Дүйнөгө белгилүү Фиона аттуу бегемот токулган баш кийимди жутуп алып өлдү

Сүрөттүн булагы, NurPhoto via Getty Images
АКШнын Цинциннати шаарындагы зоопаркта дүйнөгө белгилүү Фиона аттуу бегемот өлдү. Жаныбар зоопаркка келген коноктордун биринин токулган баш кийимин кокусунан жеп алган.
"Силерге бул кайгылуу кабарды терең өкүнүч менен билдиребиз. Мыкты ветеринарларыбыз менен кароолчуларыбыздын бардык аракеттерине карабастан, Фионаны сактап кала алган жокпуз",- деп айтылат зоопарктын бейшемби күнү жарыялаган билдирүүсүндө.
Фиона баш кийимди өлөрүнө он күн калганда жутуп алган. Алгач анын абалы мынчалык оорлошорун эч ким күткөн эмес.
"Биз азыр нес абалдабыз. Мындай болот деп ойлогон эмеспиз. Ал акыркы мүнөтүнө чейин жашоо үчүн күрөштү",- деди зоопарктын директору Дэйв Женайк.
Фиона 2017-жылдын январында туулган. Салмагы болгону 13 килограмм болгон. Бул кадимки бегемоттун баласынын салмагынан үч эсе аз эле.
Зоопарктын кызматкерлери кичинекей Фионанын жашоо үчүн күрөшүн, чоңоюп, сүзүп, ойноп жаткан учурларын социалдык тармактарга үзгүлтүксүз жарыялап турушкан. Натыйжада ал дүйнөгө таанымал бегемотко айланган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Балмуздактын бир түрү анын аты менен аталып, Цинциннатидеги жергиликтүү балет труппасынын аткаруусундагы "Щелкунчик" балетине анын образы киргизилген.
Цинциннати зоопаркынын адистеринин айтымында, мындай жерде багылган бегемоттор адатта 50 жылга чейин жашайт. Ошондуктан Фионанын өлүмү анын жаш курагына салыштырмалуу эрте болду.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Зоопарктын басма сөз катчысы Мишель Кёрли баш кийим Фионанын короосуна кокусунан түшүп кеткенин билдирди. Анын айтымында, зоопаркка келген коноктордун бири баш кийимин өйдө ыргытканда, ал шыптагы желдеткичке тийип, андан ары тосмо менен шыптын ортосундагы кичинекей жылчыктан жаныбардын короосуна түшүп кеткен.
"Аны атайлап ошол жакка ыршытсаң түшпөйт эле",- деди Кёрли.
Окуядан бир нече күн өткөндөн кийин Фионанын табити жоголо баштаган.
Зоопарктын кызматкерлери баш кийим жоон ичеги аркылуу түшөт деген үмүттө аны тамактандырууга аракет кылышкан. Өлөр алдында жасалган УЗИ текшерүүсүндө баш кийим анын ичке ичегисинде экени аныкталган.
Адистердин айтымында, чоң бегемотко операция жасоо мүмкүн эмес болгондуктан, ветеринарлар баш кийим өзү чыгат деп үмүттөнүшкөн. Алар бул процесске жардам берүү үчүн жергиликтүү ат сарайдан атайын титирөөчү платформаны алып келип, Фионаны анын үстүнө тургузушкан.
Цинциннатинин мэри Афтаб Пуревал Фиона шаар үчүн "чыдамкайлыктын жана кубанычтын символу" болгонун белгиледи.
"Аны көргөндө дүйнөнүн булуң-бурчунан келген балдардын, алардын ата-энелеринин жана зоопаркка келген коноктордун жүзүндө жылмаюу пайда болчу. Шаарыбыз бул жоготуудан терең кайгырып турат. Бирок Фиона биздин жашообузда болгону үчүн ага чексиз ыраазыбыз",- деп жазды мэр X социалдык тармагына.





























