Илон Масктын Starlink долбоору Кыргызстанда сыноодон өтүп жатат

Starlink

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 5 мүнөт

Кыргызстанда америкалык миллиардер Илон Маск негиздеген SpaceX компаниясынын Starlink долбоору жарым жылдан бери пилоттук режимде иштеп жатат. Эгер сыноо этабында өзүн жакшы көрсөтсө, жакынкы айларда расмий түрдө ишке киргизилиши мүмкүн. Спутник интернети Кыргызстандын алыскы, байланыш жетпеген аймактары үчүн абдан пайдалуу экени айтылууда. Бул тууралуу жакында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да SpaceX компаниясынын өкүлү менен Вашингтондо жолукканда сөз кылды. Деген менен дүйнөдөгү геосаясий жагдайдан улам Масктын спутник интернетине нааразы болгондор дагы жок эмес. Кыргызстан үчүн Starlink долбоору канчалык зарыл? Ал жергиликтүү интернет тармагына кандай таасир этиши мүмкүн?

Соңку жылдары коомдук сайттарда Starlink жабдыктарын сатуу жана ижарага берүү тууралуу жарнамалар байма-бай жарыялана баштады.

Мындай аракеттер Кыргызстанда спутник интернети эми гана сыноодон өтүп жатса, адамдар бул кызматты кайдан алып колдонуп жатышат деген суроону жаратууда.

Би-Би-Си дал ушундай кызмат көрсөткөн кишилердин бири менен байланышып, алар кандай жол менен иш алып барып жатканын сурады.

"Эгер сиздерге Starlink интернети керек болсо, 2-3 күндүн ичинде орнотуп, активдештирип беребиз. Жалпы наркы 75 миң сом болот. Ага бардык комплект кирет. Андан тышкары айлык тарифти да төлөп туруш керек болот. Тарифтер ар түрдүү. 50 доллардан 300 долларга чейин. Эң көп колдонулганы 110 долларлык тариф. Бул интернетке кошулган соң аны дүйнөнүн каалаган жеринде колдоносуз. Кереги жок учурда 500 сом төлөп убактылуу өчүрүп койсоңуз да болот. Керек болгондо кайра кошуп аласыз. Ижарага алсаңыз, суткасына 2 миң 500 сом. Минималдуу мөөнөт 5 күн. Көп күнгө алсаңыз арзандатабыз. Жабдыктарды АКШдан түз алабыз. Ал жакта биз менен иштешкен адамдар бар. Расмий сайттан буйрутма берсеңиз деле болот, бирок көп адамдар катталуу жана жол-жоболорун жакшы билбегендиктен бизге кайрылышат. Жаз-жай мезгили сезон. Туристтер көп келет, алар сатып же ижарага алышат",- деди өзүн Аман деп тааныштырган адам.

Анын айтымында, өткөн жылы алардан 100гө жакын кардар Starlink жабдыктарын сатып алган. Андан тышкары, ижарага алгандардын саны да арбын болгон. Быйыл болсо бир эле айдын ичинде онго жакын жабдык саткан.

Расмий ишин баштай элек

Нурадил Баясов, "ЭлКат" компаниясынын жетекчиси

Сүрөттүн булагы, Facebook

"ЭлКат" компаниясынын жетекчиси Нурадил Баясовдун айтымында, Starlink спутник интернети азырынча Кыргызстанда расмий түрдө ишке кире элек.

Учурда өлкөдө Starlink'ти расмий каттоодон өтүп, колдонгон абоненттер да жок. Бирок айрым топтор бул кызматты бейрасмий түрдө колдонуп жатышы мүмкүн деди ал.

Белгилей кетсек, "ЭлКат" компаниясы Кыргызстанда Starlink долбоорун ишке киргизүүдө SpaceX компаниясынын негизги өнөктөшү катары иш алып барууда.

