Президенттик шайлоо: дагы эки талапкер керектүү сандагы кол топтоду

Social
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы эки талапкер керектүү сандагы кол топтоп бүттү. Алардын бири, Аймен Касенов 31 миңден ашуун кол топтосо, экинчи талапкер Исхак Масалиевди колдогондордун саны 30 миңден ашты. Бул тууралуу "Түндүк" бирдиктүү порталындагы маалыматта көрсөтүлгөн.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 60 миң, Сыймык Жапыкеев 31 миңден ашуун кол топтогон.

Бүгүн, 17-ноябрга карата, Бакыт Калмаматов, Клара Сооронкулова 18 миңден ашуун кол топтогон. Азамат Эсенбековду колдогондордун саны 17 миңден ашкан.

Акай Кыдыровдун көрсөткүчү 14 миңден, Бактыбек Адыловдуку 9 миңден ашкан. Амур Айба Медер менен Мамбетжунус Абылов 5 миңден ашуун кол чогулткан.

Порталдагы маалыматтарга ылайык, колдогондордун басымдуу бөлүгү эркектер. Алардын үлүшү 86 пайызды, аялдардыкы 32 пайызды түзгөн.

17-ноябрга карата 241 миңден ашуун киши 11 адамдын ичинен өзү каалаганын колдоду. Кол топтоо жараянына 19 жаштан 35 жашка чейинкилер көбүрөөк катышууда.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, 11 адам арыз берген. Алардын арасында Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров, Исхак Масалиев, Бактыбек Адылов, Амур Айба Медер, Бакыт Калмаматов, Мамбетжунус Абылов жана Клара Сооронкулова бар.

Талапкерлердин кол топтоо жараяны 8-декабрга чейин уланат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.