Кыргызстандык ишкерлер да жабыркады. Украина Wildberries кампаларына эмнеге сокку урууда?

SOCIAL MEDIA

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, SOCIAL MEDIA
Published
Окуу убактысы: 5 мүнөт

Орусиянын бир катар шаарындагы Wildberries маркетплейсинин кампалары дрон чабуулуна кабылып, андан мигранттар да жабыркап, борбор азиялык ишкерлер миллиондогон чыгымга учурады. Украин тарап бул кампаларга эмне үчүн сокку урулуп жатканын түшүндүрүп, маркетплейсте кош багыттагы товарлар сатыларын жана бул орус экономикасына жасалган сокку экенин билдирди.

Борбор Азиядан барган мигранттар көп иштеген Орусиянын Электросталь жана Котовск шаарларында жайгашкан Wildberries'тин кампасы 18-июлда дрон чабуулуна кабылган.

Би-Би-Си Электросталдагы кампада иштеген кыргызстандык мигрант менен байланышты.

"Биринчи дрон 9-10-блокко түштү. Түшкөндө эле адамдарды эвакуация кылып дарбаза аркылуу сыртка чыгарып башташты. Кийинүүчү бөлмө аркылуу чыгарбады. Ал жакка өзгөчө кырдаал учурунда кирүүгө тыюу салынат. Чоң жүк ташуучу унаалар токтогон дарбаза аркылуу адамдарды эвакуация кылышты. Ошондуктан кийинүүчү бөлмөдө буюмдарыбыз калып кетти. Телефондор, паспорттор, документтер, сумкалар баары калып кетти. Кайра артка киргизген жок элдерди. Жетишкени чыгып калды. Ичинде канчасы калып кетти азырынча белгисиз", - деди кыргыз жигити.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Котовск шаарында 7 адам, Электросталь шаарында 1 адам каза болгон. Ал эми жабыркагандар 80 адамга жеткен.

Тышкы иштер министрлиги 21 жаштагы Кыргызстандын бир жараны жеңил жаракат алып, ооруканага жаткырылгандыгын билдирди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине эвакуацияланып чыгууга үлгүргөн, бирок документтеринен жана жеке буюмдарынан жоготкон Кыргызстандын эки жараны кайрылган. Элчиликтен билдиргендей, аларга Кыргызстанга кайтуу күбөлүгү таризделип берилген.

Чабуулдун эртеси Wildberries менен иштешкендер, анын ичинде борбор азиялык ишкерлер кампа күйүп, миллиондогон каражат чыгым болушканын айтып жатышты.

"Бир күндө эле 10 миллон сомдук товарың күйүп кетсе, өтө жаман нерсе экен. "Эгер дрон түшсө, кенемте төлөнбөйт" деп ачык эле жазыптыр келишимге. Товарларыбыздын 40% ошол Электросталдагы кампага түшүрчүбүз", - деди кыргызстандык ишкер Айгерим.

Электросталь шаарындагы Wildberries кампаларына урулган дрон соккулары бир катар ишкерлерди жана мигранттарды чочулатууда.

"Баары коркуп калган. Кетишибиз керек деп жатат. Билеттер кымбат. Азыр таксилер менен сүйлөшөйүн десем таксилер да табылбай жатат. Билеттер өтө кымбаттап кетиптир. Менин кайын сидим, төрт баласы, күйөө бала, кайним бар, дагы бир кайним аялы менен бар. Такси таппай жатабыз. Күтүлбөгөн жерден дрон түшкөндө шок болуп калат экенсиң. Кыргызстанга барып эми өзүбүздүн кесип менен иштейбиз эми", - деди дагы бир атын атагысы келбеген кыргызстандык.

"Wildberries менен иштөөнүн келечеги өтө тумандуу"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Екатеринбургдук ишкер жана үч баланын энеси Елена (аты өзгөртүлдү) Wildberries аркылуу өспүрүмдөр кийимдерин сатат. Бизнес дагы сезондук — жаз жана күз. Учурда алар күз мезгилине даярдык көрүү үчүн кампаларга жаңы товарларды жөнөтүп жатышат. 17-июль күнү түштөн кийин алар жаңы товардын бир бөлүгүн Котовск шаарындагы кампага түшүрүшкөн. Еленанын айтымында, ошол эле кампада, ошондой эле Электросталь шаарында өткөн сезондон калган товардын калдыктары - 600 чамалуу даана сакталып турган.

