"Кол топтоону улантабыз". Милиция кош нике кылмыш экенин билдирди, демилгечилер ниетинен кайта элек

Сүрөттүн булагы, courtesy
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Бишкекте көп аялдуулук үчүн жазаны жумшартууну демилгелеген топ бул үчүн кол топтоп жатат. Алар тиешелүү колдоо болсо, мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна киргизүүнү мерчемдешүүдө. Кыргызстан кош никеге тыюу салган светтик өлкө. Кылмыш-жаза кодесине ылайык, бир үйдө бир нече аял менен жашаган эркек 100 миң сомго чейин айып пул төлөйт.
Бирок жоопкерчиликке тартылгандар дээрлик жокко эсе. Бул арада милиция кош никени жактаган диний ишмер Өзбек ажы Чотоновду түшүндүрүү маегине чакырып, өлкөдө көп аялдуулук кылмыш экенин эскертти.
Кырктын кырын жаңы ашкан Эркин Сариевдин эки аялы бар. Өзүн жеке ишкермин деп тааныштырган бул адам кош никесин эч кимден деле жашырбайт:
"Биринчи аялым менен расмий никеге тургам. Экинчисине келишимдик түрдө эле баш кошком. Аны үй, тамак-аш менен камсыдайм. Экинчиси менден улуу, өгөй балам бар. Никелүү аялым кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасайт".
Кош никени колдогон Эркин Сариев - көп аялдуулук үчүн жазаны жумушартууну демилгелеген топтун курамында. Алар Бишкек шаарындагы эл көп топтолгон жерлерде көп аялдуулук үчүн кылмыш жоокерчилигин алып салуу боюнча кол топтоп жатышат.
"Биз Юстиция министрлигинен уруксат алдык, алар бизге күбөлүк беришти. Бардык документтерибиз бар. Биздин ыктыярчылар белгилүү бир жерлерде кол топтоп жатышат. Мэриядан уруксат алганбыз. Мыйзам боюнча кол топтоого үч ай убакыт берилет экен. Азыр бир ай убактыбыз калды. Он миң кол топтошубуз керек. Азыр үч миңдей адам кол коюп берди. Коомдо зына кылгандар көп. Аларга эч чара көрүлбөйт. Ал эми адам жоопкерчилик алып, эки үй-бүлөнү багам десе, ал жазаланып жатат. Бул адилетсиздик деп эсептейм", - дейт Эркин Сариев.
Эркин Сариевдин айтымында, бул демилге "Кыргыз аксакалдар кыймылы" коомдук бирикмесинин башчысы Камбараалы Оркошевге таандык. Аталган уюм эмне менен алектенери беймаалым. Камбараалы Оркошевдин социалдык тармактагы баракчаларынан парламентке молдолордун келишин жактаган, көп аялдуулукту пропагандалаган постторду көрүүгө болот.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Алардын биринде "Көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу керек! Уңгужолубузга кайталы. Үй бүлөлүк зомбулук, ажырашуу, аз төрөлүү, миграция, кеч турмуш куруу, жалгыздык, сыяктуу көйгөйлөрдөн арылабыз!" деп жазылган.
Камбаралы Оркошевдин демилгесин кош никени дайыма колдоп келген Өзбек ажы Чотонов да жактап чыккан. Кол топтоо өнөктүгү учурунда тартылган видеосу социалдык тармактарда талкуу бутасына алынгандан кийин ал 27-апрелде милицияга чакырылды.
"Текшерүүнүн алкагында аталган акцияга катышкан бардык жарандар, анын ичинде диний ишмер Өзбек ажы Чотонов түшүндүрүү маегине чакырылды. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп аялдуулук кылмыш жоопкерчилигине алып келерин түшүндүрүштү", - деп айтылат Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө.
Бирок кош нике үчүн жазаны жеңилдетүү боюнча кол топтоо уланып жаткандай.
Бүгүн таң эрте Камбараалы Оркошев Фейсбуктагы баракчасына: "Урматтуу бир туугандар! Кол топтоону улантып жатабыз! Бардыгы талап кылынган мыйзам-актылардын алкагында. Активдүү болуңуздар. Буюрса, Жогорку Кеңешке алып чыгабыз. Ажобузга чейин жетебиз!" , - деп жазды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстан кош никеге тыюу салган светтик өлкө. "Үй-бүлө жөнүндө" кодексте бир гана никеге уруксат берилет. Бирок диний нике кыйып, бир нече аял алган эркектер жок эмес.
