Камила Талиева депутаттык мандатын тапшыруу тууралуу маалыматты четке какты

Official
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мандатын тапшыруу тууралуу маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, бул маалымат чындыкка дал келбейт жана эч кандай негизи жок.

"Бул жалган маалымат, эч кандай негизи жок. Мен жумушта отурам, мыйзам долбоорун талкуулап жатабыз. Бул маалымат кайдан чыкканын билбейм. Азыр баарын күтсө болот",- деди Талиева Би-Би-Сиге.

Бир нече саат мурун, айрым маалымат каражаттары Камила Талиева депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы тууралуу кабарлашкан.

Камила Талиева 2010-жылдын "Ар-Намыс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп келген.

2012-жылдын 6-сентябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп дайындалган.

2014-жылдын апрелинде Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалып, сентябрда кызматтан алынган.

2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2025-жылы 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо №1 көп мандаттуу шайлоо округунан VIII чакырылыштын депутаты болуп келген.