Трамп Путинди досум дегенден кийин Зеленский аны "канкор" деп атады

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Жессика Лэмб
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамптын Путинди "досум" деп атаганына жооп кылып, Орусиянын лидерин "канкор" деп атады. Трамп бул сөздү Кытайга болгон сапары учурунда айткан эле.
CNN телеканалына берген маегинде Зеленский АКШ президенти Путинди кандай атаарын өзү чечерин айтты. Бирок "биз үчүн ал душман... ал - канкор" деп белгиледи.
Бейшемби күнү Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен үч тараптуу тарыхый жолугушуу алдында Дональд Трамп Путинди "досум" деп атап, экөөнүн көп жылдан бери жакшы мамиледе экенин белгиледи.
Украинанын Днепропетровск облусундагы, президент Владимир Зеленскийдин туулган шаары Кривой Рогго Орусия түн ичинде ракеталар жана дрондор менен чабуул жасады.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, эки адам, анын ичинде жаш бала каза болуп, 52 киши жаракат алды.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Харьков облусунда дагы 11 адам, ал эми түндүк-батышындагы Ровно облусунда бир адам жарадар болду.
Жума күнү Орусиянын Киевдеги көпүрөлөргө жана Украинанын батышындагы темир жол бекеттерине жасаган соккуларынан кеминде тогуз адам каза мерт кетти.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чабуулду быйылкы жылдагы эң ири сокку деп атады. Анын айтымында, Орусия жалпысынан 110 ракета, анын ичинде 27 баллистикалык ракета жана 400дөн ашык дрон колдонду.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул соккулар Украина Крым көпүрөсүнө олуттуу зыян келтиргенден бир нече күн өткөндөн кийин жасалды.
Жума күнү Украинага жасалган чабуулдардан бир нече саат өткөндөн кийин, Дональд Трамп Ак үйдө журналисттерге Владимир Путин "согушту аяктоону абдан каалап жатканын" айтты.
"Экөө тең (Зеленский менен Путин) согушту токтотууну каалашат. Алар менен жакшы мамиледе болгонум жакшы нерсе", - деди Трамп.
Трамп Путинди "досум" деп атаган сөзүн дагы бир жолу кайталады. Бирок Орусиянын президенти АКШнын досу болуп эсептелеби деген суроого жооп бере албасын айтты.
Ал эми Зеленский Трамптын мындай мамилесине карабастан, Путинди "канкор" деп эсептей турганын билдирди.
"Менимче, дүйнөдөгү көпчүлүк адамдар үчүн ал - канкор. Анткени ал адамдарды күн сайын, күнү-түнү өлтүрүп жатат", - деди Зеленский CNN телеканалына берген маегинде.
Ошондой эле Зеленский Путинди "дос" катары атап сүйлөө ага жетиштүү басым көрсөтүлбөй жатканын билдирерин айтты.
Бул билдирүүлөр айтылып жаткан маалда Украинанын коңшусу Польша жума күнү эртең менен өлкөнүн түштүк-чыгышындагы аба мейкиндигин бузган үч объекттин бири Орусиянын канаттуу ракетасы болгонун билдирди.
Польшанын коргоо министри Владислав Косиняк-Камыштын айтымында, ракета Украинанын чек арасынан 50 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Новы-Липовец айылына жакын жердеги талаага түшкөн.
Польшанын бийлигинин маалыматына караганда, ракета түшкөн жерден 100 чакырымдай алыстыкта "Ыктыярдуу коалицияга" кирген 36 өлкөнүн 11инен келген европалык аскерлер машыгуусун аяктап жаткан.
Мындан тышкары, дагы бир канаттуу ракета жана реактивдүү кыймылдаткычы бар дрон башка эки жерге түшкөн болушу мүмкүн экени айтылды.
Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский ишемби күнү Би-Би-Сиге берген маегинде ракеталар атайын башкаруу системасы менен жабдылганын айтты. Ошондуктан алар Украинанын радиоэлектрондук күрөш каражаттарынын таасиринен улам багытынан адашып кетти деген божомол күмөн экенин белгиледи.
"Бул - Европадагы согуш. Ал биздин коопсуздугубузга да таасирин тийгизип жатат", - деди ал Би-Би-синин Radio 4 радиосунун Today программасына берген маегинде.
Министр акыркы айларда Европанын башка өлкөлөрүндө да ушундай окуялар катталганын эске салды.
Окуядан эч ким жабыркаган эмес жана эч кандай кыйроо катталган жок. Бирок Варшава бул окуяны Москванын "чагымчыл аракети" деп атады.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Польшанын аба мейкиндигинин одоно бузулушун айыптап, окуяга жооп катары альянстын аскердик учактары абага көтөрүлгөнүн билдирди.
Орусия тарап бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек. Ракеталар менен дрондор Польшанын аба мейкиндигин бузган учур Украинага жума күнү жасалган ири чабуулга туш келди.
Владимир Путин 2022-жылдын февраль айында Украинага кеңири масштабдагы аскердик басып кирүүнү баштаган.
































