"Күйөөм Москвага качып кетип, эми үйдү талашып жатат". Өлкөдө алимент өндүрүү көйгөйү курчуду

апи

Сүрөттүн булагы, courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 35 жаштагы Алия учурда үч баласын жалгыз тарбиялап жатат
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Алия (аты өзгөртүлдү-ред.) эки жылдан бери күйөөсүнөн алимент өндүрө албай, азап тартып жүргөнүн айтат. Ал 18 жашында турмушка чыкканын, үч баласы бар экенин, күйөөсү таштап кеткенин кеп кылып, кейип турду.

"Биз 2009-жылы баш кошконбуз. Көзүмө биринчи жолу чөп салгандан кийин, тактап айтканда, алты жыл мурун күйөөм Москвага иштегени кеткен. Эки жылдан кийин келип, биз менен бираз жашады. Анан кайра эч кимге эч нерсе дебей, Орусияга качып кетип калды. Ошондон кийин байланышка чыкпай, бизди камсыздабай, акча жөнөтпөй жүрдү. Ага чейин арзыбаган тыйын берип жиберчү. Ал Москвада башка аял алып, кыздуу болгонун уктук. Ошондон кийин алиментке арыз жаздым. Биздин ортобузда толук бүтө элек үйүбүз бар. Же үйдү балама каттатып берсин, же алимент төлөсүн дедим. Ал бул шартка көнгөн жок. Кийин өзү ажырашууга жана мүлктү бөлүштүрүүгө арыз жазыптыр. Ошондо мен "Сезим" кризисттик борборуна кайрылдым. Күйөөм ушунча жылдан кийин ажырашып, үйдү талашат деп ойлогон эмесин. Үч жолу ажырашуудан баш тарттым. Сот төртүнчү отурумда, 3-апрелде бизди ажыраштырып коюптур. Чечимди али ала элекмин. Эми мүлктү бөлүштүрүү иши башталат экен. Ал үйдү өз колум менен салгам. Ичим күйүп жатат. Алимент боюнча соттун чечими бир жыл мурун чыккан. Күйөөм мага жарым миллион сом карыз. Бирок ал акчаны төлөбөй качып жүрөт. Күйөөм үйүмө кайын-журтум менен келип, бир нече жолу жаңжал чыгарган. Мен укук коргоо органдарына кайрылып, эки жолу коргоо ордерин алдым", - деп үшкүрдү 35 жаштагы Алия.

Кыргызстанда Алия менен тагдырлаш келиндер жүздөп саналат.

Сот аткаруучу кызматынын маалыматында, учурда алимент төлөөдөн качып жүргөн 1 205 жаранга издөө жарыяланган.

Акыйкатчы институту учурда иштеп жаткан алимент өндүрүү механизми жетиштүү натыйжа бербей, жарандар ата-энелик жоопкерчиликтен качып, баланын укуктары толук корголбой, маселе массалык социалдык көйгөйгө айланып бара жатканын белгилейт.

Институт маселенин актуалдуулугунан улам, 2025-жылы сот чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзгөнүн билдирип, анын жыйынтыгын жарыялады.

"Соттун чечими чыгарылган менен алардын басымдуу бөлүгү ишке ашпай жатат. Бул алиментке байланыштуу негизги көйгөйлөрдүн бири. Белгилей кетсек, Акыйкатчы институтуна кайрылган арыз ээлеринин бардыгынын колунда сот чечими болгон жана ал учурда алар аткарылган эмес. Мисалы, сурамжылоого катышкан 20дан ашык сот аткаруучу сот өкүмүнүн 60 пайызы аткарылбай калып, 10 пайызы боюнча гана алимент төлөнүп жатканын моюнга алган", - деп айтылат Акыйкатчы институту тараткан маалыматта.

2024-жылы 36 миңден ашык чечим чыккан, бирок 4 миңдей иш боюнча гана алимент өндүрүлгөн. Ал эми 2025-жылдын аягында мындай иштердин саны 60 миңден ашкан.

Акыйкатчы институту билдиргендей, алименттен качуу үчүн карызкор жасалма "жумушсуз" болуп, чыныгы кирешесин жашырып, мүлкүн туугандарына каттатып, өзү чет өлкөгө чыгып кетүүдө.

Ата-энелик милдеттен качкан жарандар чанда учурда жоопкерчиликке тартылат.

Кыргызстанда быйылтан тарта алимент төлөбөгөн жарандарды катаал жазага тартуу тажырыйбасы колдонула баштады.

Апрелдин башында Баткен облусунун, Манас шаарынын, Сузак районунун тургундары ар кыл мөөнөткө эркинен ажыратылган.