"Түндүктүн" маалыматын кайдан алды?" Орунбековдун талкуу жараткан тизмеси жана билдирүүсү

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун саясатчылардын, активисттердин, укук коргоочулардын жана журналисттердин тизмесин жана маалыматтарын жарыялап жазган билдирүүсү талкуу жаратты. Орунбековду сындагандар ал "Түндүк" порталындагы жашыруун сакталат делген сүрөт-маалыматтарды колдонгон деп күнөөлөп жатышат. Орунбековдун эскертүүсү жерди чет элдик инвесторлорго убактылуу берүү маселеси боюнча социалдык тармактардагы талкуулар күчөгөн кезде айтылган. Орунбеков жеке маалыматтарды жарыялады деген дооматтарга үн ката элек.
"Жеке маалыматтар Орунбековдун колуна кантип тийип калды?"
Дайыр Орунбековдун тизмесине кирген адвокат Асел Аргымбаева буга чейин айтылып жаткан темада эч кандай пост же билдирүү жасабаганын айтып, бул боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрыларын айтты.
"Алгач Башкы прокуратура бул боюнча текшерүү жүргүзсүн. Менин жеке маалыматтарым кантип Орунбековдун колуна тийип калды? Мындан сырткары, мен ал айткан чет элдиктер тууралуу өзүмдүн баракчамда эч нерсе жазбайм, мен адвокат катары өзүмдүн жумушума байланыштуу иштер тууралуу гана жазам. Бул тизмеге менин кирип калуумду мен жактоочу катары ишиме басым деп баалайм", – деди Асел Аргымбаева.

Орунбеков жарыялаган тизмедеги дагы бир адвокат Нурбек Токтакунов бул боюнча президент же башка жооптуу адамдар түшүндүрмө бериши керек деп эсептейт.
"Бул жакта жеке маалыматтар да бар, бул жакта коркутуу да бар. Мындай сөздөн кийин Башкы прокуратура ишти дароо козгошу керек болчу. Баары ойлойт да: "бул президенттен келген коркутуу" деп. Мүмкүн президент жөн эле тапшырма берген, а Орунбеков аны өзүнүн деңгээлине жараша туура эмес түшүнүп, ушундай пост жазып салды. Мен кечке чейин күтүп жатам. Мүмкүн президент болобу же Орунбеков өзүбү, бир билдирүү жасасын, анткени коом сурап жаткандан кийин жооп бериш керек да", - деди Токтакунов.
"Түндүк" - бул Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын электрондук маалымат базаларын бириктирген санариптик платформа. Андагы маалыматтардын коопсуздугу жана купуялуулугу мамлекеттик деңгээлде катуу коргоого алынган.
Орунбеков эскерткен постун оңдогон
20-июлда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жалган маалымат таратып, "улут аралык кастыкты козуткандарга" катуу чара көрүлөрүн билдирген. Ал бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына жазып, бир топ адамдын сүрөтү жана туулган күнү сыяктуу жеке маалыматтар камтылган пост жарыялаган.

"Президент болом дегенде түшүнө акталган таруу кирген саясатчылар бар. Алар өздөрүнүн фейктери аркылуу бийликти жамандап, «кытай басып кетти", "жерлер сатылып жатат", "тышкы карыз көбөйүп кетти» деген сыяктуу дооматтарды соцсеттер аркылуу таратып келишкен. Буга чейин Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана НПОчулардын фейктери таратып келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевтин командасынын фейктери кошулду. Эми эртең ушуларды аныктап, кармап барып камап коюшса, эне аталары жана бир туугандары «балабызды жөн эле камап коюшту, кызыбызды жөн эле сурака чакырды»,-деп наалып чыгасыңар. Ошондуктан азыртадан токтобосоңор жакын арада башчыларыңар менен кошо камаласыңар", - деп жазган Дайырбек Орунбеков. Бирок кийин Камчыбек Ташиевдин аты жана ал туралуу сүрөт посттон алынып калган.
Юрист Орунбековго суроо салды:
Юрист Гүлшайыр Абдирасулова Конституция ар бир адамдын жеке жашоого болгон укугун кепилдей турганын жана жеке адамдар жөнүндө купуя маалыматты мыйзамсыз чогултууга, сактоого, колдонууга жана таратууга тыюу саларын эске салып, тиешеси бар мекемелерден жооп күтөрүн жазды.
"Мен Дайырбек Орунбековго, Президенттин администрациясына же башка адамдарга бул сүрөттү алууга, берүүгө жана коомчулукка жарыялоого макулдук берген эмесмин. Дайырбек Орунбеков коллажды жеке өзү жарыялагандыктан, менин суроолорум биринчи кезекте ага багытталган. Ал сүрөттү кайдан алганын, маалыматты ким бергенин жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу контекстинде аны кандай юридикалык негизде жарыялоону чечкенин түшүндүрүшү керек".
"Түндүк" кимге карайт?
"Түндүк" мамлекеттик мекемеси Санариптик өнүктүрүү министрлигине карайт. Аталган министрлик болсо, быйыл май айында Каныбек Туманбаев башкарган Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Кыргызстандагы Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттик жаралган кырдаал боюнча маалыматы бар экендигин, бул боюнча расмий жооп даярдалып жатканын Би-Би-Сиге айтты.
"Соцтармактарда жеке маалыматтардын тарап кеткени такыр туура эмес. Бизге бул боюнча жарандар дагы арыз менен кайрылып жатышат. Андыктан биз бул суроолорду ич ара талкуулап жатабыз. Расмий жоопту жакын арада беребиз. Кандай болгон учурда дагы биз жарандардын жеке маалыматтарын коргоону карманабыз", - деди мекемеден.
"Тизмеге эмне себептен кирип калдым?"
Дайырбек Орунбеков өзү же Президенттик администрация "Түндүктөгү" купуя маалыматтар жаряланды делген дооматтар боюнча үн ката элек. Орунбеков жарыялаган тизмеге журналист жана подкастчы Айбек Теңизбай да кирип калган.

