Жапониядагы жер титирөөдө 13 адам каза болду, кыйроолор бар

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock
28-июлда Жапониянын түштүгүндө болгон катуу жер титирөөдөн кеминде 13 адам каза тапканын өлкөнүн премьер-министри Санаэ Такаити билдирди.
"Он үч адам каза болду", - деди ал журналисттерге.
Каргаша болгон Кумамото префектурасынын бийлигинин маалыматына ылайык, дээрлик 10 миң адам эвакуацияланды, 37 миң үй-бүлө электр жарыксыз калды.
Буга чейин Кумамотодогу кулап түшкөн Aeon Mall соода борборунда эки аял каза болгону кабарланган. Би-Би-Синин кабарчылары дагы бир адам жүрөгү токтоп көз жумганын билдиришкен.
Шейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:27де Кюсю аралынын терең катмарында болгон жер титирөөнүн күчү 7,1 магнитудага жеткен.
Буга чейин префектуранын өкүлү Акино Сонода соода борборунан сегиз адам куткарылганын кабарлаган. Бийлик дайынсыз жоголгондордун саны жана катуу жабыркаган соода борборунун имаратында дагы деле камалып калган адамдар бар-жогу тууралуу маалыматты тактап жатат.
Каргашадан көп өтпөй Токиодогу кеңсесинде журналисттерге кайрылган Санаэ Такаити жер титирөөдөн улам жолдор менен көпүрөлөргө зыян келгенин айтты.
"Кумамото префектурасынын губернаторунун өтүнүчү боюнча учурда Өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн 3 600 аскер кызматкери кырсык болгон аймактарда куткаруу иштерин жүргүзүп жатат. Бул оор кырдаалда "адам өмүрү баарынан кымбат" деген принципти жетекчиликке алып, жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташып, кесепеттерди мүмкүн болушунча азайтуу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз", — деди премьер-министр.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жапониянын Метеорология агенттиги жер титирөөнүн очогу болгону 10 чакырым тереңдикте жайгашкандыктан күчтүү афтершоктор (жер титирөөдөн кийинки термелүүлөр) болушу мүмкүн экенин эскертти. Агенттиктин маалыматына ылайык, негизги жер титирөөдөн кийин 28-июлда жалпысынан 61 термелүү катталган.
Жапонияда магнитуда шкаласы менен катар өзүнүн сейсмикалык интенсивдүүлүк шкаласы да колдонулат. Ал нөлдөн жетиге чейин бааланат. Нөл деңгээлиндеги силкинүүнү адамдар дээрлик сезишпейт, ал эми жетинчи деңгээлде эмеректер ордунан жылып, сейсмикалык туруктуулугу төмөн имараттар кулап калышы мүмкүн.
Буга чейин NHK телеканалынын маалыматына ылайык, ооруканалардын бири 50дөн ашык жабырлануучуну кабыл алган. Nikkei басылмасы жер титирөө маалында ылдам жүрүүчү поездде болгон бир нече адам да жаракат алганын жазды.
NHK билдиргендей, негизги автожолдордо, анын ичинде эстакадаларда чоң жаракалар пайда болуп, жүк ташуучу поезд рельстен чыгып кеткен. Темир жол каттамдары токтотулуп, бир катар авиакаттамдар да жокко чыгарылган.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Кумамотодо поезд рельстен чыгып, капталына оодарылганын кабарлашты. Kyodo маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, окуя Яцусиро станциясында болгон.
Маалымат каражаттары көрсөткөн абадан тартылган сүрөттөрдө жер титирөө учурунда көпүрөнүн кулап түшкөнү да көрүнөт.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Коопсуздук текшерүүлөрүнө байланыштуу Кюсю аралындагы "Синкансэн" ылдам жүрүүчү поезддеринин жана жергиликтүү поезддердин кыймылы токтотулду. Ошондой эле Асо–Кумамото аэропортунун учуп-конуу тилкеси жабылды.
Дүйнөдөгү эң ири микрочип өндүрүүчүлөрдүн бири болгон TSMC коопсуздук чарасы катары бул аймактагы заводунун кызматкерлерин эвакуациялаганын компаниянын өкүлү билдирди.
Nikkei басылмасынын маалыматына ылайык, Sony жана Fujifilm компаниялары да аймактагы заводдорунун кызматкерлерин эвакуациялады. Буга чейин Sony компаниясынын өкүлү кырдаалды иликтеп жатканын билдирген.
Дайынсыз жоголгондор изделип жаткан Aeon Mall соода борборунун ичинде жер титирөөдөн кийин дагы жарылуу болгон. Aeon компаниясынын өкүлү биринчи силкинүүдөн кийин эле бардык кардарлар жана кызматкерлер эвакуацияланганын айтты. Куткаруучулардын жана жергиликтүү бийликтин алдын ала маалыматына ылайык, жарылууга газдын чыгып кетиши себеп болгон.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кадзуя Цурунага TBS телеканалына берген маегинде Aeon соода борборунан болжол менен 300 метр алыстыкта жайгашкан пабда жер титирөөдөн кийин сынган идиш-аяктарды жыйнап жаткан учурда жарылууну укканын айтты.
"Абдан күчтүү жарылуу болду. Асманга коюу түтүн көтөрүлдү. Шамал биз тарапка согуп жаткандыктан, айлана-тегерек вулкан күлү жаап жаткандай көрүнүп калды", — деди ал.
Дайынсыз жоголгондор изделип жаткан экинчи жайда - Кумамото префектурасынын Яцусиро шаарындагы Nippon Paper Industries кагаз фабрикасында мор кулап түшкөн.
NHK маалымдагандай, полиция менен өрт өчүрүү кызматкерлери заводдогу окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатышат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) маалыматына ылайык, жер титирөө эпицентрден болжол менен 100 чакырым алыстыкта жайгашкан Сэндай атомдук электр станциясынын коопсуздугуна коркунуч жараткан эмес жана станцияга зыян келтирген эмес.
X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө МАГАТЭ станция ишин кадимки тартипте улантып жатканын жана кырдаалга көз салып турушарын маалымдады.
Жапония дүйнөдөгү жер титирөө эң көп катталган өлкөлөрдүн бири. Бул өлкөдө жыл сайын ар кандай күчтөгү болжол менен 1 500 жер титирөө болот.
Мындан он жыл мурда, 2016-жылдын апрель айында, Кумамото префектурасында бир катар күчтүү жер титирөөлөр болуп, алардын эң ирисинин магнитудасы 7 болгон. Ошол кырсыкта 278 адам каза тапкан.

Сүрөттүн булагы, Kyodo via Reuters
































