"Визасыз альтернативалар эми жок". Мигранттар Орусиядан Европага жапырт кетип жатышабы?

Мигранттар Москва облусунун Путилководогу Бирдиктүү миграциялык борборунун алдында кезекте турушат (архивден алынган сүрөт)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мигранттар Москва облусунун Путилководогу Бирдиктүү миграциялык борборунун алдында кезекте турушат (архивден алынган сүрөт)
    • Author, Анастасия Платонова, Сергей Кагермазов
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 6 мүнөт

Орусияда чет элдиктер үчүн мыйзамдар жана эрежелер тынымсыз катаалдашып, Борбор Азиянын көбүрөөк жарандары Европаны тандашууда. Мындан улам кырдаал кескин өзгөрдү деп айтууга негиз барбы?

Варшавадагы рекрутинг агенттигинин дубалдарында жумушчулар үчүн жарыялар илинип турат: тоокту союп, этин илгенге жумушчу, ширетүүчү, кампада иштегенге кызматкер, пансионатты тазалоочу керек. Маянасы саатына 5-8 евро болот.

Жума күнү эртең менен агенттик кыскартылган график менен иштеп жатса да, келгендердин аягы көрүнбөйт: Бишкектик Гүлсана жумушун алмаштыргысы келип жатат. Келин көп жылдардан бери Орусияда иштеп жүрүп, 2,5 ай мурда Польшага келип, канаттуулар фабрикасына орношкон.

BBC

"Бул жер тынч экен. Адамдары да жакшы. Менимче, Орусияда кемчиликтер бар. Алар мигранттарды жактыра беришпейт, ал эми бул жерде мындайды байкаган жокмун", - дейт ал. Канаттуулар фермасында Гүлсанага баары жакты. Аны менен бирге Өзбекстандан, Молдовадан жана Украинадан келгендер иштешет. Гүлсананын айтымында, өндүрүш жеринде баары орусча сүйлөшөт жана тилге байланыштуу кыйынчылыктар болгон жок. Польшадан кийин Гүлсана Батыш Европага барууну пландап жаткандыктан, агенттикке бош орундарды карап, эмгек рыногу менен таанышуу үчүн келген.

Sadykov group рекрутинг агенттигин Европада иштеп жүргөн өзбекстандыктар негиздешкен. Агенттик Польшада алты жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Негизги кардарлары – Борбордук Азиянын жарандары, бирок Азербайжандын жарандары да аз эмес. Агенттиктин негиздөөчүсү Амирхандын айтымында, компания ачылгандан бери Борбордук Азиядан Европага келип жаткан мигранттардын саны бир нече эсе көбөйдү. Украинада согуш башталганга чейин бул адамдар Орусияны тандап келишкен.

Орусияда канча эмгек мигранты бар?

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда 3 миллионго жакын чет элдик мигрант иштейт. Бул статистиканы кандайдыр бир мааниде шарттуу деп эсептесе болот, себеби долбоордук иштер боюнча жогорку мобилдүүлүктү, ошондой эле сезондуулукту эсепке алуу кыйла татаал. Мындан тышкары, Орусия берген сандар кээде жумушчулар келген өлкөлөрдүн маалыматтарынан кыйла айырмаланат.

Эл аралык миграция уюму 2022-жылдын башында Орусиядагы чет элдик жумушчулардын санын 4 миллион деп баалаган (башка эсептөөлөр боюнча, бул сан азыраак болчу). Жаңы эсептөөлөр чыга элек. Бул санга жумушчулардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле студенттер жана туристтер кирген эмес.

Орусияга иштегени барган жумушчу күчтөрдүн басымдуу бөлүгүн Өзбекстандын жарандары түзчү. Орусиядагы мигранттардын дээрлик ар бир төртүнчүсү – Өзбекстандан.

Ар кандай расмий эсептөөлөргө ылайык, 2021-2022-жылдары Орусиядагы өзбек мигранттардын саны болжол менен үчтөн бирине – 1,2 миллиондон 834 миңге чейин кыскарган. Бул көрсөткүчтөр ар кандай методикалар менен эсептелген, бирок байкоочулар бул сандар анык экенине макул болушууда.

Ошол эле учурда акыркы маалыматтар боюнча, Өзбекстанда орточо айлык маяна 570 долларды түзсө, Орусияда бери дегенде эки эсе көп болот.

Орусияда иштөөгө кызыгуунун азайганы мамлекеттик агенттиктер жана ЖМКлар келтирген акыркы жылдагы эсептөөлөрдөн да байкалууда: 2026-жылдын биринчи жарымында Өзбекстандан, Кыргызстандан жана Тажикстандан келген жумушчу күчтүн жалпы агымы өткөн жылга салыштырмалуу болжол менен 15 пайызга төмөндөгөн.

Репрессивдүү мыйзамдар жана куну түшкөн рубль

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Борбордук Азияда Орусиядан которулган акча адамдардын кирешесинин жана бакубатчылыгынын негизги булактарынын бири бойдон кала берүүдө.

