Украинадагы согуш: Кривой Рогдогу чабуулда эки адам каза тапты

Украинанын Кривой Рог шаарына жасалган ракеталык жана дрон чабуулдарынан эки адам каза болуп, 58 киши жаракат алды. Бул тууралуу шаардын Коргонуу кеңешинин башчысы Александр Вилкул 21-ноябрда эртең менен билдирди.
20 жаштагы тез жардам кызматкери жана жети жаштагы бала каза болгону ырасталды. Жаракат алгандардын арасында алты бала бар.
28 адам ооруканага жаткырылган. Алардын бешөө - балдар. Ооруканага түшкөн эң кичүү бала үч жашта. 11 адамдын абалы оор экени, бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланууда.
Шаардын борборуна жасалган чабуулдан төрт жерде өрт чыгып, кийин өчүрүлдү. Болжол менен 25 көп кабаттуу үй, оорукана, окуу жайлар жана башка объектилер кыйрады.
Орусиянын Коргоо министрлиги Кривой Рогдогу жылуулук электр станциясына сокку урулганын ырастады. Министрлик бул станция Украинанын аскердик өнөр жай ишканаларын электр энергиясы менен камсыздап келгенин билдирүүдө.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, соңку түнү өлкөнүн 11 облусунун жана аннексияланган Крымдын үстүнөн Украинанын 275 учкучсуз учуучу аппараты атып түшүрүлдү.
Министрликтин билдирүүсүндө дрондор Белгород, Брянск, Воронеж, Калуга, Курск, Ленинград, Новгород, Орёл, Псков, Ростов жана Смоленск облустарынын, ошондой эле Крымдын жана Кара деңиздин үстүнөн жок кылынганы айтылат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин Крым көпүрөсү кыйратыларын түшүнүшү керек деп билдирди.
Ал америкалык NBC телеканалына берген маегинде Крым көпүрөсүнө жасалган чабуул тууралуу суроого жооп берип жатып, Орусия согуш башталгандан бери Украинанын жарандык инфраструктурасына сокку уруп келатканын айтты.
Зеленский быйыл орус күчтөрү Украинанын темир жол тармагына жана көпүрөлөрүнө бир нече жолу чабуул жасаганын айтты. Буга жооп катары Украина да Крым көпүрөсүнө сокку урганын белгиледи.
Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын чабармандары Украинадагы согушту январга чейин токтотуу боюнча макулдашууга жетишүүгө аракет кылып жатышат. Январда Конгресстин эки палатасында тең көзөмөл демократтарга өтөт.