"Алдын ала эсептөөлөр боюнча чыгым 1,4 миллион рублди түзөт", - дейт ал.

Еленанын айтымында, ал бул бизнести 2021-жылдан бери жүргүзүп келе жатат, бирок ал киреше бере баштаганына эки жылдай гана болду: айына ал ага миллионго жакын рубль киреше алып келет, дейт ал. Товарды түздөн-түз Wildberries аркылуу гана сатат, жана азыр бул бизнес анын жалгыз киреше булагы болуп саналат.

"Азыр мен калдыктарды сатып түгөтүүнү пландап жатам, ала турган башка жерим жок, анткени башка аянтчаларда жокмун", - дейт Елена жана түзүлгөн кырдаалда товар жеткирүүнү бир нече жумага токто турууну чечкенин кошумчалайт.

"Бирок ВБде (Wildberries — Би-Би-Си) иштөөнүн келечеги өтө тумандуу, - дейт ал. - Учурда менин корум уланып жаткан чыгымдарды көтөрүүгө жетүүдө, бирок дагы кол салуулар болсо, мен чыдабай калышым мүмкүн. Товарларыбызды отко таштоо коркунучтуу болуп калды".

"Соот кийимдер, дрон компоненттери да сатылат"

Wildberries - бул кийимден тартып тиричилик техникасына чейинки товарлардын кеңири ассортиментин сунуштаган орусиялык ири онлайн-дүкөн жана маркетплейс. Ал кардарларга интернет аркылуу товарларды буйрутма кылып, аларды ыңгайлуу жайгашкан пункттардан тез арада алып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал Орусиядан тышкары бир катар өлкөлөрдө иштейт.

20-июлга караган түнү Wildberries'тин Подольск шаарындагы кампасына да дрон чабуулу болгондугу маалым болду.

Эмне үчүн Украина Wildberries'ке сокку урууда? Би-Би-Синин Орус кызматынын экономикалык редактору Ольга Шамина түшүндүрөт.

"Эмне үчүн Украина Wildberries кампаларына сокку урууда? Украина бийлиги муну Wildberries'те кош багыттагы товарлар жана фронтто колдонууга мүмкүн болгон ар кандай буюмдар сатылганы менен түшүндүрөт. Жана бул чынында эле ошондой. Эгер издөөгө жазсак, ал жерден соот кийимдерди да, дрондордун айрым компоненттерин да, дагы башка көптөгөн нерселерди табабыз. Бул чынында эле баары сатыла турган жана ал жерде эмне сатылып жатканын Wildberries өзү ар дайым эле жакшы көзөмөлдөй бербеген ушундай ири маркетплейс экенин түшүнүү керек. Бул биринчиси. Экинчиден, бул ошондой эле Орусиянын экономикалык инфраструктурасына жасалган сокку. Биз муну башка тармактардан да көрүп жатабыз. Мисалы, күйүүчү май инфраструктурасына жасалган соккулар. Бул дагы экономикалык инфраструктура. Жана бул ар бир орусиялык согушту өз башынан көбүрөөк сезүүсүнө алып келет. Андан тышкары, бул зыян тартып жаткан бизнеске жасалган сокку. Кандай болбосун, биз бизнесмендер кризисти жеңүү канчалык кыйын экенине даттанып жаткан рилстерди көрүп жатабыз. Жана бул орун алганда, компаниялардын кирешелүүлүгүнө да,бюджетке түшкөн чегерүүлөргө да таасирин тийгизет. Ал эми бюджет көптөн бери эң жакшы абалда эмес. Натыйжада, экономикалык инфраструктурага сокку уруу менен Украина экономикадагы бузулууларга жана ал жердеги көйгөйлөрдүн курчушуна жарым-жартылай алып келүүдө. Жана бул бюджеттин кирешеси кыскарышына, ал эми согуш бюджеттен каржыланарына алып келет", - дейт Ольга Шамина.

Wildberries'теги миллиондогон товарлардын арасынан бронежилеттерди, FPV-дрондор үчүн запастык бөлүктөрдү да оңой табууга болот.

