Непалда жана Тибетте суу ташкыны болду: 160тан ашуун адам каза таап, 550 турист дайынсыз

Сүрөттүн булагы, Prakash MATHEMA / AFP via Getty Images
Непалда Кытай менен чек арага жакын жерде сел жүрүп, суу ташкыны болду. 27-августтагы эртең мененки маалымат боюнча, Непалдын бийликтери кеминде 162 адам каза болгонун билдирди. Жүздөгөн адам, анын ичинде 500гө жакын чет элдик жаран дайынсыз болууда. Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары 550дөн ашуун адам дайынсыз экенин, алардын 260ы чет элдик жарандар экенин кабарлады. Катуу суу ташкынына тоо дарыясына түшүп кеткен ири муз бөлүгү себеп болушу мүмкүн.
Непал менен Кытайдын чек арасында алааматтуу суу ташкыны болгондон бир сутка өткөндөн кийин Непалдын полициясы 162 адамдын сөөгү табылганын билдирди. Бейшемби күнү эртең менен таратылган полициянын билдирүүсүнө ылайык, алардын 64үнүн сөөгү Читван районундагы агымдын төмөн жагындагы аймактардан, дагы 26 адамдын сөөгү Чыгыш Навалпарасиден табылган.
Дайынсыз болуп жаткан жүздөгөн адамдын арасында 28 полиция кызматкери бар.

Сүрөттүн булагы, Reuters
26-августта түштөн кийин, кырсыктан бир нече саат өткөн соң, Непалдын полициясы 579 турист дайынсыз болуп жатканын билдирген. Алардын 466сы 28 өлкөнүн жарандары. Дайынсыз болгондордун арасында Непалдын 100дөн ашуун жараны, ошондой эле Индиянын да ушунча жараны, АКШнын 54 жана Британиянын 33 жараны бар.
Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарынын 27-август күнү эртең менен берген маалыматына караганда, Тибетте кеминде үч адам каза болуп, 550дөн ашуун адам дайынсыз болууда. Алардын арасында 260 чет элдик жаран бар.
Алардын баары суу ташкыны болгон учурда Кытай менен Непалдын ортосундагы туристтер жана транспорт үчүн негизги чек ара өткөрмө пункту болгон Гьиронг аймагында болушкан.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги Непалда кеминде 53 украиналык турист дайынсыз болуп жатканын билдирди.
"Тышкы иштер министрлигине бүгүн эртең менен табигый кырсык болгон аймакта Украинанын 46 жаранынан турган туристтик топ менен байланыш үзүлгөнү тууралуу кайрылуу келип түштү", - деп билдирди тышкы саясат мекемеси Би-Би-Синин украин кызматына. "Непалдын Туристтик полициясынын маалыматына ылайык, учурда кырсыктын кесепетинен Украинанын 53 жараны дайынсыз болуп эсептелүүдө".
Ошол эле учурда Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун же жабыркагандардын арасында украиналыктар бар экендиги тууралуу маалымат жок экенин белгиледи.
Непалдагы Орусиянын элчилигинин өкүлү Ринчен Ракшаев ТАСС агенттигине "кырсык болгон аймакта кеминде төрт орусиялык жаран болгон жана учурда алар менен байланыш үзүлгөнүн" билдирди. "Жабыркаган аймактын бардык жеринде издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат. Аба ырайынын шарттары жана байланыштагы үзгүлтүктөр бул иштерди жүргүзүүнү кыйындатууда", - деди Ракшаев.
Эмне үчүн ал жерде туристтер мынчалык көп болгон?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Орусиянын туроператорлор ассоциациясынын маалыматына караганда, табигый кырсык болгон аймак уюштурулган туристтик сапарлар үчүн анчейин популярдуу эмес. Бирок жылдын ушул мезгилинде Непалда буддист жана индуист зыяратчылар өзгөчө көп болот.
Би-Би-Синин Делидеги кабарчысы Апарна Аллуринин түшүндүрмөсүндөй, кырсык болгон аймакта индуисттер, буддисттер жана жайнисттер ыйык деп эсептеген эки зыярат жайы бар. Алардын бири - Кытайдын Тибеттеги тарабында, Кайлас тоосунун жанындагы Мансаровар көлү, экинчиси - Непалдагы Расува аймагындагы Госайкунда көлү.
Жыл сайын Непал аркылуу Мансаровар көлүнө он миңдеген турист барып, жөө да жетет.
Мансаровар көлүнө баруу, ошондой эле Госайкунда көлүнө түшүү салты дал ушул мезгилде өзгөчө кеңири тараган.
Туристтик Alpine Kailash Trek компаниясынын директору Прадип Пандит Би-Би-Синин кабарчысына билдиргендей, Кайлас тоосуна жөө баруучу маршрут дал ушул учурда - жакшылыктын белгиси деп эсептелген ай толгон маалда өзгөчө популярдуу.

