Клара Сооронкулова президенттикке талапкер болуу үчүн жетиштүү санда кол топтоду

Сүрөттүн булагы, Official
Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген жалгыз аял киши Клара Сооронкулова керектүү сандагы кол топтоду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялап, өзүн колдогондорго ыраазычылык билдирди.
"Түндүк" тиркемеси аркылуу Сооронкулованы колдогондордун саны 30 миң 253 адамды түзгөн.
26-ноябрга карата 301 миңден ашуун жаран президенттикке талапкер болууну көздөгөн 11 адамдын ичинен өздөрү тандаган талапкерди колдоп добуш беришкен. Кол топтоо жараянына көбүнчө 19 жаштан 35 жашка чейинки жарандар катышууда.
Белгилей кетсек, президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, 11 адам арыз берген. Алардын арасында Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров, Исхак Масалиев, Бактыбек Адылов, Амур Айба Медер, Бакыт Калмаматов, Мамбетжунус Абылов жана Клара Сооронкулова бар.
Учурда талапкерлердин ичинен Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Исхак Масалиев жана Клара Сооронкулова керектүү сандагы кол топтоого жетишти. Калган талапкерлер кол чогултуу иштерин улантууда.
Талапкерлердин кол топтоо жараяны 8-декабрга чейин уланат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
57 жаштагы Клара Сооронкулова 2010-жылы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү болгон. 2011–2015-жылдары Жогорку соттун Конституциялык палатасында судья болуп иштеген.
Коомчулукка биометрикалык маалыматтарды милдеттүү түрдө чогултуу демилгесине каршы чыккан позициясы, андан кийинки саясий ишмердиги жана 2022-жылы Кемпир-Абад иши боюнча кармалышы менен кеңири таанылган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2015-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан, бирок депутат болгон эмес.
2019-жылы Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов негиздеген "Улуттар биримдиги" партиясынын аткаруу комитетинин катчысы болгон.
Ошол эле жылы 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын курамына кирген. Кийин комиссиянын иши толук жүргүзүлбөгөнүн айтып, анын корутундусуна макул эместигин билдирген.
2020-жылы ал "Реформа" партиясын жетектеп, ошол жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого катышкан.
2021-жылдын 10-январында өткөн мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоого өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн. БШК бекиткен жыйынтык боюнча, Сооронкулова 14 005 добуш алып, 17 талапкердин ичинен жетинчи орунду ээлеген.
Президенттик шайлоо алдындагы үгүт маалында ал парламенттик башкаруу системасын колдой турганын билдирген. Конституцияны өзгөртүү жана президенттик башкарууну күчөтүү демилгесине каршы пикирин айткан.
2022-жылдын 23-октябрында Сооронкулова саясатчылар жана активисттер менен бирге коомдо "Кемпир Абад" деп таанылган иш боюнча кармалган. Ага "Массалык башаламандыктарды уюштуруу" жана "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" беренелери боюнча айып тагылган.
2024-жылдын 14-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча Сооронкулованы актаган.





























