Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунан өрт чыкканы айтылууда

Өрт
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Социалдык тармактарда Бишкектеги "Ырыс Ордо" мамлекеттик конгресс-холлунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тарады.

Тараган видеодо имараттын чатырынан түтүн чыгып жатканын көтөрүүгө болот. Окуянын чоо-жайы, имаратта өрт чыккан-чыкпаганы азырынча тактала элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул окуя боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, "Ырыс Ордо" мамлекеттик конгресс-борбору Бишкек шаарында 2026-жылдын 24-августунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда расмий ачылган. Комплекс эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий жолугушууларды жана башка ири иш-чараларды өткөрүү максатында курулган. Анын аймагында борбордук имараттан тышкары расмий делегациялар үчүн сегиз конок үйү жайгашкан.

Жалпы аянты 39 миң чарчы метр болгон имаратта 1238 орундуу конференц-зал, 1000 орундуу банкет залы, жолугушуу жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө ылайыкташтырылган атайын 5 бөлмө жана пресс-борбор бар.

Жыйындар борбору президенттин администрациясы жайгашкан "Ынтымак Ордого" жанаша турат.