Прагада эки поезддин кагылышуусунан ондогон адам жабыркады

Anadolu via Getty Images
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Прагада эки поездин бетме-бет кагылышуусунан ондогон адам жабыркады. Эки поезддин тең машинисти оор жаракат алды. Каза болгондор тууралуу маалымат жок. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, поезддер шаар ичинде төмөн ылдамдыкта жүрүп бара жаткан.

Кырсык эртең менен эл көп каттаган маалда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00 чамасында, Чехиянын борборундагы башкы темир жол вокзалына жакын жайгашкан көпүрөдө болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча, ар кандай деңгээлдеги жаракат алган 46 адам ооруканага жеткирилген. Алардын арасында 16 чет өлкөлүк бар.

"Кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп болдубу же адам фактору таасир эттиби, азырынча божомолдоп бир несе дей албай. Бирок поезддердин бири жол чырактын тыюу салган кызыл белгисине карабай өтүп кеткенин көрсөткөн жагдайлар бар",- деп билдирди Чехиянын транспорт министри Иван Беднаржик жергиликтүү ЖМКларга.

"Биздин максат - бүгүнкү кырсыктын бардык жагдайларын тыкыр иликтеп, темир жол коопсуздугун мындан ары да жогорулатуу үчүн зарыл чараларды көрүү",- деп кошумчалады министр.

Өзгөчө кырдаалдар кызматтары поезддердеги бардык жүргүнчүлөрдү эки саат аралыгында эвакуациялап бүткөн.

Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдө куткаруучулар жабыркагандарды замбил менен алып чыгып жатканын көрүүгө болот.

Прага полиция башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда куткаруу иштери аяктап, кырсыктын себептерин иликтөө башталды.

Шаардын башкы темир жол вокзалы аркылуу өткөн каттамы да үзгүлтүккө учурады. Жүргүнчүлөргө альтернативдүү каттамдарды колдонуу сунушталды.