Сүрөттүн булагы, facebook
"Мен чынын айтсам, бул тизмеге эмне себептен кирип калганымды түшүнө албай жатам. Жалпы жазгандарымды анализ кылсам деле, андай өңүттө эч нерсе деле жок. Мүмкүн акыркы подкастым себеп болдубу деп ойлоп койдум. Анда талдоочу Венера Сайпидин менен Кытай тууралуу подкаст тарткам. Бирок ал жакта деле жалпы максат Кытайды таануу болчу. Анда деле эч кандай сын - пикир айтылган эмес, конструктивдүү эле аналитикалык подкаст болгон. Президенттин расмий маалыматтык саясатын жүргүзгөн адам ушундай маңызда маалымат чыгаргандыгы чоң суроо жаратып коет экен", - деди ал.
Тизмедеги дагы бир укук коргоочу, "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова буларга токтолду:

"Эч кандай сотсуз, эч кандай аналитикасыз ушинтип элди жамандап, активисттерди кандайдыр бир тизмеге кошкон туура эмес деп эсептейм. Өзүнүн оюн эркин айткан, сындаган адамдарга карата бийликтин мындай тизме түзүп, жоопко тартабыз дегени мыйзамга да туура келбейт. Биз мыйзамдуулукту, акыйкаттуулукту жана адам укуктарын сактаган жарандарбыз".
Дайырбек Орунбековдун талаштуу билдирүүсү жерди чет элдик инвесторлорго убактылуу берүү маселеси боюнча социалдык тармактардагы талкуулар күчөгөн кезде айтылган.
Президент инвесторлор боюнча дагы бир түшүндүрмө берди
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
21-июлда президент Садыр Жапаров Фейсбукка пост жарыялап, аталган маселе боюнча кайрадан түшүндүрмө берди.
"Ошондуктан завод, фабрика жана башка инвестициялык объектилерди куруу үчүн берилген жерлер өлкөбүздүн жалпы аймагынын 0.1 пайызына жетпеген жерлерди кара пиар кылып, "Кыргызстандын жерин сатып жатышат" деп элди дүрбөлөңгө салбагыла. Биз жерлерибизди сатпайбыз. Бирок инвестициясыз мамлекетти өнүктүрө албайбыз. Мына ушуну эстен чыгарбагыла. Биздин максат - жерлерди Кыргызстанга пайда алып келгендей иштетүү. Завод курулса - элибиз иштейт. Логистикалык борбор курулса - ишкерлерибиз товарын экспорттойт. Туристтик объектилер курулса - аймак өнүгөт. Электр станциялары курулса - өлкөбүз электр энергиясы менен камсыз болот. Мыйзамды сактап, Кыргызстанга капитал, технология, өндүрүш жана жумуш орундарын алып келген инвесторлорго эшигибиз ачык болушу керек. Ошондуктан бул маселеде элдин сезими менен ойноп, ар бир инвестициялык долбоорду "жер сатылып жатат" деп манипуляция кылууну токтоткула! Кыргызстандын бир сантиметр дагы жери башка мамлекетке өтпөйт. Бирок Кыргызстандын ар бир метри элибиздин бакубат жашоосу жана мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн иштеши керек. Ушул жерден бул маселе боюнча чекит коёлу. Бизге бүгүн куру дүрбөлөң эмес, заводдор, жумуш орундары, инвестиция жана күчтүү экономика керек", - деди Садыр Жапаров.

Сүрөттүн булагы, officcial
Кыргызстанда соңку күндөрү жерди узак мөөнөттө чет өлкөлүктөргө берүү жана кытай жарандарына байланышкан темалар көп талкууланууда.
17-июлда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде да Жер кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу түшүндүрмө берген.
14-июлда Министрлер кабинети "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Документ 24-июлга чейин коомдук талкууда болот.
































