Шайлоо: Президенттин жаңжал коркунучу тууралуу эскертүүсү талкууда

Президент Садыр Жапаров
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Президент Садыр Жапаровдун шайлоонун алдында Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык жаңжал чыгышы мүмкүн деген билдирүүсү коомчулукта талкуу жаратты. Ал жарандарды чагымчыл сөздөргө алдырбоого чакырган. Саясатчылар жана коомдук ишмерлер анын билдирүүсүнө кандай баа беришти?

Президент Садыр Жапаров шайлоону утурлай Кыргызстандын түштүгүндө жаңжал чыгарууга аракет кылышы мүмкүн болгон саясатчылар бар экенин 12-ноябрда билдирди.

"Кечээ жакында бир катар булактардан мага маалыматтар келди. "Койнунда котур ташы бар" арам ойлуу, чагымчыл саясатчылар "шайлоого чейин түштүктө өзбек-кыргыз ортосуна от жагып, чыр чыгарып, шайлоону өткөрбөй коюш керек" деген сындуу пландарын сүйлөшүп жатышат. Азырынча сөз кылып гана жатышат. Бирок сөз жүзүндөгү бул чагымчыл ойлору ишке ашып кетиши да мүмкүн", - деген Жапаров жарандарды чагымчыл сөздөргө ишенбөөгө чакырды.

Ал айрыкча 1990 жана 2010-жылдардагы окуяларды башынан өткөргөн улуу муун өкүлдөрүнө кайрылып, жаштарга жаңжалдын кесепеттерин түшүндүрүп турууну өтүндү.

Жапаров бул билдирүүсү тууралуу 13-ноябрда Ысык-Көлдө эл менен жолукканда да сөз кылды.

"Улут аралык кагылышуу боюнча мен кечээ кайрылуу кылдым. Бул боюнча уюштуруп, укмуш болуп кетип жаткан нерсеси жок. Сөз кылып жатышат, отуруп алып. Бир кабинага кирип, чай ичип отуруп алып, "не кылсак президенттикти утабыз, не кылсак ушул шайлоону болтурбай калабыз" десе, бирөөсү айтып жатат: "тиги улут аралык, өзбек-кыргыз кылып жибериш керек, ошондо шайлоо өтпөй калат" депчи. Мен ошон үчүн эскертүү катарында кайрылуу жасап койдум. Ага дагы жол бербейбиз, кудай буйруса. Мамлекеттин күч-кубаты жетет, бир күндө баарын тынчытып басканга. Техникалык дагы, күч жагынан да мамлекеттин бардык каражаттары жетет. Бирок ошондо дагы саясатчылар болобу, кыргыз-өзбек, уйгур, тажик болобу, баары Кыргызстанда бир үй-бүлөдөй болуп, ынтымакта жашашыбыз керек. Мына ошондо өнүгүү болот, өсүү болот. Экономика көтөрүлөт, элдин турмушу жакшырат. Тынчтык болушу керек", - деди Жапаров.

Президенттин мындай билдирүүсү коомдо кызуу талкууга алынып жатат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январга белгиленген. Ага катышуу үчүн 11 киши арыз тапшырды. Алардын бири - юрист Клара Сооронкулова:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Бирок канчалык бул негиздүү, чындап эле ошондой күчтөр барбы? Чындап эле ошондой аракеттер барбы деген суроо турат. Эми бул чети эле чыгып калды да. Эгер болгон болсо, аны коомго ачык чыгарып көрсөтүп бериши керек. Бирок эми ошол маалыматтарга таянып, азыркы шайлоо учурунда бир топ адамдарды камап, соттоп жибере турган болсо, бул дагы туура көрүнүш болбойт. Анан президенттин элге кайрылып, стабилдүүлүктү, бирдиктүүлүктү сактайлы дегени туура маселе".

Президенттин билдирүүсү айрымдарда кооптонуу жаратса, башкалары мындай эскертүүнүн шайлоо алдында жасалышынын себебине кызыгып жатышат.

"Андай кооптонунун изи жок. Ошондуктан аябай таң калдым. Эмне үчүн президент күтүүсүздөн мындай билдирүү менен чыкты деп. Улуттар аралык маселе өтө назик нерсе. Тынчтык, улуттар аралык тынчтык маселесинде бир гана шайлоо алдында эмес, ар дайым этияттык чаралары көрүлүүсү зарыл. Анан уруштун эң жаманы улуттар аралык уруш. Кыргызстан төңкөрүш кылуу лимитин түгөтүп болду. Улуттар аралык уруштар лимитин түгөтүп болгон. Мамлекетке тынчтык гана керек. Өнүгүү керек, бейпилдик керек. Өнүгүүнү Оштун мисалында көрүп жатабыз", - деди журналист Сарвар Усман.

Дагы бир журналист Назгүл Калмамбетова мындай эскертүү жөн жерден айтылбайт деп эсептейт.

"Бүгүнкү президенттин кайрылуусунда айтылгандай ушундай имиш-имиштер деле кийин чынга айланып кетиши мүмкүн. Балким, 2010-жылы деле ушундай имиштер айтылып жатканда алдын алса, кан төгүлбөй, ызы чуу болбой калмак беле. Эмнеси болсо да элибизде тынчтык болсун. Бийликти самаган бир ууч саясатчылардын арам максаты үчүн карапайым эл жабыркабаш керек. Азыр мамлекет өнүгүү жолунда, президент айткандай укук коргоо органдары, тартип сакчылары күнү-түнү иштеп, бардык жерде камералар бар. Бир да кызмат, байлык, бийлик бир адамдын тамчы канына, эненин бир тамчы көз жашына татыбайт", - деп жазды Калмамбетова Фейсбук баракчасына.

Ошол эле учурда президенттин мындай маалыматтарды ачык жарыялабай, алдын алуу чараларын көрүшү керек деген пикирлер да бар. Оштогу талдоочу Төлөгөн Келдибаев мындай дейт:

"Жалпы эл шайлаган президент болгондон кийин кээ бир маалыматтарды жашыруун сакташ керек. Ачык коомчулукка чыгарыштын зарылчылыгы жок эле да. Анткени атайын кызматтык маалыматтары жашыруун болуп эсептелет. Эгер ушундай чыр-чатактар болушу мүмкүн болгон кырдаал жаралып жатса, анын алдын алыш керек. Аны коомчулукка жарыялабай туруп, ошону изилдеп, кимдер тарабынан, кайсы топтор тарабынан, сырткы күчтө тарабынан ушундай аракеттер болуп жатабы ошону болтурбаганга аракет көрүш керек".

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жараяны аяктады. Бул жолку шайлоого президент Садыр Жапаров баштаган 11 киши арыз тапшырды. Алар: Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев, Акай Кыдыров, Исхак Масалиев, Садыр Жапаров, Бактыбек Калмаматов, Бакытбек Адылов, Амур Айба Медер, Мамбетжунус Абылов жана Клара Сооронкулова. 8-декабрга чейин 30 миң кишинин колун чогулткандар андан ары талапкер болуу укугун алышат.