BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Прокурорлор Ташиев баштаган сегиз кишини 9 жылдан эркинен ажыратууну сурады
Прокурорлор соттон Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамдын ар бирин тогуз жылга эркинен ажыратууну сурады. Адвокат Чолпон Жакыпбекованын журналисттерге айтканына караганда, бул тууралуу прокурорлор Бишкек шаардык сотунда жарыш сөз учурунда билдирген. Ошондой эле мамлекеттик айыптоочулар алардын үй мүлкүн конфискациялоону да сурашкан.
Өзбекстан эмне үчүн Кытайдын согуштук учактарын тандады?
Өзбекстан Кытайда чыгарылган "Чэнду-10" же J-10CE деп аталган кыйратуучу учактарды алгач ирет коомчулукка көрсөттү. Өзбекстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Коргоо министрлиги жарыялаган видео "Аба чек араларын заманбап истребителдер кайтарууда" деп аталат. Бирок видеодо учактардын кайсы үлгүдө экени айтылган эмес.
Зеленский жана Трамптын өкүлдөрү Киевдеги жолугушууда тынчтык боюнча "жаңы идеялар" бар экенин билдиришти
Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Жаред Кушнер жана Стивен Уиткофф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуудан кийинки маалымат жыйында алар согушту токтотуунун жолдору боюнча кандайдыр бир "жаңы идеяларды" алып келгенин билдиришти. Бирок ал идеялар так эмне экенин ачыкташкан жок.
Нурлан Тургунбек уулу: "Ырыс Ордонун" ачылышына расмий чакыруу менен бардык
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан Нурлан Тургунбек уулу "Ырыс-Ордо" конгресс борборунун ачылышына чакырылышы, сот иши тууралуу Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди. Ал сот адилет чечим чыгарышы керектигин билдирип, президент менен кызматтан кеткенден кийин жолукпаганын айтты. 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "75чилердин катына" байланышкан кезектеги сот отуруму өтүп жатат.
Украинадагы согуш: Путинге жаңы мобилизация керекпи?
Батыштын медиасында Владимир Путин Украинага каршы согуштук аракеттерди күчөтүүгө багыт алганы тууралуу макалалар барган сайын көбөйүүдө. Атап айтканда, согушка дагы 300 миңден жарым миллионго чейин жоокер керектиги айтылууда. Ошол эле маалда бул макалалардын авторлору да, Украинанын президенти Владимир Зеленский да орус бийлиги муну мобилизациялоону жарыялабастан жасагысы келип жатканын ырасташууда.
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
Ташиев кеткенден кийин Кыргызстанда сын айткандарга басым азайдыбы? IPHR уюмунун жаңы баяндамасы
Кыргызстанда бийликти сындаган журналисттерге, блогерлерге, активисттерге карата куугунтук уланып жатат. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча өнөктөштүк уюмунун (IPHR) жаңы баяндамасында айтылат. Баяндамада өлкөдөгү сөз эркиндиги, жарандык коом жана тынч жыйындарга байланыштуу абалга баа берилген.
"Супер-Эль-Ниньо": БУУ аптаптуу ысык жана жаңы табигый кырсыктар болорун эскертти
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнө "аба ырайынын өзгөчө кубулуштары күчөгөн кооптуу мезгилге" киргенин билдирди. Анын айтымында, буга "Эль-Ниньо" кубулушу жана анын таасири себеп болууда. Анын кесепеттери азыр дүйнөнүн бардык аймактарында сезилип жатат.
Изсиз жоголгондор. Согуштун төрт жылында мобилизациялангандарга эмне болду?
Орусиянын 20 миңден ашуун мобилизацияланган жараны Украинага толук масштабдуу басып кирүү учурунда каза болгон. Муну Би-Би-Си жана "Медиазона" басылмасы ыктыярчылар тобу менен биргеликте ачык булактардан топтогон маалыматтардын негизинде аныктады.
"75чилердин иши". Ташиев суралды, Зулушев көрсөтмө берүүдө
Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "бийликти күч менен басып алууга" айыпталган саясатчылар көрсөтмө берип жатышат. Би-Би-Синин соттогу кабарчысы билдиргендей, мурдагы депутат Аалы Карашев көрсөтмө берди, азыр мурдагы депутат Курманкул Зулушев суралып жатат.
Вэнс: АКШ Ирандагы үйлөнүү үлпөтүнө ракета тийгени жөнүндө билдирүүнү иликтөөдө
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Ирандын түштүгүндөгү үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан жерге жасалган соккудан кеминде төрт адам, анын ичинде эки бала каза болгону тууралуу билдирүүлөрдү америкалык аскерлер иликтеп жатканын айтты.
"Катка бильярд ойноп жүргөндө кол койгонбуз". Рыскулов, Ашыралиев сотко күбө катары чакырылды
Бүгүн, 3-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "бийликти күч менен басып алууга" айыпталган сегиз саясатчынын соту уланууда. Күбө катары чакырылгандардын арасында Эл акыны Акбар Рыскулов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кемел Ашыралиев бар.
Германияда диверсиялар күчөгөн соң Евробиримдик менен НАТО Орусияга басымды күчөтүүгө убада берди
НАТОнун жана Еврокомиссиянын жетекчилери Орусиянын аракеттери барган сайын кооптуу жана ойлонулбай жасалган мүнөзгө ээ болуп жатканын айтып, Европада калыптанып жаткан "жаңы кырдаалга" жооп кайтарууга даяр экенин билдиришти. Мындай билдирүү өткөн айда Лейпциг аэропортуна дрон менен чабуул жасоо аракети үчүн Германия Орусияны айыптагандан бир күн өткөндөн кийин айтылды.
Зеленский "Орусиянын асманы жабыларын" эскертти, Путин муну террорчулук деп баалады
1-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аба мейкиндигинде коопсуз аймактар калбаганын билдирди. Орусиянын президенти Владимир Путин муну "мамлекеттик террорчулук тууралуу билдирүү" деп атап, фронттун сызыгы боюнча өз көз карашын кайрадан кайталап, алдыдагы мобилизация тууралуу имиштерди кескин четке какты.
АКШ Иранга сокку урду. Иран Ирак менен Иорданиядагы америкалык базаларга чабуул жасады
Иран АКШнын Ирак, Иордания, Бахрейн жана Кувейттеги аскердик базаларына сокку урду. АКШ аскерлери андан мурдараак, тактап айтканда шейшемби күнү Иранга чабуул жасаган.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.












































