"Калыбына келтирүү оңой болбойт": Крым көпүрөсүнө сокку урулду

SECURITY SERVICE OF UKRAINE/Handout via REUTERS
    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Украинанын чабуулунун натыйжасында Крым көпүрөсүнө олуттуу зыян келтирилди. Ал тургай Орусиянын бийлиги аннексияланган жарым аралга жүктөрдү жеткирүүнүн "альтернативалык каттамдары" тууралуу айта башташты. Эксперттердин баамында, согуш бүткөнгө чейин Орусия көпүрөнү калыбына келтире албайт.

Көпүрө кандай зыянга учурады?

Орусиянын Тергөө комитети дрондордун чабуулунун натыйжасында "көпүрөнүн конструкциясы жабыркаганын" расмий билдирди. Көз карандысыз эксперттер да, Украина да көпүрөгө дрондор менен гана эмес, ошону менен бирге ракеталар, анын ичинде "Фламинго" менен да сокку урулганын ырастап жатат.

"Видеону көрүп, сокку Украинада өндүрүлгөн „Фламинго“ FP-5 оор канаттуу ракеталары менен урулган десек болот. Бул ракеталар бутага таамай жетип, Керчен көпүрөсүнүн тирөөч конструкцияларын талкалоо максатында аралыктан башкаруу үчүн модификацияланган болушу мүмкүн", - деди Би-Би-Сиге Королдук Бириккен коргоо изилдөө институтунан Жастин Бронк.

16-ноябрда көпүрөгө урулган биринчи соккунун натыйжасында анын болоттон жасалган аркасы структуралык жактан жабыркаган. Бул тууралуу Х тармагына Black Bird Group компаниясынын OSINT долбоорунун негиздөөчүсү жана талдоочусу Эмил Кастехельми жазды.

Талдоочунун баамында, 17-ноябрдагы комбинацияланган сокку "толук кыйроого" алып келди.

Темир жол көпүрөсүнө келтирилген зыяндын масштабын баалоо азырынча кыйын (Орусиянын Транспорт министрлиги шейшемби күнү түштөн кийин поезддер үчүн жолдун бир тарабы ачылганын билдирди).

Видеодогу кадрларга караганда, транспорттук бөлүктүн аркаларынын бири талкаланган, ал эми жолдун бир бөлүгү сууга түшүп кеткен. "Темир жолдун жанындагы арка түрүндөгү конструкциясы туруштук бергени менен, ал да зыянга учураган болушу мүмкүн", - деп эсептейт Би-Би-Синин Орус кызматынын аскердик серепчиси Илья Абишев.

Абишев белгилегендей, арка – бул көпүрөнүн жөн гана кооздук элементи эмес: ал жүктөрдү өткөрүүгө катышат жана бүтүндөй системанын туруктуулугун камсыз кылуу менен конструкцияны кармап турат.

Getty Images

Зыяндын өлчөмү аныкталып жатат

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Көпүрөнүн негизги бөлүгүнө келтирилген зыянды "катастрофалык" деп классификацияласа болот", - деп билдирди Би-би-Сиге Австралиянын Монаш университетинин структуралык инженерия профессору Колин Капрани.

"Бул эмнени билдирерин түшүнүш үчүн курулуш инженериясы боюнча дипломдун кереги жок! Ал толугу менен жок кылынды, - деди адис. – Мындай кырдаалда көпүрөнү оңдоо аны нөлдөн баштап курууга караганда татаалыраак болот. Себеби суунун астында көптөгөн сыныктар жатат жана көпүрө кулаганда пилондорго жана пайдубалга зыян келтирилген болушу ыктымал".

Капрани оңдоп-түзөөдөн мурда кээ бир сакталып калган конструкцияларды толугу менен бузуп чыгыш керек деп эсептейт. Көпүрөнү калыбына келтирүү иштери бир нече айга созулушу мүмкүн.