"Учурда алар ар бир аймакта пилоттук режимде изилдөө иштерин гана жүргүзүп жатышат. Коммерциялык түрдө расмий кардарлар азырынча жок. Алар алыскы аймактарга барып, жабдыктарды орнотуп, интернеттин ылдамдыгын жана сапатын текшерүүдө. Кайсы жерде байланыш жакшы, кайсы жерде начар, кандай иштеп жатат анализ кылышууда. Мындан тышкары, техникалык кемчиликтер, керектөөчүлөрдүн талаптары да изилденүүдө",- деп кошумчалады ал.

Кыргызстандын кызыгуусу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

SpaceX компаниясы Кыргызстанга спутник интернетин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду даярдоо иштерин 2021-жылдан тарта баштаган. Ошол эле жылы Кыргызстанда Starlink KG деген филиалын каттаган.

2024-жылдан баштап бул багытта активдүү сүйлөшүүлөр жүрө баштаган. 2025-жылдын 3-октябрында президент Садыр Жапаров "Геостационардык эмес спутник системаларын пайдалануу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Бул документтен кийин расмий Бишкек спутник интернетин өлкөгө алып келүү аракетин ыкчамдаткан.

Жарлыкта пилоттук долбоорду ишке ашырууга 2025-жылдын 6-октябрынан 2026-жылдын 5-октябрына чейин мөөнөт берилген.

Пилоттук долбоорго спутник аркылуу интернет кызматын көрсөткөн бардык эл аралык операторлордун катышуусуна мүмкүнчүлүк берилген.

Бирок жарлык жарыялангандан кийин бул долбоорго кызыгуусун билдирип, арыз берген жалгыз АКШнын SpaceX компаниясы болгон.

"Жарлыктын негизинде аларга убактылуу иштөөгө уруксат бергенбиз. Жай айларында пилоттук долбоордон жыйынтык чыгарып, тиешелүү отчётторду бере баштайбыз деп ойлойм",- деди Санарип министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары Азамат Асанов Би-Би-Сиге.

Тиешелүү министрликтин маалыматына караганда, пилоттук долбоордун алкагында SpaceX компаниясы Кыргызстанга 4 млн 400 миң сом төлөгөн.

Компания сыноону ийгиликтүү аяктап, расмий ишин баштагандан кийин эсеп-кысап маселеси жана иштөө шарттары так аныкталат.

Компания ишин кыргыз мыйзамдарынын негизинде жүргүзөт. Коопсуздук маселеси Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жөнгө салынат.

Кыргызстан үчүн канчалык зарыл?

Тоолуу аймак

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Расмий маалыматтар боюнча өлкөдөгү калктуу конуштардын 98 пайызы була-оптикалык байланыш жана мобилдик интернет менен камсыздалган. Мындан улам жалпы рынокто спутник интернетине болгон суроо-талап жогору деп айтууга болбойт.

Бирок байланыш жетпеген алыскы, тоолуу аймактар үчүн спутник интернети маанилүү бойдон калууда. Нурадил Баясов белгилегендей, эгер Starlink долбоору толук кандуу ишке кирсе, ал биринчи кезекте интернет жетпеген аймактардагы чек ара, бажы кызматтары сыяктуу мамлекеттик түзүмдөр үчүн пайдалуу болот.

"Чек арага жакын жайгашкан айылдар толук интернет менен камсыздалат. Спутник интернети туризмди өнүктүрүүгө да оң таасирин тийгизет. Кыргызстанда кооз, бирок байланыш жок жерлер абдан көп. Ошол аймактарга туристтерди тартууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле билим берүү, медицина, телекоммуникация тармагын жана бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы шарттарды түзөт. Starlink болобу же башка аналогдор болобу, учурда Кыргызстан спутник интернетин киргизүүнү каалаган бардык тараптар менен иш жүргүзүүгө жана аларга шарт түзүп берүүгө даяр"- деди ал.

Кандай тобокелдиктер бар?

