Активист Азамат Баяманов эки айга камалды

Сүрөттүн булагы, Social media
Бишкектин Биринчи май райондук соту активист Азамат Баямановду 2026-жылдын 25-сентябрына чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Соттун маалыматына ылайык, 25-июлдагы токтом менен тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылып, Баямановго карата бөгөт коюу чарасы катары камак тандалды. Ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде (СИЗО-1) кармалат.
Соттун маалыматына караганда, Баямановго Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 4-бөлүгү жана 278-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык баш аламандыктар) боюнча айып тагылган.
Азамат Баямановдун камалганын жубайы да ырастады.
Баямановдун кармалганы тууралуу маалымат алгач 24-июлда түштөн кийин тарап, бирок ал кезде укук коргоо органдары расмий ырастаган эмес.
Анын алдында активисттин Facebook баракчасына жума намазынан кийин белгисиз адамдар аны күч менен унаага салып кетишкени тууралуу билдирүү жарыяланган.
"Бүгүн жума намазы аяктагандан кийин мечиттин чыга беришинен спорт дене түзүлүштөгү белгисиз адамдар Азамат Баямановду унаага күчкө салып отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишти", - деп айтылат билдирүүдө.
Акыркы күндөрү Азамат Баяманов жерлерди чет өлкөлүк инвесторлорго узак мөөнөткө пайдаланууга берүүгө каршы экенин билдирип, бул тууралуу бир нече видео кайрылуу жарыялаган.
Ал 22-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кирип - чыкканын билдирген.
"УКМКнын сурагына кирип чыктым. Ал жерде бир нече саат кечээги видеокайрылуу боюнча суроолорго жооп бердим. Кызматкерлер сылык-сыпаа мамиле кылышты. Баары жакшы. Эң негизгиси, биз кайрылуу боюнча максатыбызга жеттик десек болот", - деген Баяманов.
Жер маселеси коомдук талкууга түшкөндөн кийин бул темада пикирин билдирген башка да блогерлер менен активисттер күч түзүмдөрүнө чакырылып, алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнү маалымдалган.
Threads платформасынын эки колдонуучусу кармалды
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дем алыш күндөрү массалык башаламандыктар беренеси боюнча Threads платформасынын эки колдонуучусу кармалганын укук коргоо органдары билдирди.
25-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы социалдык тармактарда мыйзамсыз митингге чакырык жасаган деген шек менен бир адам кармалганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, милиция кызматкерлери социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө Threads платформасындагы аккаунтта чет өлкөлүк жарандар тууралуу терс мазмундагы билдирүүлөр үзгүлтүксүз жарыяланып, ошондой эле коомдук тартипти бузууга алып келиши мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттерге чакырыктар таратылган.
"Аталган аккаунт аркылуу чет элдик жарандарына карата терс мүнөздөгү маалыматтар системалуу түрдө таратылып, ошондой эле коомдук тартиптин бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон мыйзамга каршы аракеттерге чакырыктар жарыяланган. Тактап айтканда, 2026-жылдын 23-июлуна Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында өтүшү пландалган мыйзамсыз митингге катышууга ачык чакырыктар аныкталган" деп билдирди Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы.
Аккаунттун ээси катары 2003-жылы туулган О.А. аттуу жаран аныкталып, Биринчи май райондук сотунун чечими меен эки айга камакка алынган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктарга, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш иши козголгон.
Ал арада өзүн кармалган жаран - Асылбек Орозалы уулунун апасымын деп тааныштырган аял президентке кайрылуу жасады. Ал экинчи топтогу майып экенин, учурда мигрант болуп, Орусияда жүргөнүн айткан жана баласы үчүн кечирим сураган. Президенттен баласын чыгарып берүүсүн өтүнгөн.
Милиция жарандарды социалдык тармактарда мыйзамсыз аракеттерге чакырган материалдарды таратпоого чакырып, мындай аракеттер мыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келерин эскертти.
Дем алыш күндөру Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) да массалык башаламандык уюштурууга чакырык жасаган деген шек менен бир киши кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандык") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1984-жылы туулган К.Н.Б. аттуу жаран кармалган. Шектүү Threads социалдык тармагынын колдонуучусу катары "чагымчыл мүнөздөгү" билдирүүлөрдү үзгүлтүксүз жарыялап, массалык башаламандык уюштурууга, мыйзамсыз акцияларга катышууга чакырыктарды тараткан деп айтылат.
Учурда кармалган жаран Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
УКМК жарандарды мыйзамсыз массалык акцияларга тартууга багытталган материалдарды интернетте таратуу, ошондой эле массалык башаламандык уюштурууга жана ага чакырык жасоого мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.
Министрлер кабинети 14-июлда мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин чет өлкөлүк инвесторлорго 50 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгүн караган жобого өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Бул маалыматтан кийин коомдо кызуу талкуу пайда болгон.
Президент Садыр Жапаров соңку күндөрү бир нече жолу чет өлкөлүк жарандарга жер сатылбай турганын, аларга мыйзамда каралган мөөнөткө гана пайдаланууга берилерин билдирген.
Анын айтымында, чет өлкөлүк инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү Кыргызстанда буга чейин эле колдонулуп келген практика болуп саналат жана сунушталган өзгөртүүлөр инвесторлордун жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. Президент ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар жана компаниялар жерге менчик укугун ала албастыгын, жер мамлекеттин менчиги бойдон каларын белгилеген.
"Бишкектеги "Vefa Center", "Beta Stores" сыяктуу инвестициялык долбоорлор дагы дал ушундай узак мөөнөттүү ижара механизминин негизинде ишке ашкан. Алар бүгүн мамлекеттин мыйзамынан тышкары өз алдынча жашап жаткан жери жок. Тескерисинче, миңдеген жарандар иштеп, жүздөгөн ишкерлер бизнес жүргүзүп, мамлекетке туруктуу салык төлөп жатышат. Имаратын көтөрүп кетишкен жок. Көтөрүп кете да албайт. Эң башкысы, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар же чет элдик компаниялар жер тилкесине менчик укугун ала албайт. Жер кодексинин түз талабы ушундай. Алар белгилүү мөөнөткө ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат. Ошондуктан бүгүн бул маселени "жаңы мыйзам чыгып, эми жерди чет элдиктерге берип жатышат" деп көрсөтүү чындыкка дал келбейт", - деген Жапаров.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков болсо бул маселеге байланыштуу жалган маалымат таратып, коомдук кастыкты козутууга аракет кылгандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен.
Аны менен катар бийлик чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинен кытайлык мигранттардын катышуусундагы коомдук тартип бузуулар жана тил мыйзамдарынын талаптарын сактабоо учурларына байланыштуу чет элдиктерге түшүндүрүү иштерин күчөттү. Ошондой эле мыйзам бузгандарын жоопко тартып, айрымдарын депортация кылуу чечимдери да кабыл алынды.
21-июлда Ички иштер министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, УКМК кызматкерлери Кыргызстандагы Кытай элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту.
Анда чет элдик жарандар өлкөнүн мыйзамдарын, коомдук тартип жана жол эрежелерин так сактоо, маданиятын урматтоо керектиги талкууланды.




























