Улуу Британиянын жаңы премьер-министри Энди Бернем өкмөттү түздү. Тышкы иштер министрлигин Эд Милибэнд жетектейт

Энди Бернем

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Энди Бернем
    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Си
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Улуу Британиянын жаңы премьер-министри Энди Бернем дүйшөмбү күнү кызматына киришип, өз кабинетин түзө баштады.

Финансы министри болуп бир ай мурун армияны жана флоту каржылоонун жетишсиздигине нааразылык билдирип коргоо министрлигинен отставкага кеткен Жон Хили дайындалды. 2010–2015-жылдары Лейбористтик партиянын лидери болгон Эд Милибэнд тышкы иштер министри болуп дайындалды.

Ички иштер министрлигинин башчысы болуп 2025-жылдан бери бул кызматты ээлеп келе жаткан Шабана Махмуд калат. Буга чейин ТИМди жетектеген Иветт Купер саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Мурдагы саламаттык сактоо министри Уэс Стритинг коргоо министри болуп дайындалды.

Премьер-министр Бернем телефон аркылуу сүйлөшкөн биринчи чет өлкөлүк лидерлер АКШнын президенти Дональд Трамп, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен болушту.

Бернем менен падыша Чарльздын жолугушуусу

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы премьер-министр Энди Бернем менен падыша Чарльздын жолугушуусу

Дүйшөмбү күнү падыша Чарльз Энди Бернемге британ өкмөтүн түзүүнү расмий түрдө тапшырды.

Ал падыша Чарльз менен жолугушкандан кийин Даунинг-стриттеги резиденциянын алдында алгачкы кайрылуусун жасады.

Улуу Манчестердин мурдагы мэри, 56 жаштагы саясатчы өткөн жума күнү Лейбористтер партиясынын лидери болуп тандалган. Ал отставкага кеткен Кир Стармердин ордуна келди.

Акыркы бир нече жумадан бери Улуу Британиянын кийинки премьер-министри Бернем болору белгилүү болсо да, ал бул кызматка расмий түрдө дүйшөмбү күнү падыша менен жолугушкандан кийин гана киришти.

Бернем кызматка киришкен учур менен катар анын журналисттер менен маеги да жарыяланды. Бул маек падыша менен жолугушууга чейин жаздырылган. Анда Бернем биринчи кезекте АКШнын президенти Дональд Трампка жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийге телефон чаларын, ошондой эле Лондон Киевди Стармердин өкмөтү кандай колдосо, ошондой эле колдоону улантарын айткан.

"Бул менин алгачкы телефон чалууларым болот. Мен бүгүн президент Зеленскийге эч нерсе өзгөрбөгөнүн так айтам. Мен аны жүз пайыз колдойм. Кир Стармер кандай колдогон болсо, мен да ошондой колдойм", — деди жаңы премьер-министр. "Кирдин аракеттери эң мыкты болду. Ал Украинаны колдоп гана тим болбостон, жеке өзү да активдүү катышты. Мен да дал ошондой мамилени улантам".

Бернем Манчестердин мэри болуп турганда Украинанын шаар жетекчилери менен тыгыз иштешкенин айтып, бул тажрыйбасын жаңы кызматында пайдаланууну көздөөрүн белгиледи.

Бийлик кандай алмашты?

Бийликти өткөрүп берүүнүн акыркы этабы Кир Стармердин Даунинг-стриттеги коштошуу кайрылуусу менен башталды.

Андан соң ал падыша Чарльз III менен жолугушуу үчүн Букингем сарайына барып, кызматтан кетүү тууралуу арызын расмий түрдө тапшырды. Падыша анын кызматтан кетүү өтүнүчүн кабыл алды.

Премьер-министр катары жасаган акыркы кайрылуусунда Стармер Энди Бернемди толугу менен колдой турганын билдирди.

"Биздин баалуулуктарыбыздан улам бизди бөлүп-жаруу үчүн душмандарыбыз эч нерседен кайра тартпаган дүйнөдө жашап жатабыз", — деди Стармер.

Ал ошондой эле Лондон Украинаны колдоону улантарын өзгөчө белгиледи.

"Мен кызматтан жакшы маанай менен кетип жатам. Жылмаюу менен кетип жатам жана жетишкен иштерибиз менен сыймыктануу сезими менен кетип жатам", - деди эми мурдагы премьер-министр.

Кир Стармер Даунинг-стритте

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кир Стармер

Андан соң падыша Чарльз менен болгон жолугушууда Энди Бернем өкмөттү жетектөөгө макулдугун берип, Улуу Британиянын 59 - премьер-министри болду.

Букингем сарайынан кийин ал Даунинг-стритке барып, өкмөт башчысы катары алгачкы кайрылуусун жасады.

Кайрылуусунда Бернем өкмөтүнүн ишиндеги негизги артыкчылыктарды белгиледи.

Тактап айтканда, ал Улуу Британияда премьер-министрлер бат-бат алмашканына байланыштуу көйгөйдү «өтө жакшы түшүнөрүн» айтты. Бернем акыркы он жыл ичинде өлкөнүн жетинчи премьер-министри, ал эми акыркы төрт жылдагы бешинчи өкмөт башчысы болду.

"Британия дүйнөгө кайрадан туруктуу өлкө боло аларыбызды көрсөтүшү керек", — деди Бернем.

Энди Бернемдин Даунинг-стрит кайрылуусу

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Энди Бернемдин Даунинг-стрит кайрылуусу

Өз кайрылуусунда Бернэм ошондой эле британ саясатына туруктуулук менен жоопкерчилик көбүрөөк керек экенин белгиледи.

Ал азыркы учурду "терең ой жүгүртүүнүн жана чечкиндүүлүктүн мезгили" деп атап, өлкө өзүнүн алдында турган маселелерди чынчылдык менен моюнга алышы керектигин айтты.

Бернэмдин айтымында, саясий туруктуулук адамдардын жашоосунда реалдуу оң өзгөрүүлөрдү алып келиши керек. Анын ичинде кымбатчылыктан улам жаралган кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө жардам бериши зарыл.

Энди Бернем ким?

Энди Бернем Лондондогу Грин-паркта чуркап баратат

Сүрөттүн булагы, Tayfun Salci

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Энди Бернем Лондондогу Грин-паркта чуркап баратат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ливерпулда төрөлгөн Энди Бернем жаштайынан музыка менен футболду жакшы көрчү.

Ал 31 жашында биринчи жолу парламенттин депутаты болуп шайланып, Лейбористтик партиянын өкмөтүндө министр болуп иштеген.

2010-жылы алгачкы жолу партия лидерлигине ат салышкан, бирок жеңилип калган.

Беш жылдан кийин кайрадан аракет кылып, бирок анда Жереми Корбинден оозуп өтө алган эмес.

2017-жылы парламенттеги мандатын тапшырып, Улуу Манчестердин мэри болуп шайланган.

Пандемия учурунда Консерваторлор партия кураган өкмөттү кескин сынга алып, анын таасири жана популярдуулугу кыйла өскөн.

Энди Бернем үстүбүздөгү жылы июнда өткөн эрте шайлоодо кайрадан парламент депутаты болууга жетишти.

Парламентке аттануу Лейбористтер партиясынын лидери болуу үчүн зарыл талап эле. Бул анын өкмөттү жетектеши үчүн акыркы баскыч болчу.

Британияда буга чейинки премьер-министр Кир Стармердин отставкага кетишине жазында өткөн жергиликтүү шайлоолордогу лейбористтердин начар көрсөткүчү сыяктуу бир нече маселелер себеп болду.