четинен бир нече ондогон чакырым алыстыкта жайгашкан Робледо-де-Чавела жана Фреснедильяс-де-ла-Олива муниципалитеттерин көздөй жайылып баратат.
"Бул аймакта өрт менен күрөшүү мүмкүн эмес. Ошондуктан азыр коргонуу чараларын көрүүгө мажбур болуп жатабыз", - деди Новильо журналисттерге.
Испаниянын Ички иштер министрлиги Би-Би-Сиге билдиргендей, ишембинин таңына карата Мадрид автономиясынан жана Авила провинциясынан 60 миңден ашуун адам эвакуацияланган.
AFP агенттиги менен жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, өлкө боюнча эвакуациялангандардын саны 70 миңден ашты.
Өрттөн улам Мадриддеги алыскы космостук байланыш комплекси да ишин токтотту. Бул - НАСАнын космостук аппараттар менен байланышууга мүмкүнчүлүк берген үч антенналык комплексинин бири.
Мадриддин аймактык өкмөтү түтүндүн зыяндуу таасиринен сактануу үчүн тургундарды мүмкүн болушунча үйлөрүнөн чыкпоого чакырууда. Анткени токой өрттөрүнөн улам шаардын айланасындагы райондордо абанын сапаты кескин начарлады.
Мадрид автономиясынын расмий сайтындагы билдирүүдө өзгөчө балдар, улгайган адамдар, кош бойлуу аялдар, ошондой эле дем алуу органдарынын же жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар этият болушу керектиги айтылат.
Бийлик түтүн үйгө кирбеши үчүн эшик-терезелерди жана бардык желдетүү тешиктерин жабууну, ошондой эле өтө зарыл болбосо сыртка чыкпоону сунуштады.

Сүрөттүн булагы, Alberto Ortega/Europa Press via Getty Images
Франция
Франциянын бийлиги өлкөнүн түштүк-батыш жээгиндеги Кап-Ферре тумшугун толугу менен эвакуациялоо тууралуу буйрук берди.
Жиронда аймагында кеңири аянтты каптаган токой өрттөрү ондогон миңдеген жергиликтүү тургундар менен эс алуучуларды жалындын курчоосунда калтыруу коркунучун жаратууда.
Би-Би-Синин Париждеги кабарчысы Хью Скофилд белгилегендей, Франциядагы токой өрттөрүнүн жайылышын токтотууга байланыштуу божомолдор үмүт жаратпай турат. Бир нече айга созулган ысык аба ырайы жана кургакчылык өтө кооптуу шарттарды түздү. Жакынкы күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми кийинки жумада абанын температурасы дагы жогорулай турганы болжолдонууда.

Сүрөттүн булагы, Thibaud MORITZ / AFP via Getty Images
Жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат үчтөр чамасында бийлик шамалдын багыты өзгөрүп, өрт Бордо шаарына жайылып кетиши мүмкүн деген кооптонуу менен анын айланасындагы жети шаарды толук эвакуациялоого буйрук берди. Бул аймактардан болжол менен 60 миң адам чыгарылды.
Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө жалпысынан 200 миңдей адам эвакуацияланган.
Франция менен Испанияда токой өрттөрүнөн улам коопсуз жайларга көчүрүлгөндөрдүн жалпы саны 270 миңден ашты.
































