"Миллиондор жок болду": Wildberries'тен жабыркаган кыргызстандык ишкерлер

Wildberries интернет-дүкөнүнүн кампаларындагы жардыруудан кийин товарларынын дайынын таппай, миллиондогон сом чыгымга учураган кыргызстандык ишкерлер ондоп саналат. Алардын айрымдары үстүндөгү үйүн күрөөгө коюп насыя алып товарга салса, башкалары туугандарынын акчасын кошуп бизнесин жүргүзүп жаткан.
30 жылдан бери тигүү тармагында эмгектенип келген Сыргак Асанбеков мындай аргасыз абалга биринчи жолу туш болгонун айтат. Азыр ал соңку үч айда тигип, Орусияга жиберген беш миңден ашык спорт костюмдарынын дайынын таппай отурат.
"Ошол 5 миңден ашык костюмдун өздүк наркы эле 100 миң доллардан ашып кетет. Жумушчулардын айлыгы, фурнитура, логистика баарын эсептегенде кабинеттеги баасы 25 миллион сом болуп көрүнүп турат. Бирок азыр товардын 20 пайызы эле бар, калганы жок. Өрттөнүп кеткенби же жокпу, бизге белгисиз. Кыргызстанда туруп Wildberriesке кайрыла турган деле мүмкүнчүлүгүбүз жок",- деди ал.

Асанбековдун айтымында, соңку жылдары кыргызстандык көпчүлүк тигүүчүлөр товарларын маркетплейстер аркылуу сата башташкан. Кампалардагы кырсыктан кийин Орусиянын катуу талаптарынан улам буга чейин эле кыйынчылыкка туш болгон тигүү ишканаларынын каржылык абалы дагы оорлоду.
"Учурда биздин запастагы акчабыз түгөнүп, абдан чоң кассалык ажырым болуп жатат. Мындай көйгөй акыркы 15-20 жылда болгон эмес. Менин айына 6 миң доллар төлөй турган кредитим бар. Жумушчулар окладда иштейт, алардын маянасын кечиктире албайбыз. Алар да үй-бүлөсүн багуу үчүн Египеттен, Индиядан келип иштеп жатышат. Эми Wildberries биздин чыгымдарды кайтарып берет деп деле үмүттөнгөн жокпуз. Өкмөт бизге жардам кылып, насыянын пайызын азайтып берсе жакшы болмок. Азыр биз 17-18 пайыз менен алып жатабыз, бул өтө чоң. 20-30 миллион сом насыя алсаң, пайызы кыйла жогору болуп кетет. Азыркы жагдайды эске алуу менен жок дегенде доллардын курсу менен 8 пайыздык насыя берилип, банктардагы иштер тездетилсе чоң жардам болмок",- деди ишкер.
"Абалыбыз абдан оор болуп турат"

