Тарыхтагы ири баңгизат барондорунун бири Мигель Анхель Феликс Гальярдо көз жумду

Сүрөттүн булагы, Flor Cordero for Reuters
- Author, Уилл Грант
- Role, Би-Би-Синин кабарчысы, Мехико
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Мексикалык наркобарон, 80 жаштагы Мигель Анхель Феликс Гальярдо ооруканада көз жумду. Ал баңгизат трафигинин тарыхында Пабло Эскобар менен бир катарда негизги орундардын бирин ээлеген. Гальярдо 1989-жылдан бери түрмөдө отурган.
Феликс Гальярдо тарыхтагы ири баңгизат соодагерлердин бири деп эсептелген. Ал Колумбиядагы кылмыштуу топтор менен Мексикадагы өзүнүн картелинин ортосунда альянс түзгөн.
"Өкүл ата" жана "лөктүн лөгү" катары белгилүү болгон Гальярдо 1980-жылдары кокаин бизнеси гүлдөп турган маалда Мексикадагы баңгизат соодасынын башында турган кубаттуу Гвадалахара картелин жетектеген.
Гальярдо баңгизаттарды мыйзамсыз сатуунун жаңы ыкмаларын киргизген, ошол ыкмалар бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келатат. Гальярдонун уюму колумбиялык картелдер, айрыкча Эскобардын Медельин картели менен өнөктөштүк түзүп, Анд тоолорунда өндүрүштү жолго салып, Кошмо Штаттарынын чек арасы аркылуу Мексикадан баңгизат ташуу ишин бириктирип, чөлкөмдөгү баңгизат аткезилигин болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыгарган.
Кайсы бир учурда АКШга жеткен бардык кокаиндин 80 пайызы Медельин картелине таандык болчу. Феликс Гальярдо жана анын уюму бул затты аткезчилик жол менен ташууда олуттуу ролду ойногон.
Гальярдонун жетекчилиги алдында Гвадалахара картели укмуштуудай кубатка ээ болуп, Мексиканын саясатына жана тартип коргоо органдарына зор таасир тийгизип, бүтүндөй полиция тармактарын жана губернаторлук кызматтарды көзөмөлдөп турган.
Маңзат соодагерлерине карата "картель" терминин колдонууну Гальярдонун уюму менен байланыштырышат: буга чейин баңги топтору мындай аталчу эмес.

Сүрөттүн булагы, EPA
1989-жылы Феликс Гальярдо камакка алынып, көп жылга эркинен ажыратылган. 2022-жылы ден соолугуна байланыштуу аны үй камагына чыгармакчы болушкан, бирок анын шыйрагына тагылчу электрондук билерикте техникалык мүчүлүштүктөр чыккандыктан бул ишке ашпай калып, ал Гвадалахарадагы ооруканада каза болду.
Маңзат соодагерлеринин "өкүл энеси"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Феликс Гальярдо 1946-жылы Мексиканын түндүк-чыгышындагы Кулиакан шаарында (Синалоа штаты) төрөлгөн. Жаш кезинде ал штаттын полициясында "өкүл эне" катары иштеген – Мексикада тергөө иштеринин алкагында мыйзамсыз аракеттерди жасаган, мисалы, камактагыларды кыйнаган же алардын үй-бүлөлөрүн опузалаган адамдарды "өкүл апа" деп коюшат жана аларды полиция өзү коргойт.
1960-жылдары Гальярдо Синалоанын губернатору Леопольдо Санчес Селистин балдарынын жансакчысы болгон. Адистердин ырасташынча, ал баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу ишине дал ушул мезгилде аралаша баштаган.
Башында Гальярдонун уюму Мексиканын бир катар штаттарында апийимдин жана марихуананын аткезчилигин көзөмөлдөп турган, ал эми 1980-жылдардын башында колумбиялык картелдер менен кызматташып, Кошмо Штаттарга кокаин жеткире баштаган.
Гвадалахар картели баңгизаттарды чакан авиациянын жардамы менен ташуу идеясын дал ушул колумбиялыктардан алган. Гальярдонун уюму Мексикада биринчилерден болуп Түштүк Американын, Борбордук Американын жана өлкөнүн түндүгү ортосунда аба каттамын түзгөн. Товарлар Мексиканын түндүгүнөн АКШга жетирилип турган.
"Босстун эскерүүлөрү" китебинин автору, журналист Диего Осорно бийликтин колдоосу болбосо, мындай империя түзүлмөк эмес деп эсептейт.
Бийлик өкүлдөрүнүн коргоосу менен Гальярдо коомдун жашоосуна жигердүү катышкан: ал Синалоада жана Халискодо өзүн бизнесмен катары тааныштырып, ал тургай Banco Somex банкынын кеңешине да кирген. Бул банк азыр иштебейт. Гальярдо жергиликтүү медиа каражаттарына көп чыгып, Халисконун борбору Гвадалахарадагы шаңдуу кечелерге тынбай барчу.
1980-жылдары Хоакин "Эл Чапо" Гусман Феликс Гальярдо менен таанышып, ал ага уюмунун логистикасын колго алууну тапшырган.
Гальярдо камакка алынып, анын уюму чачырап кеткенден кийин Гусман өзүнүн картелин – Синалоаны жетектей баштаган. "Эл Чапо" – аты маңзат трафиги менен байланышкан дагы бир адам. 2019-жылы АКШнын жаңы тарыхындагы эң чуулгандуу сот процесстеринин биринин жыйынтыгы боюнча Гусманга маңгизат трафиги жана арам акчаны адалдоо сыяктуу айыптар коюлуп, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Гальярдонун камакка алынуусунун кесепеттери
1985-жылы АКШнын Баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын (DEA) агенти Энрике "Кики" Камаренаны кыйнап өлтүргөндөн кийин Гвадалахара картели өз таасирин жогото баштаган.
Камарена картелдин Чихуахуадагы ири марихуана плантациясын таап алып, жок кылган. Ушундан кийин картелдин мүчөлөрү аны уурдап кетип, өтө мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Камаренанын өлүмүнөн кийин АКШнын өкмөтү Түндүк Америкада кылмышкерлерди издөө боюнча ири операциялардын бирин жүргүзгөн.
Камаренанын өлүмүнө Гальярдонун эки шериги айыпталып, ал эми өзүн болсо DEA кылмыштын уюштуруучусу деп атаган.
Гальярдо 1989-жылы апрелде кармалган. Кийинчерээк ал журналисттерге Мексика бийлиги ага чыккынчылык кылганын айткан.
Гальярдо камакка алынгандан кийин чоң жаңжал чыгып, АКШ Мексиканы баңгизат аткезчилигине каршы жетиштүү деңгээлде күрөшпөгөн өлкөлөрдүн тизмесине кошкон. Мунун натыйжасында Мексикага санкциялар киргизилип, АКШ бул өлкөгө колдоосун азайткан. 1997-жылы гана Вашингтон Мексиканы бул тизмеден чыгарган.
Гальярдо 2017-жылы – камакка алынгандан бери 28 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин – 37 жылга эркинен ажыратылган. Анын сот иши Мексиканын тарыхындагы эң масштабдуу иш деп эсептелет. (ZMa)





























