"Кытай темасы": Орунбековдун эскертүүсү, активисттердин жообу

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргыз бийлиги социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандарга каршы катуу чара көрүлөрүн эскертти. Президенттин администрациясынын өкүлү Дайырбек Орунбеков "кытай басып кетти" жана "жер сатылууда" деген сыяктуу тараган маалыматтар үчүн саясатчыларды, активисттерди күнөөлөдү. Бул билдирүү өлкөдө жер маселеси жана чет элдик инвестициялар боюнча кызуу талкуулар жүрүп жаткан учурга туш келди.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда жалган маалымат таратып, коомчулукту козуткандарга катуу чаралар көрүлөрүн билдирди.
"Президент болом дегенде түшүнө акталган таруу кирген саясатчылар бар. Алар өздөрүнүн фейктери аркылуу бийликти жамандап, «кытай басып кетти", "жерлер сатылып жатат", "тышкы карыз көбөйүп кетти» деген сыяктуу дооматтарды соцсеттер аркылуу таратып келишкен. Буга чейин Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана НПОчулардын фейктери таратып келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевтин командасынын фейктери кошулду. Эми эртең ушуларды аныктап, кармап барып камап коюшса, эне аталары жана бир туугандары «балабызды жөн эле камап коюшту, кызыбызды жөн эле сурака чакырды»,-деп наалып чыгасыңар. Ошондуктан азыртадан токтобосоңор жакын арада башчыларыңар менен кошо камаласынар. Жогорудагы темалар боюнча таратып жаткан маалыматынар суу кечпейт. Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар. Токтоткула ушагыңарды. Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салыныш керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акылары менен жөлөк пулдары жогору өлкөдө жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз", - деп жазды Орунбеков 20-июлда өзүнүн Фейсбук баракчасына.
Ошондой эле ал саясатчылардын тарапкерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер жана фейк аккаунтар деп, ондогон адамдын сүрөтүн жарыялады.
Ал кошумчалгандай, учурда Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактардагы шектүү аккаунттарды жана алардын байланыштарын аныктоо иштерин жүргүзүүдө.
Орунбеков атын атаган саясатчылар же сүрөтүн чыгарган адамдардын айрымдары бул боюнча пикирлерин билдиришүүдө.
Коомдук ишмер, акын жана адабиятчы Олжобай Шакир Орунбековдун постуна пикирин жазып. суроо салган: "Дайырбек үкам, мен пробацияга чыккан эки жылдан бери адабий ишмердиктен башка эмне активдүүлүк көрсөттүм?! Тизмеге мени иле кеткениң кандай?!"
Ошондой эле юрист, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Дайырбек Орунбековдун постуна пикир калтырды:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Дайырбек мырза, сизден мындай сөздөрдү окуу өзгөчө таң калыштуу. Бир кезде өзүңүз журналисттик макалаңыз үчүн кылмыш ишине кабылып, сотторго барып, миллиондогон доолорго туш болуп, муну сөз эркиндигине басым деп айтып жүргөнсүз. Бүгүн болсо ошол эле ыкмаларды башкаларга карата колдоп, "жакында камаласыңар" деп эскертип жатасыз. Эгерде чындап эле каралоо максатында, ар-намыс, беделине тийген сөздөр болсо, мыйзамга жараша жарандык-укуктук тартипте, доо-арыз аркылуу жоопко тартылат, жалган маалымат үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинде да жоопкерчилик каралган. Баарын эле, суйлөп койду, жазып койду деп шатырата камай берген болобу? Бир кезде эркин журналисттин "камаласыңар" деп коркутканын кандай түшүнсө болот?".
Ал эми УКМКнын мурдагы башчысы, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Орунбековдун билдирүүсүндө "күнөөсүздүк презумпциясы принцибин сактоо жагынан суроолор жаралганын" айтты.
"Иш жүзүндө анда тиешелүү процессуалдык чечимдер кабыл алынганга жана соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин эле келечектеги камоолор жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу ырастоолор камтылган. Укуктук мамлекетте адамдын күнөөлүүлүгү кызмат адамдарынын ачык билдирүүлөрү менен эмес, сот отурумунда изилденген далилдердин негизинде сот тарабынан гана аныкталат. Мындай билдирүүлөр коомдук аң-сезимде соттук териштирүү аяктай электе эле белгилүү бир адамдар тобун күнөөлүү катары көрсөтүү пикирин калыптандырат, бул күнөөсүздүк презумпциясы жана адилет сот адилеттиги принциптерине шайкеш келбейт. Мындан тышкары, билдирүүдөгү келечектеги камоолор тууралуу эскертүүлөр өз пикирин билдирген адамдарга карата коркутуп-үркүтүү катары кабыл алынышы мүмкүн", - деди Икрамидин Айткулов.