Кылмыш-жаза кодексине ылайык, эркек бир үйдө эки же андан көп аял менен чогуу жашаса, түзөтүү жумуштарына же айыпка жыгылат. Айып пулдун көлөмү 50 миңден 100 миң сомго чейин. Жоопко тартылгандар дээрлик жокко эсе. Юристтер бул берене иштебей жатканын айтып келишет.
"Биринчиден, кош никеден жабыркаган аялдардын бири арыз жазышы керек. Алар кайрылмайынча, факт белгилүү болсо да, эл билсе да, кылмыш иши козголбойт. Ошол себептен бул көрүнүш кеңири тараган, эч ким жазага тартылбайт. Анткени аялдар өздөрү арызданбайт. Аялдарды эч ким мажбурлаган жок да. Алар ар кандай шартка байланыштуу өз каалоосу менен тийип жатышат", - дейт "Сезим" кризисттик борборунун юристи Клара Сооронкулова.
Юрист Эржан Сулайман кош никеге тыюу салган Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесинде көптөгөн алашемдиктер бар деп эсептейт. Мыйзамда "эки же андан көп аял менен чогуу чарба жүргүзсө, бир үйдө жашаса жоопкерчиликке тартылат" деп жазылган. Мыйзамдагы башка бир жобого ылайык, бир кылмыш үчүн адам эки жолу жоопкерчиликке тартылбайт. Демек, бул 100 миң сомго чейин айып пул төлөп коюп, кайра жашай берсе болот деген сөз.
"Мына, кош никени жактагандар кылмыш жоокерчилигин жоюп, административдик жаза колдонууну сунуштап жатышат. Бирок алар бир нерсени эске алышкан жок. Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, жаран канча жолу мыйзам бузса, ошончо жолу айып пулга жыгылат. Мисалы, сиз бир машине менен светофордун кызыл жарыгынан үч жолу өтсөңүз, үч жолу айып пул төлөйсүз да, туурабы? Принцип ушундай. Анда көп аял алгандарга айып пул кандай салынат, күн сайын же саат сайын айып пул салынабы?" деп суроо салат Эржан Сулайман.
Укук коргоочулар кош никенин кесепеттери өтө оор экенин, ириде эне-балага зыянын тийгизерин дайыма айтып келишет.
"Ажырашуу маселеси, алимент маселеси же мурас калтылуу маселеси жаралса, мыйзамдуу түрдө никеси жок жашап жүргөн аялдар абдан жабыркайт. "Сезимге" андай аялдар өтө көп келет. Аталыгы таанылса, баланын укугу корголушу мүмкүн, бирок аял ажырашкан учурда эч нерсеге ээ болбойт. Үйүмдөн чыгарып койду деп ыйлашат. Ооба, чыгарып коет. Аялдар кош никеден өздөрү баш тартпаса, бул маселе менен укуктук талаада күрөшүү өтө татаал", - деди Клара Сооронкулова.
Былтыр Жогорку Кеңеш көп аялдуулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин жойгон мыйзамды колдогон. Мыйзам долбоорун Нурланбек Азыгалиев жана Медербек Саккараев деген депутаттар демилгелеген. Кийин бул мыйзамга президент каршы чыгып, артка кайтарган.
Кош никеден карапайым кыз-келиндер эле эмес, коомчулукка белгилүү кишилердин түгөйлөрү да жабыркап келет.
Быйыл жыл башында интернетте өзүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиевдин жубайымын деп тааныштырган Батма Ормонованын видео кайрылуусу жарыяланган. Ал 38 жыл чогуу жашаган күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн, өмүрү коркунучта экенин айтып, бийликтен жардам сураган. Ал Бердиев өзүнүн үстүнө он жолу аял алганын айткан.
Бул кайрылуудан кийин 11-январда 60 жаштагы экс-депутат кармалып, камалган. Ал алдамчылыкка жана үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталган.
Бул арада президенттин Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Мирбек Мияров "Эки жана андан көп аял алууга" айыпталган. Мияровго каршы жарандык никеде турган аялы Хабиби Уланова арызданып жатат.
Былтыр жыл сонунда Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев президенттин жарлыгы менен кызматтан алынган. Ал кош никесине байланыштуу иштен алынганы айтылып келет.
































