Автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, алты адам жабыркады

Social
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бүгүн, 25-ноябрь, эртең менен Чүй облусунун Лебединовка айылында жүргүнчү ташыган автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүштү. Кырсыктан алты адам, анын ичинде бир бала жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык Тез жардам борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу кабар Тез жардам борборуна саат 07:43тө түшкөн. Биринчи тез жардам бригадасы окуя болгон жерге саат 07:53тө жеткен. Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан беш бригада тартылган.

Бала тез жардам бригадалары келгенге чейин эле медициналык мекемеге жеткирилген.

Бир жабырлануучунун кашынын үстү, эрини айрылып кеткен, ал жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган. Дагы үч адам баш мээсинен жаракат алып, нейротравматология бөлүмүнө жаткырылган. Автобустун 43 жаштагы айдоочусунун буттары жабыркаган.

Бишкекте жана Чүйдө коомдук транспорттун катышуусунда жол кырсыктары байма-бай катталып келет. Тургундарынын арасында автобус айдоочуларына жана жалпы эле коомдук транспорттун ишине нааразы болгондор да аз эмес. Коомдук транспорт катышкан кырсыктардын кесепетинен адамдар жаракат алып, атүгүл өмүрү кыйылган учурлар да болгон.

Жакында эле Бишкек мэри Айбек Жунушалиев автобус айдоочуларын жол эрежелерин бузганы жана транспортко жоопкерчиликсиз мамиле кылганы үчүн сындаган.

"Силер ушундай мамиле кыла турган болсоңор, автобус деле калбай калчудай. Мэрия өз тарабынан милдеттенмелерди толук кандуу аткарууга аракет кылып жатат. Автобустарды алып жатабыз, камсыздап жатабыз. Эмнеге силер өзүңөргө алган милдеттенмелерди аткарбай жатасыңар? Кечээ бир күндө үч автобусту сүздүңөр. Үч автобустун тең айдоочулары күнөөлүү. Бишкек шаарынын тургундарынын ден соолугу, алардын мүлкүнүн коопсуздугу бар. Мындан кийин ар бир айып пулду айдоочу өз чөнтөгүнөн төлөсүн. Шаардыктарга кызматты сапаттуу, тиешелүү деңгээлде көрсөтүп, жол эрежелерин баары бирдей сакташы керек",- деген мэр.

Мындан тышкары, автобустарга WhatsApp номерлери чаптала турганы айтылган. Жүргүнчүлөр айдоочулардын жол эрежелерин бузган учурларын фото же видеого тартып, ошол номерлерге жөнөтсө боло турганы маалымдалган.