Бирок, чындыгында, 2022-жылдан бери Орусия маалыматтарды жарыялоону токтоткон, ал эми Өзбекстандын Борбордук банкы трансчекаралык акча которууга жана жеке адамдардын башка трансчекаралык операцияларына орусиялык резиденттердин акчасын, чогуткан акчасын чыгарууну, коммерциялык жана карталык схемаларды тейлөөнү жана транзиттик төлөмдөрдү кошкон болушу ыктымал.

Натыйжада эгерде согушка чейин которулган акчанын суммасы жылына 5,7 миллиард долларды түзсө жана Орусиянын эсептөөлөрүнө шайкеш келсе, 2022-жылы 2,5 эседен ашуун секирик болуп, 14,7 миллиардга жетти. Өзбекстандын Борбордук банкынын маалыматы боюнча, ошондон бери Орусиядан которулган акчанын көлөмү азайды, бирок согушка чейинки көрсөткүчтөрдөн кыйла жогору болду.

Кандай болгон күндө да Орусияда иштеген Өзбекстандын жарандарынын санын акыркы жылдардагы акча которуулардын көлөмү боюнча баалоо ыңгайсыз.

Бирок рублдин куну түшүп, Орусияда чет элдиктер үчүн мыйзамдар катаалдашкандыктан Өзбекстандын жарандары башка эмгек мигранттары сыяктуу эле альтернативалык мүмкүнчүлүктөрдү көбүрөөк издей башташты.

Өзбекстандык мигранттар Орусияны эмес, Европаны тандап жатканынын себептеринин бири – Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдашты жана өлкөдөн чыгарылгандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу Би-Би-Сиге мигранттарга жардам берген юрист Ботиржон Шермухаммад билдирди. Ал 15 жылдан ашык Москвада иштеген, бирок 2021-жылы Өзбекстанга кайтып келген.

Ташкенттеги Европа өлкөлөрүнүн элчиликтеринде консулдун кабыл алуусуна кезек кээде бир жылга чейин жетет”, - дейт Ботиржон Шермухаммад
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ташкенттеги Европа өлкөлөрүнүн элчиликтеринде консулдун кабыл алуусуна кезек кээде бир жылга чейин жетет", - дейт Ботиржон Шермухаммад

2026-жылдын биринчи жарымында Орусиядан өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 65,5 пайызга көп мигрант чыгарылган, ал эми 2026-жылдын жайында Мамлекеттик Дума өлкөдөн чыгарууга негиз болчу беренелердин санын эки эсе көбөйткөн.

"Акыркы жылдары мигранттарга жардам берген юристтер жана укук коргоочулар үчүн да шарттар начарлап кетти", - дейт Шермухаммад.

Миграциялык мыйзамдар 2024-жылы "Крокус Сити Холл" концерттик залында көрүүчүлөргө кол салуудан кийин катаалдаша баштаган жана Украина менен согуш башталгандан кийин Орусияда жумушчу күчүнүн жетишсиздиги курч болгонуна карабастан, бийлик Борбордук Азиядан келген мигранттар үчүн эрежелерди кыйла татаалдаштырууну чечти.

Андан бери Мамлекеттик Дума мигранттарга каршы ондогон мыйзам долбоорлорун карап чыкты. Ошол эле учурда кылмыштардын санында мигранттардын үлүшү жылдар бою 4-5 пайыздын тегерегинде эле болот.

Бирок Орусия Перс булуңундагы өлкөлөрдүн миграциялык моделине ишенимдүү өтүп жатат. Бул моделге ылайык, мигранттар келет, иштейт жана өлкөсүнө кайтып кетет. Аларга өзгөчө социалдык кепилдиктер берилбейт жана коомго интеграцияланышын каалашпайт. Бул тууралуу "Миграциялык саясат институтунун" директору Ольга Гулина айтты. 2026-жылдын жайында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин да миграциялык мыйзамдардын катаалдашуусун болжол менен ушинтип сыпаттаган: "Келди, иштеди, акча тапты, артка кайтты, болду".

Кошумча катаалдаштырчу мыйзамдарсыз деле 2024-жылы Жогорку экономика мектебинин изилдөөчүлөрү Орусиядагы эмгек миграциясы акыркы он жылдагы эң төмөнкү деңгээлге жетти деген тыянакка келишкен.

Евробиримдиктин артыкчылыктары жана тобокелдиктери

Ошол эле учурда Өзбекстандан Европага барган мигранттардын саны көбөйүүдө: 2026-жылы Евробиримдикке кирген өлкөлөрдө алардын саны 200 миңден ашты.

Өзбекстандын эсептөөлөрү Орусияны да, мисалы, Түркияны да кошпогондо, кандайдыр бир "Европа аймагын" сүрөттөйт. Бирок, европалык статистика кыйла орточо көрсөткүчтөрдү берүүдө. Чыныгы баа берилген визалардын жана иштөөгө уруксаттардын санына жараша 80 миңден 140 миңге чейин болушу мүмкүн.