Сүрөттүн булагы, Wildberries.ru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Wildberries'теги миллиондогон товарлардын арасынан бронежилеттерди, FPV-дрондор үчүн запастык бөлүктөрдү да оңой табууга болот.

Украинанын президенти Владимир Зеленский ишемби күнү Киевдин Орусияга каршы "алыскы аралыктагы санкцияларынын" алкагында украин күчтөрү Москва жана Тамбов облустарындагы эки "ири" логистикалык обьектиге сокку урганын билдирген.

"Агрессор аларды дрондорду жана навигациялык жабдууларды өндүрүү үчүн санкцияга кабылган компоненттерди жеткирүүдө колдонгон", - деп жазды Зеленский социалдык тармактагы билдирүүсүндө, ошондой эле мунай объектиси да бутага алынганын кошумчалады. Украинанын президенти бул украиналык жарандык инфраструктурага жасалган чабуулдарга жооп баса белгилеген.

Кенемте төлөнөбү?

Wildberries

Сүрөттүн булагы, Wildberries

Wildberries тарабынан жабыркаган сатуучулар үчүн учурда жарыяланган колдоо чаралары жоголгон товардын ордун толтуруп берүүнү карабайт.

Wildberries маркетплейсинин негиздөөчүсү Татьяна Ким 19-июлда товар жеткирилген күндөн тартып 45 күндүн ичинде айрым складдарда товарларды сактоого арзандатууларды, ошондой эле аймактык складдарга транзиттик жеткирүүлөргө 100 пайыздык арзандатуу берилерин жарыялады. Кийинчерээк ал аларды WB Банктын колдоо чаралары, анын ичинде чакан жана орто бизнес үчүн карызды төлөөнү алты айга чейин кийинtирүү менен толуктады.

Ким билдирүүлөрүнүн биринде ошондой эле "сатуучуларды колдоо механизми" үстүндө иш уланып жатканын, бирок төлөмдөрдүн көлөмүн аныктоо үчүн кесепеттерге баа берүү керек экенин белгилеген - Ким мунун баары 30 күнгө чейин убакыт аларын эсептейт.

Компания жалпысынан логистикалык тармак кадимки режимде иштешин улантып жатканын билдирди.

Июлдун башында Wildberries сатуучуларга берген кепилдиктер тизмесин өзгөртүп, өзүн "форс-мажордук жагдайлардын" натыйжасында бузулган товарлар үчүн жоопкерчиликтен бошоткон. Буларга компания дрондордун соккуларын, ошондой эле аскердик техника келтирген ар кандай кыйроолорду киргизген. Орусиянын башка ири маркетплейси - Ozon да ушундай эле кадамга барды.

"Биздин бардык өнөктөштөрүбүздү биздин объектилерде сакталган товарлар үчүн компенсация маселеси тынчсыздандырат, - деп жазды Татьяна Ким телеграмдагы өз билдирүүсүндө. - Өзгөчө кырдаалга жана жоголгон товардын ордун толтуруу милдети жок экенине карабастан, биз сатуучуларга төлөнүүчү каражаттардын көлөмүн жана каржылык колдоонун башка чараларын азыр эле иштеп чыгуудабыз".

Ленинград облусунун Шушары айылындагы кампала болгон мурдагы ири өрт компанияга дээрлик 35 миллиард рублга турганы айтылган. Ошондо Ким Wildberries сатуучуларга жоголгон товарлардын наркынын 95 пайызын кайтарып бергенин билдирген. Чындыгында, 2024-жылдын январь айындагы Шушарыдагы өрт аскердик аракеттерден эмес, өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу менен түшүндүрүлгөн эле.

Электросталь шаарында борбордун курулушу башталган 2022-жылы анын аянты 250 миң чарчы метрди түзүп, ал жерден 25 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болору кабарланган. Тамбов облусундагы кампанын курулушу өткөн жылы аяктап, анын аянты 108 миң чарчы метрди түзгөн. Курулуштун жыйынтыгы боюнча таратылган маалыматта кампада 22 миллион бирдиктеги ар түрдүү товар сакталып, анын 650 миңи күн сайын Орусия боюнча сатып алуучуларга жөнөтүлүп турары маалымдалган.