Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев сурак берип чыкты

Сүрөттүн булагы, official
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев 28-апрелде ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип чыгышты. Маалыматты Би-Би-Синин ИИМдеги өз булактары ырасташты.
Мурдагы аткаминерлер суракта бир нече саат болушкан.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча азырынча расмий комментарий берилбей турганын билдирди.
Азырынча алар кайсы иш боюнча сурак берип жатканы беймаалым.
Нурланбек Тургунбек уулунун суракка чакырылганын иниси Жыргалбек Шакиев да ырастап, бирок кайсы иш боюнча көрсөтмө берип жатканын айткан жок.
"Сураккка чакырылып жатат. Көрсөтмө берип келип жатат. Кечээ да суракка барган. Бирок кимдер менен суракка барганын, кайсы иш боюнча суралып жатканын билбейм, - деди Жыргалбек Шакиев.
28-апрелде адвокат Шердор Абдыкапаров Фейсбуктагы баракчасына үч саясатчыга "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген кине менен айыбы угузулганын айткан. Бирок кийинчерээк видеону баракчасынан өчүргөн. Би-Би-Си адвокат менен байланышканда ал саясатчылар суракка чакырылганын гана айткысы келгенин билдирди.
Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышын "мамлекеттик төңкөрүш даярдоо" аракети менен байланыштырган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
27-апрелде президент Садыр Жапаров жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине курган маегинде Жогорку Кеңештеги саясий интригаларга, "75чилердин катына" Камчыбек Ташиевдин тиешеси-бар жогун сот аныктай турганын айткан.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ташиевди кызматтан алардын алдында, 9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.
Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.
ИИМ 9-февралда интернетте тараган маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, беш киши кармалган.
Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.
Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.
Дал ушул 75 кишинин каты беш жылдан бери бекем деп саналып келе жаткан Жапаров-Ташиев тандемин ыдыратууга себепчи болгону айтылып келе жатат.
Анткени кат жарыялангандан бир күндөн соң, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.
Айрымдар бул окуяларга президент Садыр Жапаров "мамлекеттик төңкөрүштү" алдын алууга жетишип калды деп баа беришкен.
57 жаштагы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген.
Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.
Мандатын тапшырган депутаттардын арасында парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана депутат Курманкул Зулушев да бар.































