Садыр Жапаров жерди чет элдик инвесторлорго убактылуу берүү маселеси боюнча дагы түшүндүрмө берди

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 21-июлда коомчулукта кызуу талкуу жараткан жер маселеси, тышкы карыз, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, туризм жана энергетика тармактары боюнча кайрадан үн катты. Ал жер маселеси боюнча өткөн жумада эле атайын маек куруп, түшүндүрмө берген. Бул жолу ага дагы кененирек токтолгон.
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, кошуна мамлекеттер менен чек ара такталгандан кийин Кыргызстандын аянты 15 миң 572 гектарга кеңейип, бүгүнкү күндө 20 миллион 9 миң 572 гектарды түзөт. Анын 94,4 пайызы тоолуу аймактарга туура келет.
"Өлкөбүздө жалпы 6 миллион 732 миң гектар айыл чарба жери бар. Анын 1 миллион 82 миң гектарын элибиз жеке менчикте айыл чарба багытында пайдаланат. Жалпы республика боюнча ар кандай багыттагы 18 миллион 698 миң гектар жер мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турат. Анын 18 миллион 639 миң гектары мамлекеттик, 59 миң гектары муниципалдык менчиктеги жерлер. Ал эми бүгүн инвестициялык долбоорлор үчүн 1992-жылдан берки мыйзамдын алкагында пайдаланууга берилген жерлердин жалпы аянты өлкөбүздүн аймагынын 0,1 пайызынан ашпайт! 1 пайыз дагы эмес, 0.1 пайыздан ашпайт!" деген президент Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүндө.
Инвестициясыз мамлекетти өнүктүрө албайбыз деген Жапаров "Кыргызстандын жерин сатып жатышат" деп элди дүрбөлөңгө салбоого чакырган.
Ишканалар мамлекетке салык төлөп, экономикабызга кызмат кылыш керек эле.
"Тескерисинче, жерлерди 49 жылга ижарага алып алышып, бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе курбай пайдалануу укугун колдон колго сатып же жерди башка багытка буруп колдонгондор көп болуп чыкканын акыркы беш жылда аныктадык. Ошондуктан ушундай жерлерди жөнгө салуу үчүн бул мыйзамды кайра карап чыгуу сунушталып жатат. Биринчиден, жерди кайсы багытка алса ошол багытта колдонсун. Экинчиден, 49 жылга алган жерди 36 жыл бою эч нерсе курбастан кармап жатпасын же экинчи жактарга сатпасын. Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин тез аткарууга, белгиленген мөөнөттө объектти курууга, инвестиция салууга жана жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү. Милдеттенмесин аткарбаса, келишим токтотулуп, жер мамлекетке кайтарылып, тез кура турган инвесторго берилет. Ошондуктан завод, фабрика жана башка инвестициялык объектилерди куруу үчүн берилген жерлер өлкөбүздүн жалпы аймагынын 0.1 пайызына жетпеген жерлерди кара пиар кылып, "Кыргызстандын жерин сатып жатышат" деп элди дүрбөлөңгө салбагыла. Биз жерлерибизди сатпайбыз. Бирок инвестициясыз мамлекетти өнүктүрө албайбыз. Мына ушуну эстен чыгарбагыла. Биздин максат - жерлерди Кыргызстанга пайда алып келгендей иштетүү. Завод курулса - элибиз иштейт. Логистикалык борбор курулса - ишкерлерибиз товарын экспорттойт. Туристтик объектилер курулса - аймак өнүгөт. Электр станциялары курулса - өлкөбүз электр энергиясы менен камсыз болот. Мыйзамды сактап, Кыргызстанга капитал, технология, өндүрүш жана жумуш орундарын алып келген инвесторлорго эшигибиз ачык болушу керек. Ошондуктан бул маселеде элдин сезими менен ойноп, ар бир инвестициялык долбоорду "жер сатылып жатат" деп манипуляция кылууну токтоткула!" - деди Садыр Жапаров.
Тышкы карыз, энергетика жана темир жол
Өлкөнүн тышкы карызы боюнча маалымат берип жатып, президент мурдагы жылдарга салыштырмалуу оң тенденция байкалганын, бүгүнкү күндө жалпы карыз ИДПнын 39 пайызын түзөрүн, бул санды келечекте эң көп болсо 50 пайыздан ашырбашыбыз керек деген тапшырманы өкмөттүн алдына койгонун белгилеген.
Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбооруна да токтолгон. Ал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстанды туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айландырарын, бул долбоор өлкөгө түбөлүктүү киреше булагын алып келип, экинчи "Кумтөргө" тете боло турганы белгилеген.
Президенттин айтымында, туристтердин агымы акыркы жылдары кескин көбөйгөн. Эгер 2020–2021-жылдары өлкөгө 2–3 миллион турист келсе, бүгүн алардын саны 13 миллионго жетти. Бул көрсөткүч ИДПнын өсүшүнө 4–5 пайыз кошумча болору белгиленген.
Энергетика тармагындагы көйгөйлөргө токтолгон президент соңку беш жылда 50гө жакын чакан жана орто ГЭСтер ишке берилгенине токтолуп, дагы ошончосу курулуп жатканына карабай, өлкөдө электр энергиясына болгон талап күн сайын өсүп жатканын айткан.
Энергетика тармагындагы маалыматтардын ачыктыгын камсыз кылуу максатында энергетика министри күн сайын коомчулукка кеңири маалымат берип турарын кошумчалаган.
Инвесторлорго жер ижарага берүү маселеси: коомдук талкуулар
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда соңку күндөрү жерди узак мөөнөттө чет өлкөлүктөргө берүү жана кытай жарандарына байланышкан темалар көп талкууланууда.
17-июлда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Жер кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу түшүндүрмө берген.
14-июлда Министрлер кабинети "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Документ 24-июлга чейин коомдук талкууда болот.
Токтомдун 55-пункту ушундай редакция менен толуктоо сунушталган:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимин (тапшырмасын) аткаруу максатында улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында капиталдык объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүк жактарга, 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде акы төлөнүүчү мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга" берүү каралсын.
