Салават Ормошов, Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Салават Ормошов, Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору

Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Салават Ормошов спутник интернети жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканы менен, аны рынокко киргизүүдө тең салмактуу саясат жана так жөнгө салуу механизмдери зарыл экенин айтат.

"Дүйнөгө белгилүү ири компания болобу же жергиликтүү оператор болобу барына бирдей талаптар жана шарттар түзүлгөндө гана ички рынокто жакшы атаандаштык болот. Дагы бир жагдай, Кыргызстанда интернет баасы дүйнө өлкөлөрүнө салыштырмалуу арзан. Тарифтер болсо компаниялардын чыгымына жараша аныкталат. Ар бир технологиянын чыгымы азайган сайын, баа жагынан коркунуч жаралышы мүмкүн. Бул жерде мамлекеттин ролу абдан чоң. Ошону эске алып, мамлекет ички рынокту жана жергиликтүү операторлорду коргогонго аракет кылышы керек",- деди ал.

Бирок учурда классикалык интернет менен салыштырганда спутник интернетинин жабдуулары кымбатыраак, абоненттик төлөмдөрү да жогору.

"Бул жерде аба ырайына тийиштүү дагы маселе бар. Мисалы, кар же жамгыр жааганда спутник интернетинин ылдамдыгы төмөндөшү мүмкүн. Ага ачык асман жана ылайыктуу шарттар керек. Ошондо гана спутник аркылуу берилген интернет сапаттуу иштейт",- деди ал.

Коопсуздук маселеси

2026-жылдын 6-февралында Кыргызстанда жаңы Санарип кодекси күчүнө кирген. Анда байланыш операторлору кандай шартта иш алып барары, кандай мүмкүнчүлүктөрү жана милдеттери бар экени так жазылган.

Адистердин айтымында, эң негизги коопсуздук маселеси персоналдык маалыматтардын сыртка чыгып кетпеши.

"Учурда интернеттеги контент жана маалымат агымы тыкыр көзөмөлдөнөт. Мисалы, терроризм же башка кооптуу маалыматтарды чектөө багытында ар бир компания өз деңгээлинде иш жүргүзөт, контентти фильтрация кылат. Мындайча айтканда чыпкалайт. Демек, мамлекет тарабынан спутник аркылуу келген интернетти көзөмөлдөөдө биринчи кезекте контентке көңүл бурулат. Экинчиден, жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетпеши үчүн катуу көзөмөл болот. Геосаясий жана башка факторлорду эске алуу менен биз өз ишмердүүлүгүбүздө сапаттуу, жеткиликтүү жана чыпкаланган таза контентти камсыз кылууга аракет кылабыз",- деди Нурадил Баясов.

Санарип министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда спутник интернети негизги байланыш булагы боло албайт. Ал кошумча кызмат катары гана каралат. Эгер кандайдыр бир себептер менен өчүп калса, өлкөдөгү байланыш мурдагыдай эле иштей берет.

"Бул жергиликтүү байланыш операторлоруна олуттуу таасир этпейт. Эгер SpaceX расмий түрдө ишин баштап, бирок кандайдыр бир негизде мыйзам бузса, аны көзөмөлдөөгө кыргыз бийлигинин мүмкүнчүлүгү жетет. Эгер спутник интернетин сунуштаган башка өлкөлөрдүн операторлору кайрылса, алар менен да кызматташууга даярбыз",- деди Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары Азамат Асанов.

Ошондой эле ал алдын ала жүргүзүлгөн анализдерге таянып, бул долбоор ишке кирген күндө да абоненттердин саны көп болбой турганын белгиледи. Анын баамында, колдонуучулардын саны эң көп дегенде 5-6 миңдин тегерегинде болушу мүмкүн.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан Starlink долбоорун сыноодон өткөргөн алгачкы өлкөлөрдүн бири.

Адистердин айтымында, SpaceX компаниясынын спутниктен сигнал кабыл алуучу региондогу негизги станциясы да Казакстанда жайгашкан.