Евростаттын маалыматы боюнча, өткөн жылдын аягында Өзбекстандын 69 миң жараны Евробиримдикте ар кандай категорияда жашап турууга уруксат алышкан. Жашап турууга уруксаттын үчтөн экиси иштөө үчүн берилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 22 пайызга көп дегенди билдирет. Ал эми Евробиримдикте мигранттар тандап жаткан үч негизги багыт Польша, Германия жана Литва болду.

Анжияндык жүк ташуучу унаанын айдоочусу Хамид Азизов үй-бүлөсү менен жөнөкөй панелдүү советтик үйдө жашайт. Кээде ал Евробиримдикте 13 ай катары менен иштейт, бирок адатта беш ай иштеп келип, андан кийин бир жарым-эки ай Өзбекстанда эс алат.

Хамид Азизов мурда Москвада иштечү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хамид Азизов мурда Москвада иштечү

Азизов 45 жашта. Ал биринчи жолу Орусияга 1998-жылы келген. Новокузнецкте маршрутканын айдоочусу болуп иштеген. Анын балдары Орусияда чоңоюшту. 2020-жылы ал үй-бүлөсү менен Өзбекстанга кайткан, себеби ал өз мекенинде жашагысы келген. Алдыдагы он жылды Азизов Евробиримдикте иштеп өткөрүүнү ниеттенип жатат. Азизов Орусияны акча табуу үчүн вариант катары караштырбай калды.

"Бул жерде бизди эч ким шаштырбайт, ал эми Орусияда шаштыра эле берчү, автобустар график боюнча жүрөт да. Анын үстүнө тыгын көп, жолдор тайгак. Макулдашылгандан көбүрөөк иштегенге, кесиптештердин ордуна ишке чыгууга мажбур болчумун. Орусияда менин ишим абдан татаал болчу", - деп эскерет Азизов.

Ошол эле учурда Европанын эмгек рыногунда да көйгөйлөр аз эмес. Орусияга караганда жашоо деңгээли жогору болгонуна карабастан, мигранттардын баарын эле жумушу канааттандыра бербейт. 49 жаштагы Дилдора Муминова 20 жылдан ашык Орусияда иштеп, бирок 2025-жылы акча табуу үчүн Европага барууну чечкен.

Дилдора Муминова жемиш сатып, шаурма дүкөнүндө да, ашпозчу да болуп иштеди. Ал Орусияда расизмге да, неонацисттердин чабуулуна да туш болгон, бирок баары бир Орусияны жакшы жагынан эскерет

2025-жылы Муминова Вильнюстун чет жакасындагы чийки затты кайра иштетүүчү заводдо иштөө үчүн Литвага учуп келген. Дилдора жумуштун, жашоонун шарттары жана маянанын көлөмү убада кылынгандай болбогонун Литвага келгенде гана билген. Ал өз укуктарын коргоого аракет кылганда аны жумуштан бошотушкан. Дилдора Эмгек инспекциясына арыз жазып, натыйжада инспекция аны бухгалтердик эсепти алдамчылык менен жүргүзүү (Литванын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси) жана мажбурлап иштетүү (Кылмыш-жаза кодексинин 147-1-беренеси) боюнча жабырлануучу деп тааныган. 2026-жылы компаниянын ээси каза болгондугуна байланыштуу кылмыш иши жабылган.

"Абдан кыйын болду... Кайда келип калганымды түшүнбөй жүрдүм... Евробиримдикке жумушка кайтууну көздөбөйм. Эгерде Өзбекстандан жумуш чыкпаса, балким Түркияга барам. Түркия мага бир аз жакын, мусулмандардын өлкөсү. Климаты да мага көбүрөөк туура келет. Европа мага анча жаккан жок", - дейт Муминова.

"Бул Евробиримдикте мигранттарды алдоонун жалгыз схемасы эмес", - дейт аты-жөнүн атабоону өтүнгөн Дилдоранын адвокаты. Мисалы, жакында эле Литвадагы фирма мигрант-кызматкерлерди Германияга субподрядга мыйзамдуу түрдө жөнөтүп, бирок алардын сапарга бөлүнгөн акчасын өзүнө калтырганы боюнча иш адвокаттын колуна тийген экен.

Бирок мындай учурлар Орусиядагы тобокелдиктердин фонунда Европанын жагымдуулугуна олуттуу зыян келтирбейт жана бул жакка умтулган мигранттардын саны туруктуу негизде көбөйүүдө.

Бирок, Орусия өзбекстандыктар үчүн дагы деле маанилүү эмгек рыногу бойдон кала берүүдө. "Европа менен Орусия кабыл алган адамдардын санын салыштыруу туура эмес. Себеби биз Орусияда миллион адам иштеп жүргөнүн айтсак, ал эми Европада бул ондогон же жүздөгөн эсе аз. Ошондуктан эч качан бир дагы европалык өлкө бизди Орусиядай болуп визасыз, тил билбесең да ушунчалык көп санда кабыл алууга даяр болбойт", - дейт юрист Ботиржон Шермухаммад. (ZMa)