Сүрөттүн булагы, Prabin RANABHAT / AFP via Getty Images
Дайынсыз болгондордун окуялары
"Бул бизди көздөй түз эле келе жаткан эбегейсиз чоң ылай агымы болчу. Бизге жакындаган сайын улам бийиктей берди. Ал биздин үйгө кирип кеткенин көргөндө, аялымдын колун кармап, террасага алып чыгууга аракет кылдым. Бирок аны ылай агымы агызып кетти", - деди 68 жаштагы Кешав Прасад Барал Reuters агенттигине. Ал кырсыктан бир нече саат өткөндөн кийин үйүнүн чатырынан эвакуацияланып, ооруканага жеткирилген.
Дайынсыз болгондордун арасында Расува аймагындагы гидроэлектр станциясынын курулушунда иштеген Түштүк Кореянын сегиз жараны бар экенин Yonhap агенттиги кабарлады. Дагы 10 кореялык аймактан чыга албай, куткаруучуларды күтүп жатат.
Непалдын борбору Катмандуда жашаган кытайлык ишкер И Лён Би-Би-Сиге анын компаниясына таандык жети контейнер ташуучу унаа суу ташкыны болгон аймакта калганын, кызматкерлери менен байланыш үзүлгөнүн айтты.
Анын айтымында, табигый кырсык тууралуу алдын ала эскертүү болгон эмес. "Бул жерде маал-маалы менен, айрыкча жаанчыл мезгилде, сел жана жер көчкү болот. Бирок бул жолу кыйла олуттуу көрүнөт", - деди ишкер.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Суу ташкынына эмне себеп болду?
Алдын ала маалымат боюнча, күтүүсүз суу ташкынына шаршемби күнү эртең менен, жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 8:37де болгон жер титирөөдөн улам пайда болгон жер көчкү себеп болгон. Бул тууралуу Непалдын тышкы иштер министри Шишир Кханал билдирди. Германиядагы геология илимдерин изилдөө борбору болгон Потсдамдагы Гельмгольц борбору шаршемби күнү эртең менен күчү 4,4 магнитудадагы жер титирөөнү каттаган.
Бирок кийинчерээк АКШнын Геологиялык кызматы сейсмикалык активдүүлүктү узак убакытка жүргүзүлгөн талдоонун негизинде жер титирөө болбогонун, ал эми "сейсмикалык энергия жер көчкүдөн пайда болгонун" билдиргенин AFP жазды.
Непалдын метеорологиялык борборунун өкүлдөрү Би-Би-Синин кабарчысына спутниктен тартылган сүрөттөргө караганда, Тибеттеги тоо чокуларынын биринен мөңгүнүн ири бөлүгү кулап түшүшү мүмкүн экенин билдиришти.
Алардын версиясы боюнча, мунун натыйжасында ылдый карай таштар жана тоо тектеринин бөлүктөрү кулап, сүрүлүүдөн муздун эришине байланыштуу белгилүү бир көлөмдө суу пайда болушу мүмкүн. Андан кийин бул муз жана тоо тектеринин бөлүктөрү Лхенде дарыясынын нугуна тоскоолдук жаратып, дарыя жасалма дамбаны жарып өтүп, жээгинен ашкан. Натыйжада агымдын төмөн жагына ылай менен суунун ири массасы агып кеткен.
Катмандудагы Тоолуу аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун өкүлү Цянгун Чжан жана башка окумуштуулардын пикиринде, суу ташкынына чек аранын Непал тарабындагы Лхенде дарыясына жер көчкүнүн түшүшү түрткү болушу мүмкүн. Борбордун маалыматына караганда, чек аранын Кытай тарабында "эч кандай четтөөлөр" катталган эмес.
Кытайдын мамлекеттик "Синьхуа" маалымат агенттиги да табигый кырсык Непалдагы жер көчкүдөн улам болгонун билдирди.

Сүрөттүн булагы, Reuters






