"Согуштук аракеттер уланып жаткан чакта, кийинки соккулар оңой эле жетчү жерде мындай реконструкциялоо иштери кантип жүргүзүлөрүн элестетүү абдан кыйын", - деп жыйынтыктады профессор.

Black Bird Group компаниясынан Эмил Кастехельми да автоунаа көпүрөсүн согуш аяктаганга чейин калыбына келтирүү мүмкүн эмес деп эсептейт. "Конкреттүү да, символикалык да кесепеттери менен Украина жеңишке жетти", - деп жазды Кастехельми.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Крым көпүрөсү калыбына келтирилерин убада кылды. "Калыбына келтирүү иштеринин кезектүүлүгү, мөөнөтү дагы аныкталат. Көпүрө калыбына келтирилип, мурункудан да жакшы болорунан эч кандай шегим жок", - деди ал.

Жарым аралды камсыздоо көйгөйү

Вице-премьер-министр Марат Хуснуллин жана Транспорт министрлигинин башчысы Дмитрий Ядров калыбына келтирүү мөөнөттөрүн жана "зыянды баалоо жана курулуш иштерин баштоо үчүн зарыл чараларды" гана эмес, жарым аралга жүктөрдү жеткирүүнүн "альтернативалык каттамдарын" да талкуулашты.

"Азырынча Крымдын толук блокадасы тууралуу айтууга эрте, бирок олуттуу транспорттук-логистикалык кризис тобокелдиги жаралды", - деп белгиледи Илья Абишев. Теракттар болушу мүмкүн деген кооптонуудан улам Крым көпүрөсү аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө 2026-жылдын январь айында тыюу салынган.

Орусиянын Запорожье жана Херсон облустарынын оккупацияланган райондору аркылуу кургактагы коридору бар, ошондой эле Керчен кысыгы аркылуу паром менен жете алат жана Крымды деңиз аркылуу камсыздоо мүмкүнчүлүгү бар.

Бирок булардын баарына Украина сокку ура алат, ал эми көпүрөнүн сыныктары кеме жүрүүчү каналды тосуп калышы мүмкүн болгондуктан деңиз жолу да суроо жаратууда. Бул ири кемелердин каттамын кыйындатып, Азов деңизинин Мариуполь жана Бердянск порттору үчүн кошумча көйгөйдү жаратууда.

Кеме кыймылынын коопсуздугуна адистешкен Ambrey компаниясынан Financial Times басылмасына билдиришкендей, автомобилдик арка Керч-Еникаль каналына кулап түшкөн. Бул Азов жана Кара деңиздердин ортосундагы эң терең кеме жолу. Көпүрөнүн сууга түшкөн сыныктарынан улам соода кемелери бул деңизди пайдалана албай калышат, өз кезегинде бул дандын, отундун жана жер семирткичтердин экспортуна ого бетер зыян келтирет.

"СовЭкон" компаниясынын негиздөөчүсү, агроөнөр жай комплекси боюнча адис Андрей Сизовдун айтымында, деңизде тынчтык орнотулган учурда Орусиядан эгин жеткирүүнү тез арада калыбына келтирүү мүмкүн болмок. "Бирок, эми андай болбойт", - деген Сизов адегенде Керч-Еникаль каналын сыныктардан тазалап чыгыш керектигин белгиледи.

"Канал көпүрөнүн аркадан турган бөлүгүнүн астынан өтүп, Азов жана Кара деңиздердин ортосундагы жалгыз кеме жүрүүчү жол болуп саналат", - деп түшүндүрөт Сизов. Анын компаниясынын баалоосуна ылайык, Азов деңизи аркылуу орусиялык дандын экспортунун 25% өтөт. Чөлкөмдөгү кеме кыймылы ушул жылдын июль айындагы чабуулдардан улам токтотулган.

Анын баамында, каналды тазалоо бир нече аптага же айларга созулушу мүмкүн. (ZMa)