Кампалардагы өрттөн кийин жаш ишкер Мээримди эң көп түйшөлткөн маселе, товарлары менен бирге анын карыздары. Ал өнөктөштөрү менен чогуу эсептегенде, чыгым 60 миллион сомдон ашканын айтат.
"Биз инвесторлор менен иштечүбүз. Алардын акчасын кайтарышыбыз керек. Ошону кантип төлөйбүз деген маселе жүрөгүбүздү өйүп жатат. Компанияны эске албаганда, жеке өзүбүздүн чыгымыбызды 20-30 миллион сом деп эсептеп жатабыз. Бул жол кире жана башка чыгымдарды кошпогондогу өздүк наркы. Wildberries да бизге азырынча так маалымат бере элек. Канча товар күйдү, канчасы калды, белгисиз. Азырынча абал кандай болот деп күтүп турабыз. Биздин мойнубузда 35 адамдын жоопкерчилиги бар. Биз аларды расмий түрдө Кыргызстанга иш менен камсыздайбыз деп алып келгенбиз. Каалайбызбы же каалабайбызбы, айлыгын төлөшүбүз керек. Эгер Wildberries акчаны кайтарып бербесе, товар да күйдү, карыз да калды. Абалыбыз өтө оор. Мамлекет жок дегенде 1-2 жыл субсидия берсе, ошол убакытта чыгашабызды жаап кетмекпиз",-деди өндүрүүчү Мээрим Талантбекова.
Учурда тигүү цехтеринин заманасы куурулуп, айласы түгөнүп турган чак. Wildberries кеткен чыгымды толук кайтарып берет деген үмүт ишкерлерде аз. Ошондуктан алар азыр кыргыз бийлигинен жардам күтүп турушат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Биз үчүн бул күтүүсүз болду. Бир эле кампа күйүп кетсе да мейли дейт элек, бир нечеси күйүп жатпайбы. Азыркы кырдаалда Wildberries акчабызды кайтарып берет деген ишеним аз. Айрым ишкерлер цехтерин жаап, айрымдары товарын арзан баада сатууга аргасыз болуп жатышат. Анткени баарыбыздын мойнубузда карыз бар. Бул товарлардын көбү насыяга алынган каражаттардын эсебинен чыгарылган. Азыр биз күтүп турабыз, абал кайсы жакка өзгөрөт деп. Бирок жакшы жагына өзгөрөт деген ишеним аз. Былтыр күзүндө чек ара жабылып, айрым селлерлер банкрот болуп, цехтер жабылган. Ошол кыйынчылыктан чыга баштаганда жайкы сезон болбой калды. Эми күзгө даярданып жатканда товарларыбыз күйүп кетти. Азыр баарыбыз туңгуюукта турабыз",- деп кейиди Мээрим Талантбекова.
Анын айтымында, Wildberries онлайн маркетинде кыргызстандык сатуучулар үчүн дагы бир көйгөй, атаандаштык шарттарынын бирдей эместиги.
"Wildberries ишканасынан болсо башка кампаларга кирүүгө мүмкүнчүлүк беришин суранып жатабыз. Себеби тигилип бүткөн товарлар кармалып жатат. Эгер быйыл күздө сатып жетишпесек, дагы бир жылга кампада калып кетет",- деди ишкер.
Убактылуу салыктан бошотулду

Ал арада мамлекеттик салык кызматы тигүү цехтери 2027-жылга чейин бирдиктүү салык төлөмүнөн бошотулганын маалымдады. Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы болсо тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте маселени чечүү жолун караштырып жатканын айтты.
"Бир ишкер атасынын үйүн күрөөгө коюп товарга салган. Дагы бири батир алабыз деп чогулткан акчасын салып койгон. Азыр ошол ишкерлердин баары оор абалда. Эң аз деген чыгымы 500 миң сомдон, 100 миллион сомго чейин жетет. Учурда кыргыз бийлиги дагы Wildberries өкүлчүлүгү жана Орусиянын тиешелүү органдары менен тыгыз байланышта иштеп жатат",- деди Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы Дилорамкан Дүйшөбаева Би-Би-Сиге.
28-июлда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Wildberries компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, тигүү жана жеңил өнөр жай ассоциацияларынын, селлерлердин жана жүк ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда өрттөн жабыркаган товарлар үчүн компенсация төлөө, логистиканы калыбына келтирүү, селлерлерди колдоо жана Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында Wildberries компаниясы тармактык ассоциациялар менен биргеликте Орусиядагы кампаларында товарлары жабыркаган кыргызстандык селлерлерге жардам берүү үчүн координациялык штаб түзгөнү маалымдалды.
Штаб жабыркаган ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, компенсация алуу, төлөмдөрдү жүргүзүү жана сакталып калган товарларды кампалардан чыгаруу маселелери боюнча иш алып барат.
Ошондой эле Wildberries компаниясы жабыркаган селлерлерге алгачкы жарым-жартылай компенсациялар төлөнө баштаганын билдирди.
Расмий эмес маалыматтар боюнча, учурда Wildberries платформасында болжол менен 29 миңдей кыргызстандык сатуучу бар. Учурда канча ишкер жабыркаганы жана жалпы чыгымдын көлөмү боюнча маалыматтар такталып жатат.
































