Чүйдүн Жайыл районундагы мектептен өрт чыкты
19-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Ой айылындагы мектептен өрт чыкты.
Билим берүү мекемесинин бир бөлүгү күйүп жаткан видео социалдык тармактарга тарады. Аны жарыялаган колдонуучулар өрт башталгандан бери эки саат өтсө да, өрт өчүрүүчүлөр келе электигин айтышкан.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, өрт чыккан имаратта мектептин китепканасы жана бала бакча жайгашкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө саат 08:48де Жайыл жана Жумгал райондорунан эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.
"Өрт балдар мектепке келгенге чейин башталган. Эки райондон өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн жетип барышына убакыт талап кылынат. Учурда жабыркагандар жок. Өрт саат 10:20да чектөөгө алынды. Анын келип чыгуу себептери такталууда. Азыркы тапта өрттү толук өчүрүү иштери уланууда",- деп билдирди ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын басма сөз кызматы.
