Кыргызстанда соңку күндөрү жерди узак мөөнөттө чет өлкөлүктөргө берүү жана кытай жарандарына байланышкан темалар көп талкууланууда.
17-июлда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Жер кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу түшүндүрмө берген.
Мамлекет башчысы чет өлкөлүк жарандарга жана компанияларга мамлекеттин жери менчикке берилбей турганын, алар белгилүү мөөнөткө ижара укугун гана ала аларын айтты. Анын айтымында, инвестициялык долбоорлор боюнча келишимдер катуу көзөмөлдөнүп, милдеттенмелер аткарылбаса, жер мамлекетке кайтарылат.
Президент бул маселени "жаңы мыйзам чыгып, эми жер чет элдиктерге берилип жатат" деп түшүндүрүү туура эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, чет элдик инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү механизми Кыргызстанда мурда эле колдонулуп келген.
"Биринчиден, бул жерде эң негизги нерсени так түшүнүп алышыбыз керек. Чет элдик инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү бүгүн эле пайда болгон жаңы норма эмес. Бул механизм Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келет. Азыркы өзгөртүүлөрдүн максаты аны заман талабына ылайык тактап, көзөмөлдү күчөтүү жана инвестордун жоопкерчилигин дагы да жогорулатуу болуп саналат. Муну ар бирибиз эле жакшы билебиз. Бишкектеги "Vefa Center", "Beta Stores" сыяктуу инвестициялык долбоорлор дагы дал ушундай узак мөөнөттүү ижара механизминин негизинде ишке ашкан. Алар бүгүн мамлекеттин мыйзамынан тышкары өз алдынча жашап жаткан жери жок. Тескерисинче, миңдеген жарандар иштеп, жүздөгөн ишкерлер бизнес жүргүзүп, мамлекетке туруктуу салык төлөп жатышат. Имаратын көтөрүп кетишкен жок. Көтөрүп кете да албайт", - деген Жапаров.
Ошондой эле Садыр Жапаров чек арага жакын аймактардагы жана айыл чарба багытындагы жерлер чет өлкөлүк жарандарга берилбей турганын билдирди. Чет элдик инвестициялар негизинен өндүрүш, энергетика, туризм жана инфраструктуралык долбоорлорго багытталат.
Президент өлкөдө мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандарга карата чаралар күчөтүлгөнүн да айтты. Анын маалыматына ылайык, акыркы айларда 3 миңге жакын чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан чыгарылган, жакынкы убакта дагы 100гө чукул адам депортацияланат.
Жапаров коомчулукта чет өлкөлүк жарандардын жүрүм-турумуна байланыштуу айтылып жаткан сындар эске алынып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары эмгек миграциясынын көбөйүшүнө байланыштуу көзөмөл жана алдын алуу иштерин күчөтүүдө.
Президент Кыргызстанга иштөө үчүн келген чет өлкөлүк жарандар мыйзамды, коомдук тартипти жана өлкөнүн талаптарын сакташы керек экенин айтып, мыйзам бузгандарга улутуна карабай бирдей чара көрүлөрүн кошумчалады.
Анын айтымында, чет өлкөлүк жумушчулар Кыргызстанга туруктуу жашап калуу үчүн эмес, конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келишет. Долбоор аяктагандан кийин алар өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш.
Соңку жылдары кытай жарандары өлкөгө көп келе баштаганы айтылып жүрөт. Статистикага кайрылсак, 2026-жылы Кыргызстан 61 миң жумушчу визасын берген, алардын 60% кытай жарандары алган.
"Жумуш визаларынын 60 пайызга жакыны Кытай жарандарына берилген. Алар негизинен ири инфраструктуралык жана мамлекеттик долбоорлордо иштөө үчүн тартылган", - деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу.
Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу саясий, экономикалык жана инфраструктуралык багыттарда улам кеңейип баратканы менен, коомдогу пикирлер эки ача. Айрымдар муну экономикалык көз карандылыктын тобокелдиги катары көрсө, башкалары муну тарыхый факторлор жана маалыматтык таасир менен түшүндүрүшөт.





























