Ошто өрттөн үч кыз каза болду, атасынын абалы оор, бирок туруктуу

Сүрөттүн булагы, Official
Ош шаарында өрттөн каза болгон үч кыздын атасы ооруканада жатат. Анын абалы туруктуу, бирок оор. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев билдирди.
35 жаштагы Мырзахид Маматажиев ооруканага 15-ноябрда таңга маал жеткирилген.
"Ал жандандыруу бөлүмүнө күйүктөн кийинки шок абалында келип түшкөн. Денесинин 37-38 пайызы күйүп калган. Үчүнчү даражадагы А жана Б күйүк диагнозу коюлуп, реанимацияга түшкөн. Учурда дарыланып жатат. Абалы туруктуу, бирок оор. Дарыгерлердин көзөмөлүндө. Биз керектүү дары-дармек менен камсыздап жатабыз",- деди дарыгер.
Кошунасынын айтымында, өрт чыккан учурда кыздардын атасы жанында жаткан эки кичинекей баласын гана сыртка алып чыгууга үлгүргөн. Үч кызын куткарууга жетишпей калган.
"Чоң атасы менен чоң апасы умрага кеткен. Өздөрү беш баласы менен үйдө болчу. Кыздары өзүнчө бөлмөдө укташчу экен. Өрт чыкканда атасы кыздарын чыгара албай калган. Жанында жаткан эки кичинекей баласын гана алып чыгууга жетишкен. Күйөөм жаңы эле кан берип келди. Кошуналардын баары барып кан беришти",- деди кошунасы Мафтуна Анвар кызы.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт тууралуу билдирүү 15-ноябрда таңкы саат 04:42 чамасында түшкөн. Саат 04:50дө куткаруу кызматы келип, өрттү өчүрүүгө киришкен.
"Өрт өчүрүүчүлөр келгенде үй алоолонуп күйүп жаткан. Саат 05:20да өрт чектөөгө алынып, үйдүн ичинен үч өспүрүмдүн жансыз денеси табылган. Алар 2013, 2016 жана 2018-жылдары туулган кыздар. Өрт чыкканда үй ээси өз алдынча куткарууга аракет кылган. Ошол себептен өрт күчөп кеткен. Өспүрүмдөрдү куткаруу мүмкүн болгон эмес. Эки баласын ата-энеси куткарып калган",- деди ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Улан Жусубалиев.
Өрт турак үйдүн 143 чарчы метр жерин жалмаган. Саат 07:57де толук өчүрүлгөн. Өртүн келип чыгуу себептери такталууда.




























