"Өмүр бою насыя төгөмбү?" "Мадинанын" соодагерлери жаңы базардагы орундардын баасына нааразы

dfd
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бишкек мэриясы 30 жылдан ашык мезгилден бери иштеп келген "Мадина" базары 1-августтан тарта жабыла турганын билдирди. Базардагы айрым соодагерлер аларга сунушталган жаңы соода жайындагы шарттарга жана баасына нааразылык билдирип, шаар бийлигинен маселени кайра карап чыгууну суранышууда. Соодагерлерге "Мадинанын" жанында курулган жаңы соода жайдары сунушталууда.

Ишкерлердин айтымында, жаңы жайдагы соода орундарын сатып алуу үчүн бир чарчы метри болжол менен 3000 доллардан бааланууда.

"Жаңы жерге барганда ар бир чарчы метри 3000 доллардан деп айтышты. Азыр мындай баада турак жайлар да жок. Менин азыркы соода ордум 80 чарчы метр. Эсептетсем, 240 миң доллар төлөйсүз дешти. Мен азыркы ордум эмне болот деп сурасам, ал бизге тиешелүү эмес, кааласаңыз жаңы жерден 3000 доллардан алыңыз дешти", - деди ишкерлердин бири Айзада Токтогулова.

Учурда иштеп жаткан "Мадина" базары

Соодагерлердин айтымында, азыркы соода жайлары алардын жеке менчиги.

Учурда "Мадина" базарынын жанына жаңы соода объектилери курулуп бүткөнү менен, алар расмий түрдө пайдаланууга бериле элек. Алардын бири эки кабаттан турган узун соода комплекси болсо, анын айланасында дагы бир нече көп кабаттуу имарат жайгашкан.

Жаңы салынган соода жайлары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы салынган соода жайлары

Дагы бир соодагер Диля Абдиева аларга сунушталып жаткан жаңы базарда шарттар жетишсиз экенин белгиледи:

"Ал жерде кампалар жетишсиз, соода кылууга ыңгайлуу эмес. Бир күн барып келсем эле чарчап, бутум ооруп калды. Мен беш баланы жалгыз тарбиялайм. Өмүрүмдүн калган бөлүгүн ошол жердин насыясын төлөп өткөргүм келбейт."

Соодагерлердин маалыматына караганда, "Мадина" базарында болжол менен 1700 адам эмгектенет. Алар шаар бийлигинен же азыркы базарда иштөөгө уруксат берүүнү же жаңы жайда алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү өтүнүшүүдө.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Биз көчүүгө каршы эмеспиз. Бирок шарттарды жакшыртып, биздин азыркы аянтыбызга ылайык орун берип, жеңилдиктерди караштырып беришсе. Азыр баштапкы төлөм эле 30 миң доллар экенин айтып жатышат. Калганын бир жылдын ичинде төлөгүлө дешет. Андай акча бизде жок", - деп кошумчалады Диля Абдиева.

Соодагерлердин дагы бири бийликтин шаарды реконструкциялоо планына каршы эместигин айтып, бирок ишкерлердин кызыкчылыгы да эске алынышы керек экенин билдирди:

"Биз жаңы шаар курууга каршы эмеспиз. Бирок бул жерде өмүрүн өткөргөн адамдардын тагдыры эмне болот? Азыркы соода шартында мындай чоң сумманы төлөө мүмкүн эмес."

Расмий органдар азырынча бул жайлар ишкерлерге сатылары же ижарага берилери тууралуу маалымат бере элек.

Жаңы базардын администрациясы да соода орундарынын шарттары жана баалары тууралуу түшүндүрүү берише элек.

22-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Мадина" базарынын соода түйүндөрүнүн ээлери менен жолугушуп, маселени талкуулады. Жолугушууга шаардык милициянын, прокуратуранын, УКМКнын, архитектура жана курулуш тармагындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышты.

Мэрдин айтымында, муниципалитет ишкерлердин укуктары менен шаардын өнүгүүсүнүн кызыкчылыктарынын ортосунда тең салмактуу чечим табууга аракет кылат.

"Мен отуруп сиздер менен иштешкенге даярмын. Силердин кызыкчылыгыңарды жана укугуңарды коргогонго даярмын деп алдыңарга келип отурам. Ушул менен кошо биз жалпы шаардын өнүгүшүн жана кызыкчылыктарын унутпашыбыз керек. Силер айткан маселелердин баарын ортого коюп, тең салмакта карап, сунуштайлык",- деди мэр Айбек Жунушалиев.

Мэр Айбек Жунушалиев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мэр Айбек Жунушалиев

Жолугушуунун жыйынтыгында маселени кеңири карай турган атайын комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Комиссияны мэрдин орун басары Атай Муратбек жетектейт. Анын курамына жети ишкердин өкүлү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери кирери айтылган.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, "Мадина" базары 1-августтан тартып реконструкциялана баштайт. Бул иштер борбор калааны көрктөндүрүү жана өнүктүрүү программасынын алкагында жүргүзүлөрү айтылган.

Ишкерлерге базардын жанында курулган жаңы соода жайына көчүү сунушталган. Буга чейин базардын айланасындагы айрым соода жана коомдук тамактануу жайлары буздурулган.

Мэрия шаарды жаңылоо иштеринде ишкерлердин укуктары сакталууга тийиш экенин билдирип, түзүлгөн комиссиянын сунуштарынын негизинде акыркы чечим кабыл алынарын маалымдады.